Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:51

Берлин-Бишкек: Украинадагы уруш, жарандык коом жана “чет элдик өкүл”


Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Бишкек, Кыргызстан. 22-июн, 2023-жыл.
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Бишкек, Кыргызстан. 22-июн, 2023-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сүйлөшүүсүндө Украинадагы Орусия баштаган согуш жана анын Борбор Азияга таасири башкы тема болду. Штайнмайер Астанадагы сапарынан соң Бишкекке келген.

Мунун алдында Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар немис президентине кайрылып, алардын маселеси боюнча кыргыз бийлигине чакырык жасоону өтүнүшкөн. Ушул тапта Ала-Тоодо коммерциялык эмес бирикмелерди “чет элдик өкүл” деп таануу мыйзамы күн тартибинде турат.

Расмий сапар менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Садыр Жапаровдун 22-июндагы жолугушуусу тиешелүү азем менен коштолду. Резиденцияда эки мамлекеттин гимндери жаңырып, Ардак кароол тизилди. Өлкө жетекчилери бири-биринин делегациялары менен таанышты.

Жабык кездешүү, жарты билдирүү

Андан ары тараптар тар жана кеңири курамда жолугушууларын өткөрүштү. Сөз башында Садыр Жапаров кызматташтыктын 30 жылдык тарыхына токтолуп, Кыргызстан Германия менен ар тараптуу мамилени улантууга кызыкдар экенин айтты.

Франк-Вальтер Штайнмайер “сүйлөшүүнүн көп бөлүгү орус-украин согушу, анын Борбор Азияга жана Европага, анын ичинде Германияга таасири туурасында болот” деп үмүттөнүп жатканын кеп кылды. Ушундан кийин эле жыйын жабык өтөрү жарыяланды. Дээрлик бир жарым саатка созулган жыйындан кийин президенттер биргелешкен билдирүү жасап, журналисттердин бирден суроосуна жооп беришти.

Президент Садыр Жапаров бул сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан демократиялык баалуулуктарды сактоону уланта берерин билдирип, Германия жана Европа Биримдиги Кыргызстандын тышкы саясатынын приоритети экенин айтты:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Жалпысынан мен Германия менен Кыргызстандын өз ара пайдалуу кызматташууга болгон кызыгуусу өсүп жатканын белгилеп кетким келет. Ошол эле учурда биздин өлкөлөрдүн ортосунда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ишке ашпай келген чоң потенциалы бар. Мен Штайнмайер мырзага аны ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттерди жасоону сунуштадым. Мурдагыдай эле тышкы саясаттагы башка негизги багыт болуп Кыргызстандын Европа Бирлиги менен өз ара аракеттенүүсү саналат. Бул дагы биздин сүйлөшүүбүздүн темасы болду”, – деди Жапаров.

Немис президенти Франк-Вальтер Штайнмайер биргелешкен маалымат жыйынында дароо эле дүйнөдөгү геосаясий абал өзгөрүп жатканы тууралуу кеп кылып, бул кырдаалда Германия Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен дагы да тыгыз мамиле курууга кызыкдар экенин айтты.


Штайнмайер Жапаров менен Орусиянын Украинага карата аскердик агрессиясы тууралуу сөз кылганын белгилеп, бул согуш дүйнөнү, анын ичинде Европаны силкип, Борбор Азияга кедергисин тийгизип жатканын айтты. Германиянын президенти Бириккен Улуттар Уюмунда Орусиянын агрессивдүү согушу боюнча добуш берүүдө Кыргызстан карманып койгонун эске салып, муну кол салууну колдобоо катары “оң” баалоого болорун билдирди.

Суроо-жооп бөлүгүндө германиялык журналист “Орусияга салынган санкциялардан Кыргызстандын аймагы аркылуу буйтап өтүү” маселеси тууралуу собол узатып, “Германия Кыргызстандан Украинадагы согушту айыптаган позиция күтөбү?” деп тактады. Ага Франк-Вальтер Штайнмайер минтип жооп берди:

“Германия эл аралык укуктун негизинде иш алып барган бардык тараптардын аскердик күчтү колдонууга каршы чыгышын каалайбыз. Санкцияларды кыйгап өтүү жөнүндө айта турган болсок, биз андай болбошун каалар элек. Бул маселени Казакстанда да көтөрдүк. Кыргызстандан да күтөрүбүз ошол. Биз Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өлкөлөр үчүн товарларды жана жүк ташууну көзөмөлдөө оңой эмес экенин билебиз. Бирок Европа Биримдигинин компетенттүү органдары менен тыгыз кызматташуу аркылуу санкцияларды кыйгап өтүүнү болтурбоо мүмкүнчүлүктөрү табылат деген үмүтүбүз бар. Биз келечекте ушуга жетишебиз деген ойдобуз”, – деди Штайнмайер.

2022-жылдын февралында Орусия Украинага басып кирген соң Европа Биримдигиндеги өлкөлөр, анын ичинде Германия бул аракетти кескин айыптап, санкция салгандардын башында турган. Немис президентинин сапарынын алдында Евробиримдиктин дипломаттары Орусияга каршы санкциялардын 11-айлампасын макулдашты.

Ошол эле маалда Орусияга экономикалык жактан тыгыз чырмалган Борбор Азия өлкөлөрү Москванын аракеттерин ачык сындай алышкан эмес. Кыргызстандын бийлиги бул окуяда “нейтралдуу” позицияда экенин жарыялаган.

Бул арада Орусия санкциялык чаралардан буйтап, өзүнө керектүү товарларды өнөктөш өлкөлөр, көбүнчө Борбор Азиядагы мамлекеттер аркылуу жүргүзө баштады. Натыйжада Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттер Европадан товар ташып келип, Орусияга экспорттой баштады. Муну экспорт-импорттогу адаттан тыш секирген көрсөткүчтөр айгинелеп турат.

Европа Биримдигиндеги айрым өлкөлөрдүн Кыргызстанга экспорту. Жалпы сооданын ичинен бөлүнүп алынган көрсөткүчтөр.
Европа Биримдигиндеги айрым өлкөлөрдүн Кыргызстанга экспорту. Жалпы сооданын ичинен бөлүнүп алынган көрсөткүчтөр.

Маселен, Евростаттын маалыматына ылайык, Кыргызстан Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдөн 2021-жылы 263 миллион долларлык товар импорттосо, 2022-жылы 1 млрд. 172 миллион долларлык товар чыгарып кеткен. Европалык лидерлер ушундай кырдаалдан улам Кыргызстанга жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө санкция салуу темасын улам-улам көтөрүп калып жатышат.

Бирок Кыргызстандын расмийлери бул согуштук товарлар эмес экенин белгилеп, Батыш өлкөлөрүнө өз жүйөсүн жеткирүүгө аракет кылууда. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” берген комментарийинде буларга токтолду:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Өкмөттүн, министрлердин, элчилердин, биздин милдетибиз Европадагы өнөктөштөргө, Америка, Жапония, Түштүк Корея же башка өлкөлөргө “Орусия менен аскердик, согуштук багытта соода кылбайбыз” дегенди түшүндүрүү. “Турмуш-тиричиликке керектүү товарларды алып-сатууда соодабызга тоскоол” болбогула дегенди аларга жеткиришибиз керек. Анткени анын согушка эч кандай тиешеси жок. Тескерисинче, бул Орусиянын согушка жумшай турган акчасын азайтат. Дегеним, Европанын темир-тезеги, тиричилик техникасын, эски-уску машинесин сатып алуу үчүн орусиялыктардын акчасы биз аркылуу кайра Европага чыгып кетип жатпайбы. Мына ушунун баарын биз аларга түшүндүрүшүбүз керек. Европа башында тоталдык түрдө санкция коюп алышкан, азыр артка чегине албай жатат. Намыстанып турат. Бирок башка өлкөлөр алардын товарын алып чыгып сатып туруусуна өздөрү деле кызыкдар. Мен ошентип ойлойм. Германияда мен канча чоң бизнесмендерге жолуксак деле алар биздин айтканыбызды “туура” деп жатышат”.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматында сандар бир аз башкачараак, бирок анда да көрсөткүч өскөн. Айталы, Кыргызстан ЕБ өлкөлөрүнөн 2021-жылы 291,9 миллион долларлык товар ташып келсе, 2022-жылы бул сан 531,1 миллион долларды чапчыган. Ошол эле маалда Кыргызстандын Орусияга экспорту мурдагы жылы 393 миллион доллар болсо, былтыр 963 миллион долларга жетип отурат.

Жарандык коом жана “чет элдик өкүл”

Баса, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер кыргыз президенти менен биргелешкен билдирүүсүндө Кыргызстандагы демократиялык кырдаалга байланыштуу эки жолу сөз козгоду:

Биринчисинде ал “Кыргызстанда өтө жандуу жарандык коом бар экенин, муну мурда Бишкекке тышкы иштер министри катары келип кеткенден бери биле турганын” айтты. Немис президенти “бул жердеги өкмөттүк эмес уюмдар жергиликтүү маселелерди чечүү үчүн Германия менен тыгыз кызматташып жатканын” белгиледи. Экинчи ирет ал германиялык инвесторлор Кыргызстанга келүүгө кызыкдар экенин айтып жатып, бул үчүн кыргыз жергесинде “демократиялык жана укуктук стандарттар бекем иштеши керек” деп кыйытты.

Бул бекеринен эмес сыяктуу. Себеби, Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын тобу Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сапарын утурлай ага кат жолдошкону маалым болду. Анда алар Кыргызстанда иш алып барган эл аралык жана жергиликтүү уюмдарды “чоң укурук тооруп турганына” кабатырлануусун билдирип, ага байланыштуу кыргыз бийлигине чакырыктарды жасоону өтүнүшкөн. Кеп өкмөттүк эмес уюмдарга байланыштуу мыйзам долбоору жөнүндө болуп жатат.

"Тыңчы" дегенден "өкүлгө" чейин. Талаштуу мыйзамга түшүндүрмө
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

Учурда депутат Надира Нарматова баштаган 30дай депутаттын сырттан каражат алып иштеген жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүнү демилгелеген мыйзамы Жогорку Кеңешке келген. Президенттик администрация өзү да ушуга окшош эле мыйзамды сунуштап, бирок аны кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзгөн. Айтор, анын кайсынысы кабыл алынса да башка өлкөлөр менен иштешкен өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөл катаалдайт.

Кыргыз бийлиги бир жагынан Европа Биримдиги жана АКШ баштаган өлкөлөр менен иштешкен уюмдарга чарасын күчөтүп, экинчи жагынан ал мамлекеттер менен мамилесин чыңдоо аракетинде.

"Интербилим" укук коргоо уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева бул жагдайды мындайча мүнөздөдү:

Гүлгаакы Мамасалиева
Гүлгаакы Мамасалиева

“Менимче бул эки жүздүү саясат болуп калып жатат. Анткени, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өзү Германиядан олчойгон акча алды. Инфраструктура, экология жана башка багыттар боюнча да алардан көп каржылык жардам алып жатышат. Германиянын ар кандай уюмдары Кыргызстанда иш алып барып, түрдүү маселелерди чечүүгө көмөктөшүүдө. Эми тигил мыйзам кабыл алынса, алардын уюмдары, алардан каржы алгандын баары “чет элдик өкүл” болуп калып атпайбы. Бир чети Батыш өлкөлөрү менен мамилесин жакшырткысы келип, экинчи четинен Орусиянын таасири менен ушул мыйзамды түртмөлөп жатат. Башкача айтканда аларды жаакка чапканга даярданып жатып, кайра Германиянын президентин жылуу кабыл алып, "мамилени чыңдайбыз, тиги-бу" деп отурушат. Алар “бул мыйзамды кабыл алсаңар жардамдарды токтотобуз” деп ачык айтпашы мүмкүн, бирок эгер аларга азыркыдай мамиле улана берсе, анда колдоосун кыскартары турган иш”.

Айткандай эле, Германиядан экономикалык инвесторлордон сырткары ар кандай уюм, фонд жана башка бирикмелер да Кыргызстанга келип, иш алып барат. Маселен, Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча коому (GIZ) билим берүү, жумушчу орундарын түзүү, аймактарды өнүктүрүү багытында чоң долбоорлорду ишке ашырса, KfW – Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстанга берген карызын ипотекалык үйлөрдү салууга реструктуризациялады.

Германиянын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү (AHK), Улук Эксперттер Кызматы (SES), Фридрих Эберттин Фонду (FES), Ханнс Зайделдин фонду (Hanns Seidel Stiftung) жана башка уюмдар да бир топ багытта Кыргызстанды өнүктүрүүгө салым кошуп жатат. Ага карабай азыркы бийлик аларды “чет элдик өкүл” деп атагысы келип жатканына немис уюмдары да нааразылык билдиришкен.

Ханнс Зайделдин фондунун Борбордук Азия боюнча координатору Макс Георг Майер мурдараак кыргыз бийлигине жасаган кайрылуусундабуларга токтолгон:

Макс Георг Майер
Макс Георг Майер

“2002-жылы биздин фонд Кыргызстанды Борбордук Азия чөлкөмүндөгү штаб-квартирасы катары тандап алганынын себеби өлкөнүн либералдык-демократиялык мамлекеттик түзүлүшү, ошондой эле жигердүү, жандуу коммерциялык эмес сектору болгон. Кыскача айтканда, биздин фонддун өкүлчүлүгү үчүн иштөө шарттары абдан келечектүү болуп көрүнгөн. Өлкөдөгү саясий башаламандыктарга жана мезгил-мезгили менен артка чегинүүгө карабастан, биз бул туура чечим болгон экенин сездик. Биз бүт күчүбүздү, көбүнчө жергиликтүү, кыргызстандык өнөктөштөрүбүз менен (алардын арасында жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдар дагы бар) Кыргызстандын элине кызмат кылууга жумшадык. Биз Кыргызстандын Салык кызматына, Социалдык фондуна жана Статистикалык комитетине дайыма отчет берип келебиз, алар дагы бизди көзөмөлдөө укугуна ээ. Кыргызстан бизди чындап жакшы кабыл алгандай сезип келдик жана Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көрсөткөн кызматтарыбызды кеңейте алдык. 2010-2020-жылдары биз бир нече жолу Жогорку Кеңештин коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамды катаалдаштыруу, чет элдик коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнө “чет элдик агент” статусун берүү жана башка аракеттерине туш болгонбуз. Бирок алар биздин ишибизге кескин тоскоолдук жараткан жок. Кыргызстанда 2021-жылдан баштап жергиликтүү жана чет элдик коммерциялык эмес уюмдардарга каршы маанай өзгөрө баштады. Коммерциялык эмес уюмдар мурдагыдай “мамлекеттин өнөктөшү” дегендин ордуна “мамлекеттин душманы” деген атка ээ болуп бара жаткандай сезилет”.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстандын бийлик төбөлдөрүнөн сырткары жарандык коомдун, сексуалдык азчылыктын жана башка топтордун өкүлдөрү менен да жолугушары кабарланды. Мындан сырткары немис делегациясы бир катар ишканаларга барып, инвестициялык кездешүүлөрдү өткөрүп жатат. Штайнмайер ошондой эле атайын маданий борбордун ачылышына катышты.

Кыргызстан Германия менен эки тараптуу да, Европа Биримдигинин алкагында да кызматташат. Садыр Жапаров Штайнмайер менен жолугушууда белгилегендей, кыргыз тарап учурда Евробиримдик менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимди даярдап жатат. Кыргызстандын лидери бул документ 2019-жылдан бери иштелип жатканын белгилеп, Кыргызстан документке кол коюуга даяр экенин жана ЕБден даярдык тууралуу сигналды күтүп жатканын айтты. Ал Евробиримдиктин бараандуу мүчөсү катары Германиядан муну тездетүүгө кол кабыш кылууну өтүндү.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG