Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Энергетика: өкмөт карызын төлөп, компанияларга ээлик кылат


Жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары.
Жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары.

Мамлекет энергетикалык компаниялардын 123 млрд сом карызын төлөп, ордуна алардын акцияларын сатып алат. Өкмөт мындай кадамын тармактын мүмкүнчүлүктөрүн арттырып, инвестициялык жагымдуу жагдай түзүүнү көздөп жатканы менен түшүндүрүүдө.

Эксперттер электр энергиясынын тарифин өзүн актагыдай деңгээлге жеткирбесе, алгылыктуу натыйжа жаратуу татаал болоорун айтышууда.

"Акцияларын сатып алабыз"

Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Азаттык” радиосуна курган маегинде энергетика тармагында отуз жылдан бери чогулуп келген карызды төлөө милдети финансы министрлигине өткөнүн билдирди.

“137 млрд сом карызды каржы министрлиги өз мойнуна алды. Бизде азыр бир миллиард сомго жакын карыз бар. Ал калктын бересесинен, айрым бюджеттик ишкана-уюмдардын карызынан турат. Учурда биздин чоң карызыбыз жок. Мамлекет карызды өз мойнуна алып, өзү жабат. Мамлекет энергетика тармагын тазаланталы деп жасап жатат. Мисалы, инвестор ГЭС курам деп келатса, адегенде мамлекетти изилдейт. Анан “мен ким менен келишим түзөм” деп энерготармакты изилдейт. Энерготармактын мынча карызы менен ал “менин чыгарган электр энергиямды ала алабы” деп дароо чочуйт. Ошондуктан инвестициялык жагымдуу болушу үчүн ушундай кадамга барып жатабыз”.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылы 28-ноябрда өкмөт №668 номурлуу токтомун чыгарган. Токтом боюнча энергокомпаниялардын карыздарын жабуу үчүн үч жылда 123 млрд сомдон ашуун каражат каралган.

Финансы министрлигинин Финансы-насыялык фондунун Өндүрүштүк насыялар жана корпоративдик башкаруу бөлүмүнүн башчысы Мурат Масадыков ал каражат “Улуттук электр тармактары” жана “Электр станциялары” акционердик коомдорунун карыздарын алардын акцияларына алмаштырууга жумшаларын билдирди.

“Алар акцияларды чыгарат, биз сатып алабыз. Мындан мамлекеттин эки компаниядагы үлүшү көбөйөт. Компаниялар бөлүнгөн акчаны кайра эле насыяларды төлөө үчүн мамлекеттик казынага төгүп берет. Буга чейин алар бизге карыз болуп келген болсо, эми ошол карыздын ордуна акцияларын берет. Мамлекет карыздын ордуна акцияга ээ болуп калат. Энерготармакка алынган тышкы карыздарды мамлекет республикалык бюджеттин эсебинен төлөп келген жана ал ошол бойдон улана берет. Энергокомпаниялар менен Финансы министрлигинин ортосундагы мамиле ички карыз болуп эсептелет. Алар бизге карыз болчу. Азыр социалдык тарифтер бекитилген, өкмөт тарифти көбөйтпөй жатат. Ошондуктан энергетикалык компаниялар карызын өздөрү төккөнгө мүмкүнчүлүгү жок болууда. Карызын сатып алгандан кийин мамлекеттин аталган энергокомпаниялардагы үлүшү 98-99% жакындап барат”.

Масадыковдун айтымында, үч жыл ичинде энергокомпаниялардын негизги карызын жапкан соң, 2030-жылга чейин алардын андан кийинки алган карызынын көлөмүнө жараша республикалык бюджеттен дагы кошумча акча бөлүнүшү мүмкүн.

Мынча карыз кантип пайда болду?

2021-жылы "Кыргыз Республикасына көрсөтүлгөн тышкы жардамдын ачык-айкындыгы" долбоорунун эксперттери Кыргызстан эгемендик алгандан берки алынган карыздардын түзүмүн талдап чыккан. Ага ылайык, 1992-2020-жылдары энергетика тармагына алынган тышкы жардамдын суммасы 2,25 млрд долларды же жалпы тышкы карыздын 19,6% түзгөн. Анын 334,11 млн доллары (14,9%) гранттык, 1,91 млрд доллары (84,1%) насыя түрүндө алынган. Насыянын 43,8% Кытайдын Эксимбанкына таандык.

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин быйыл март айында жергиликтүү телеканалдардын бирине курган маегинде энергетика тармагына алынган карыздардын соңку суммасы 137 млрд 87 миллион сом экенин билдирген. Тышкы карыздын эсебинен “Датка-Кемин”, “Айгүлташ-Самат” жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары курулган, Бишкек ЖЭБи модернизацияланган, “Токтогул ГЭСи реабилитацияланган өлкөнүн түштүк аймагындагы электр чубалгыларын жаңыртуу, Баткен облусун электр энергиясы менен камсыздоо жана CASA-1000 өңдүү ири долбоорлорго каражат алынган.

Энергокомпаниялардын алкагында алсак, тармакка алынган карыздардын 95% “Улуттук электр тармактары” менен “Электр станциялары” компанияларына туура келет.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстан соңку эки жылдан бери бул тармакка бир да карыз албаганын белгилеп келет.

Деген менен, Финансы министрлиги буга чейин билдиргендей, Кыргызстан соңку эки жылда 1 млрд долларга чукул насыя жана гранттык келишимдерге кол коюп, аларды ратификациядан өткөрүп келет. Финансы министри Алмаз Бакетаев былтыр жыл ортосунда "Экономист" басылмасына курган маегинде алынып жаткан каражаттардын 30% транспорт тармагына жана 29% энергетика тармагына багытталарын билдирген.

Энерготармак өзүн-өзү каржылап кете алабы?

Мамлекет энерготармактын өз алдынча өсүп-өнүгүшү үчүн тарифтик саясатты өзгөртүү чечимин кабыл алган. 1-майдан тарта электр энергиясын колдонуучулардын 14 тобу түзүлүп, тарифтин көлөмү 1 сомдон 5 сомго чейин жеткирилди.

Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаментинин маалыматына караганда, 2022-жылы электр энергиясынын өздүк наркы 2 сом 38 тыйын болду. Ал эми сатылган светтин орточо баасы 1 сом 52 тыйынды түзөт.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин Тарифтик бөлүмүнүн башчысы Замир Маматов 1-майдан тарта көтөрүлгөн калктын бир сомдук тарифи электр энергиясынын өздүк наркынын 42% гана түзөрүн айтат. Мындан улам бааны электр энергиясынын өздүк наркына жеткирүү үчүн кийинки жылы июнь айынан тартып электр энергиясына болгон тарифтер жалпы керектөөчүлөр үчүн инфляциянын деңгээлине карап түзөтүлөрүн белгилейт.

“Биздин иш-чараларды жүргүзүүдө тарифтерди өзгөрткөндөн кийин энергетика тармагына бир аз да болсо кошумча киреше алып келүү максаты коюлган. 1-майдан өзгөртүлгөн тарифтерден энергетика тармагы 2,6 млрд сом кошумча киреше алат деп күтүлүүдө. Техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн негизиндеги маалыматтарга таянсак, 2022-жылы энергетика тармагында жалпы чыгым 35,6 млрд сомду түзгөн. Ал эми кирешеси 25 млрд сом болгон. Ортодо 10,6 млрд сом каражаттын тартыштыгы белгиленип турат. Мунун эң негизги себеби, азыр электр энергиясын коңшу өлкөлөрдөн импорт кылабыз. Былтыркы өткөн күз-кыш мезгилинин жыйынтыгы боюнча импорттолгон электр энергиянын көлөмү 2,6 млрд кВт/с түздү. Аны алууга 6,6 млрд сом каралган. Ошондой эле жылуулук электр борборунда кошумча электр энергиясын өндүрүү боюнча акча каражатын сарптоо каралып, анын көлөмү 3,9 млрд сомду түздү”.

Энергетика тармагындагы эксперт Мырзатай Султаналиев энерготармакты мындан ары алдыга сүрөп кетүү үчүн тарифтик саясатты натыйжалуу иштетиш керектигин айтат.

“Бул деген тарифти экономикалык негизде эсептебей, саясий мотив менен 77 тыйын кылып койгондон улам болууда. Электр энергиянын өздүк наркы андан бир кыйла жогору турат. Өкмөт ошонун ордун толтуруш үчүн насыя берип келген. Бул бир. Экинчиси, кышында шаардын ысык суусу, жылуулугу үчүн энергияны Бишкек ЖЭБи берет. Ага көмүр сатып алат, башка кылат. Элге дээрлик үч эсе арзан баада берип атат. 23 жылдан бери чогулган акчанын суммасы ушуга чыгып отурат. Ушунун таасирин жок кылыш үчүн тарифти өзү-өзү актаган чекке чейин көтөрүш керек. Эгерде өкмөттүн мүмкүнчүлүгү болуп, жылуулуктун, ысык суунун жана электр энергиянын баасын көтөрө алса, мындай карыз чогулбайт. Ошондо энергетиктер “сен канча иштедиң, экономикалык кандай эсебиң бар” деп сурап алса болот. Эгерде тарифтик саясатты өзгөртпөй турган болсо, анда кайра эле ушул акыбалга келебиз”.

Кыргызстанда соңку жылдары электр таңкыстыгы курчуп отуруп, 24-июлда тармакта үч жылдык мөөнөткө өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Буга бир жагынан керектөө өсүп, экинчи жагынан дарыяларда суу тартылып баратканы себеп болууда.

Ошол эле маалда өкмөттүн электр энергияны майнинг фермаларга сатып жатышы коомчулукта кызуу талкуу жаратып турат. Кеминдеги майнинг ферманын ишмердиги "Азаттык" радиосунун иликтөөсүнөн кийин ачыкка чыккан. Компания жыл башынан бери 30 МВт электр энергияны сатып алып турган жана өкмөт ал тууралуу ачык маалымат берген эмес. Жарандар жылуу мезгилге карабай, калк арасында утур-утур өчүрүүлөр болуп жатканда светти ченемсиз көп иштеткен жеке ишканаларга сатууга нааразы болууда.

Өлкө боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн жалпы саны 1 млн 524 миң 317 абонентти түзөт. Анын 93% (1 419 734 абонент) калк керектөөчүлөрү, калган 7% (104 583 абонент) тиричилик эмес керектөөчүлөрү. Өндүрүлгөн энергиянын 7 млрд кВт/с калк керектөөчүлөр, дагы 4 млрд кВт/с көбүрөөк светти тиричилик эмес абоненттер колдонот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG