Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Өкмөт илимий ачылыштар үчүн акча берет


Апта башында Улуттук илимдер академиясына барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров илимдин колдонмо жагына көңүл бурууга чакырды​. Энергетика жана машина куруу тармагын тез арада жандандыруу керектигин, илим тармагы өлкөнүн өнүгүүсүнө, экономикалык саясатка тартылбай жатканын айтты.

"Илим экономикага начар тартылган"

Президенттин жарлыгы менен Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институту Ош мамлекеттик университетинин жана Академик Ж.Алышбаев атындагы экономика институту Кыргыз экономикалык университетинин карамагына өттү. Калгандары багыттарына карап башка окуу жайларга бекитип, бирге иштешмей болууда. Аларга илимий ачылыштар үчүн түз акча бөлүнүп турмай болду.

"Академиянын айрым институттары багытына карап техникалык университетке бекитип берилет. Аларга "кыргыз Кембрижине" айлантуу тапшырмасы берилди. Аз эмес акча түз берилип турат. Дүйнөлүк банктан 10 млн. долларды макулдаштык. Беш окуу жайга биринчи жолу лабораторияларын бекитип берели деп, алар мүмкүнчүлүк алууда. Сиздерден суранабыз, азыркы директорлордун бардыгын тандалма кылбай, Илимдер академиясынын президенти дайындай турган кылып бериңиздер. Анткени академиянын президенти эртең өкмөттөн текшерүүлөр келет, жумушка чыгып койгула деп айтып жатса, Физика институтунда тизме боюнча 125 кызматкерден 15и гана жумуш ордунда отурат. Муну кандай түшүнөбүз? Кимге айлыкты эки эсе көтөрөбүз? Жетекчи уюштура албай жатат, муну карашыңыз керек", - деди Акылбек Жапаров академиянын президентине кайрылып.

Өкмөт башчы өлкөгө пайда алып келе турган илимий изилдөөлөргө бийлик акча аябай турганын белгиледи. Ошол эле кезде коомчулукта талкуу жараткан "Илимдер академиясы жоюлабы?" деген кептерге жооп берип, президент Садыр Жапаров "акчасын бөлүп бергиле, айлыгын көтөргүлө, бирок иштесин" деп тапшырма койгонун айтты.

"Илимдер академиясынын бюджетин 1 млрд. сомго чейин көбөйткөнгө даярбыз. Былтыркыга караганда 41% көбөйттүк, бирок бул деле аз", - деген Жапаров илимий чөйрө менен жогорку окуу жайлардын интеграциясы зарыл экенин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө өлкөбүздө стратегиялык мааниге ээ бул тармак 70ке жакын илимий уюмдан турат, анын активинде 1500гө жакын илимдин доктору, 5500 илимдин кандидаты бар жана жыл сайын 700 млн. сомго жакын суммада мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Жогорку окуу жайларынын 230 минден ашык студентинин потенциалы толук ачылбастан, экономикага начар тартылган. Ошол эле учурда билим берүүнү экспорттоо жакшы деңгээлге коюлган – бизде 83 миңден ашуун чет элдик студенттер бар. Туруктуу өнүгүү кызыкчылыгы үчүн илимдин инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу зарыл".

Министрлер кабинети ушул жылдын октябрь айына айлыкты көтөрүү боюнча парламентке сунуш берерин билдирди.

Академиянын алты сунушу

Илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматовдун белгилешинче, пландалган бюджет 499 млн. сом. 1,5 жыл мурда бул сумма 330 млн. сомду түзгөн. Бирок бул каражаттын көбү эле айлык акы жана башка төлөмдөргө жумшалып кетет.

Ушул тапта Илимдер академиясы өкмөткө өлкөнүн экономикасына пайдалуу болот делген алты долбоорду сунуштап жатат:

  • ДНК технологиялык борборун түзүү;
  • Жүндү өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу системасын түзүү;
  • Кыргызстанда сейсмикалык ыктымалдык картасын түзүү;
  • Энергетика багытында чакан ГЭСтерди куруу үчүн технологияларды трансферлөө багытында;
  • Химия, фармацевтикалык өндүрүш комплексин түзүү;
  • Табигый, органикалык жер семирткичтерди жана милеоранттарды өздөштүрүү долбоору бар.
Канат Абдрахматов.
Канат Абдрахматов.

"Жогоруда айтылгандан башка институттар болсо интеграцияга иштешибиз керек. Бул кошуу эмес. Окуу жайлар менен биргелешип, чогуу иштешебиз. Чынын айтканда, жаш муундарды окуу жайлардан алабыз да. Айлык аздыгына карабай кызыгып келген студенттерди тартып, изилдеп, илимге тартып, өз келечегибизди камдап коёбуз деген үмүт болууда", - деди Абдрахматов.

Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Учурда академияга караштуу 20 илимий мекеме бар. Жалпы 1575 киши эмгектенсе, анын 880ден көбү илимий кызматкер. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген. Институттун ишмердиги сынга алынып, бул тармакты реформалоо зарылдыгы айтылып жүрөт. Буга чейин бул жайга барган президент Садыр Жапаров Илимдер академиясы музейге эмес, иш кайнаган жерге айланышы керек экенин белгилеген.

"Өгөй баладай мамиле"

Коомдук ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты, мурда Илимдер академиясында иштеген Эмил Каптагаев илим жана илимий изилдөө иштери бир эле күндө "мышык ыйлагандай" абалга келбегенин Фейсбук баракчасына жазды. Ал буга чейин эле илимий институттар өгөй баладай болуп калганын сынга алган.


Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Чынара Рыскулова илимге, илимий ишке болгон мамиле өзгөрмөйүнчө бул тармакта ийгиликтер болбойт деп эсептейт. Анын айтымында, глобалдашуу доорунда маалымат ылдамдык менен өзгөрүп жаткан шартта баарынан кабардар болуу зарыл. Ошондой эле дүйнөлүк тилдерди билүү дагы ишти жеңилдетет.

Чынара Рыскулова.
Чынара Рыскулова.

"Тилди дагы жакшы билиш керек, маалымат дагы жакшы болушу зарыл. Маалымат бизде орус, кыргыз тилинде чектелип калды. Интеграция деген менен чоң эл аралык илимий конференцияларда Кыргызстан көрүнбөйт. Биздин илимпоздор эмне деген иштер жасалып жатканы тууралуу кабардар эмес. Бизде акча жок деп эле Илимдер академиясында отуруп калып жатпайбы. Бир эле кыргыз, орус тилди өнүктүрүү менен алдыга жыла албайбыз. Глобалдашуу учурунда качан Кыргызстандын акчасы болот, качан англис тилин үйрөнөт деп күтпөйт да. Улам өзгөрүү болуп турат. Экинчиден, Илимдер академиясындагы бөлмөлөрү жылуубу жакшы иш алып баргандай, жаңыртылган лаборатория барбы же долбоор, инвестициялык каражаттарга химиялык лаборатория куруп, иштеп жатабыз деген жаңылык барбы? Баягы эле кагаз, эски бөлмөлөрдө отурушпайбы. Акча жок деп отура берген дагы туура эмес. Грант жаза алганды билишсе, бир жерден инвестиция таап келгенге үйрөнүшсө, Илимдер академиясынын дагы мүмкүнчүлүгү дагы алдыга жылмак. Бирок ал үчүн дагы тилди, кантип жазыш керек экенин билиш керек. Муну дагы үйрөнүү керек. Ишти алдыга жылдырыш керек, инвестиция тартыш керек деген методика жок болуп жатат", - деди профессор Рыскулова.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жаш окумуштуусу, микробиолог Руслан Адил Акайтегин илим менен окуу жайлар бирге болгондо жакшы өнүгүп, натыйжа берет деген ишенимде.

Руслан Адил.
Руслан Адил.

"Илим дагы изилдөө деген университеттерде болушу керек. Экинчиден, изилдөө ачык болушу керек. Илим адамдарга керек болсо, ал ачык болуш керек. Стратегиялык маанидеги болсо башка сөз. Адамдар илим изилдеп жүрө берет, аны менен башканын маалыматы жок. Кийин унутулуп деле калышы мүмкүн. Бизде бүт көрүү менен болот да. Көзгө көрүнбөгөн нерсени түшүндүрүү , айтып берүү дагы кыйын. Мисалы, ДНКны алабыз, аны кесебиз десе кантип элестетет? Кайчы менен кесеби, ДНК деген эмне? Ачык болгондо студенттерди дагы кызыктырып тарта аласың", - деди жаш окумуштуу.

Руслан Адил илим жана жаңы ачылыштар каржатка көз каранды жана бул тармакта фанаттар гана иштеши мүмкүн экенин белгилөөдө. Анын айтымында, учурда илимий изилдөө жүргүзүүдө сырье кымбатка тургандыктан көптөгөн бул тармакка кызыккан жаштар чет жактарга чыгып кетишүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG