Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Окумуштуулар: Айга өзүнчө убакыт алкагы керек


Окумуштуулар айдын убакыт алкагын аныктап алууну сунушташты. Жер бетинин абасы булганбаган бөлүгү дээрлик калган жок. Социалдык тармактарда аз отуруу менен иммунитетти чыңдоого мүмкүн. “Азаттыкта” илимдеги соңку жаңылыктар топтому.

Айга өзүнчө убакыт алкагы эмнеге керек?

1969-жылы америкалык астронавт Нил Армстронг Ай бетине алгач кадам таштаганда Жердеги убакыт түнкү 2:56 болчу. Бирок ошол учурда Нил үчүн саат канча болгонун так айтуу азыркыга чейин мүмкүн эмес. Бирок космосту изилдеген эл аралык окумуштуулар Ай үчүн өзүнчө убакыт алкагын аныктап берүүнү максат кылышууда. Бул жөнүндө ScienceAlert илимий сайты жазды.

Ай үчүн убакыт алкагын аныктоого бир гана Нил Армстронгдун Айга болгон алгачкы сапарынын саатын билүү себеп эмес. The New York Times басылмасы “соңку он жылда Айга жиберилген миссиялар ошол миссияны жиберген өлкөнүн убакыт ченеминде иштеп келгенин, ушунун айынан Ай бетине бир эле учурда бир канча изилдөө миссиясы жакындап келип жатканын, бул көрүнүштү Европа космостук агенттиги "туруксуз" деп белгилегенин жазды.

Бул маселени чечүү жолу катары аталган агенттик Ай үчүн өзүнчө убакыт алкагын аныктап алууну сунуштады. Эгер Айдын эл аралык коомчулук тааныган убакыт алкагы пайда болсо, айды изилдөө үчүн миссияларын даярдап жаткан ар кайсы өлкөнүн мамлекеттик жана жеке менчик уюмдарынын арасында өз ара байланыш болуп, түшүнбөстүк же бири-биринин ишине тоскоолдук жаралбайт.

Айды изилдөөгө жана миссияларын жиберүүгө бир катар мамлекеттер кызыкдар. Ispace жапан компаниясы курган M1 айга конуучу модуль Ай бетине апрель айында конушу керек. Андан тышкары, Хьюстон компаниясы курган Nova-C модели Айга июнда конору күтүлүүдө. Ага кошумча учкучсуз миссиялар жыл аягында айга жетип барат. Кийинки жылы NASA агенттиги да Айга 4 астронавтын жиберүүгө даярдык көрүп жатат. Ал эми Кытай былтыр жеке космостук станциясын курууну жыйынтыктап, 2030-жылы кытай астронавттары Айга жетерин кыйытышкан болчу. Түштүк Корея былтыр августта өзүнүн Danuri космостук кемесин учурган. Ал Индиянын Chandrayaan-2 миссиясына кошулган.

Бул миссиялар бир эле учурда Ай бетинде болгондуктан, өз ара байланыш түзүп, бирге байкоо жасап, бири-бирине жакындашы да ыктымал. Бирок бул ишке ашышы үчүн миссиялар бир убакыт алкагын колдонушу керек болот.

Жердин абасы булганбаган бөлүгү дээрлик калган жок

Жердин 1% аз бөлүгүндө гана аба сапаты коопсуз деңгээлде. Дүйнө жүзү боюнча аба сапаты күн сайын көзөмөлдөнүп, анын жыйынтыгы жөнүндө макала Lancet Planetary Health журналына 6-мартта жарыяланды.

Изилдөөгө ылайык, дүйнөнүн 99,82% бөлүгүндө аба зыяндуу бөлүкчөлөргө (PM2,5) толгон. Дүйнөнүн дээрлик бардык жеринде анын көрсөткүчү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган нормадан ашык. Макалага ишенсек, азыр дүйнө калкынын 0,001% гана таза аба менен дем алат.

Абанын булганышынан эң көп жапа чеккен аймактар: Чыгыш Азия, Түштүк Азия жана Түндүк Америка. Австралиянын жана Жаңы Зеландиянын тургундары, Океаниянын аймагындагы жана Түштүк Американын эли салыштырмалуу таза аба менен дем алат. Бул аймактарда абанын булганышы минималдуу.

Жылына булганыч аба 6,7 млн. адамдын өлүмүнө себепкер болот. Анын дээрлик үчтөн эки бөлүгү абадагы кир бөлүкчөлөрдүн айынан катталат. Бишкек шаарын дагы өзгөчө кыш мезгилинде кара коюу түтүн каптап калат. Абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде Бишкек шаары бир канча жолу абасы эң булганыч шаарлардын сап башында турган.

Соцтармакта аз отуруу иммунитетти чыңдайт

Улуу Британиядагы Суонси университетинин адистери социалдык тармактарга кеткен убакытты 15 мүнөткө кыскартуу менен иммунитетти чыңдаса болорун тастыкташты. Бул жөнүндө илимий макала Journal of Technology in Behavior Science журналына жарыяланды.

Изилдөөнүн авторлору үч ай бою 20-25 жаштагы 50 кишиге (33 аял жана 17 эркек) байкоо салышкан. Алар ай сайын өздөрүнүн физикалык жана менталдык ден соолугу жөнүндө жана социалдык тармакка короткон убактысы жөнүндө маалымат берип турушкан. Андан соң, адистер соцтармакка кеткен убакытты күнүнө 15 мүнөткө кыскартууну суранышкан.

Натыйжада соцтармакка кеткен убакытты улам кыскартып отурган катышуучулардын иммундук системасы 15%, уйкусу 50% жакшырып, депрессиянын белгилери азайган. Ошондой эле, сасык тумоого да аз кабылышкан.

Адистер эми бул изилдөөнү улантуу алдында турушат. Кийинки баскычтарда алар социалдык тармактар менен ден соолуктун байланышы канчалык экенин аныктоого басым жасашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG