Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Ооганстандагы зилзала: каза болгондор 1150гө жетти


Зилзаладан кийинки абал. Ооганстан.
Зилзаладан кийинки абал. Ооганстан.

Ооганстандын чыгышындагы тоолуу Пактика жана Хост провинцияларында күчү 6 баллдан ашкан зилзаладан каза болгондордун саны 1150гө жетти.

Талиб өкмөтүнүн өкүлдөрү 22-июндагы табигый кырсыктан каза болгондордун саны көбөйгөнүн, алардын саны 1150гө жеткенин 24-июнда кабарлады. Ооганстандын Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу агенттигинин жетекчиси Мухаммад Нассим Хаккани зилзаладан жалпы 10 миң турак-жай жарым жартылай же толугу менен кыйрап калганын билдирди. Хаккани “Азаттыктын” ооган кызматына чыгымдын санын аныктоо, кырсык болгон жерлерге дары-дармек жана башка нерселерди жеткирүү толук мүмкүн болбой жатканын тактаган.

Күчү 6,1 баллга жеткен жер силкинүү Ооганстандын Пактика жана Хост провинцияларында катталган. Жер титирөө Пакистан менен Ооганстандан сырткары Индиянын айрым аймактарында да сезилди. Зилзала толкундары Кабулга, Исламабадга чейин жеткен.

“Талибан” кыймылы эл аралык уюмдарга кайрылып, жер титирөөдөн жабыр тарткан аймактарга жардам кылууну суранган. Кызыл Жарым ай жана Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программаларынын жергиликтүү мекемелери кырсыктаган аймактарга тамак-аштар, чатырларды жана уктоочу килемчелерди жеткирип жатат.

Пактика провинциясындагы зилзаланын кесепети. 22-июнь 2022-жыл.
Пактика провинциясындагы зилзаланын кесепети. 22-июнь 2022-жыл.

Интернетке тараган сүрөт жана видеолордон айрым кыштактарда топурактан курулган бир кабат үйлөрдүн көбү урап калганын, өлгөн адамдардын сөөгүн жууркан, төшөк менен жаап коюшканын көрүүгө болот. Дагы бир видеодо бир тик учак жабырлануучуларды ооруканага алып кетип жактаны тартылган.

АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) Ооганстан менен Пакистандын чек арасына жакын аймактарда зилзала 22-июнда таңга жуук болгонун, анын күчү 6,1 баллга жеткенин ырастады. Жер титирөөнүн очогу Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Хост шаарынан түштүк-батышты көздөй 46 чакырым алыстыкта, 51 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Франциядагы Европа жана Жер ортолук деңиз боюнча сейсмологиялык борбор (EMSC) жана Германиядагы Жер илимин изилдөө институту жер титирөөнүн магнитудалык күчү 6,0 баллга жеткенин маалымдады.

Жер силкинүү Пакистан менен Ооганстандан сырткары Индиянын айрым аймактарында да сезилди. Зилзала толкундары Кабулга, Исламабадга чейин жеткени аталган шаарлардагы тургундардын социалдык түйүндөрдөгү баракчалары да ырастап турат.

Бул табигый кырсык "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) бийликке келгенден бери Ооганстан эл аралык коомчулуктан обочолонуп калган учурда болду.

"Апааттын кесепетин алдын алуу үчүн биз бардык жардам агенттиктерин өз топторун кырсык болгон аймакка жөнөтүүгө чакырабыз", - деп билдирди "Талибан" өкмөтүнүн басма сөз катчысынын орун басары Билал Карими.

Хос провинциясындагы кырдаал. 22-июнь, 2022-жыл.
Хос провинциясындагы кырдаал. 22-июнь, 2022-жыл.

Кабулда талиб өкмөтүнүн башчысы Хасан Ахунд президенттик сарайда Пактика жана Хост провинцияларындагы кырдаалга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча координатору Рамиз Алакбаров жардам жеткириле баштаганын Твиттерге жазды.

Ооганстандын жер титирөө болгон Пактика провинциясы Пакистан менен чектешет. Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф коңшу өлкөгө зилзалага байланыштуу көңүл айтып, расмий Исламабад ооган элине жардам көрсөтөрүн айтты.

Ооганстан жана Түштүк Азиянын басымдуу бөлүгү Гиндикуш тоо кыркаларынын боюнда жайгашкан жана сейсмологиялык жактан активдүү аймактардын катарына кирет.

2015-жылы Ооганстандын түндүк-чыгышындагы ири зилзаладан 200дөн ашуун киши өлгөн. 2002-жылы Ооганстандын түндүгүндөгү күчү 6 баллдан ашкан жер титирөөдөн миңдей жаран каза тапкан. 1998-жылы ушундай эле күчтөгү жер титирөө жана андан кийин силкинүүлөр кеминде 4,5 миң адамдын өмүрүн жалмаган.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG