Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:10

Орунбековдун талаштуу билдирүүсү, аксайлыктардын талабы


2021-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда тартылган сүрөт.
2021-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда тартылган сүрөт.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековду кызматтан алууну суранган Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарына кысым болууда.

Бул туурасында укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева жазып чыкты.

Буга чейин Орунбеков кыргыз-тажик жарандарынын чыр-чатагы боюнча маалымат берип, Ак-Сайдын тургуну мас болгонун жазгандан кийин талкуу күчөгөн.

Бири анын жазганы орунсуз болгонун айтса, Орунбековду жактагандар анын ишин ашыкча саясатташтыргандар көп экенин белгилешет.

Орунбековду кызматтан кетирүү талабы

Дайыр Орунбеков талаштуу билдирүүнү 24-июлда Фейсбуктагы баракчасына жүктөп, кайра бат эле өчүрүп салган. Бирок көбү аны сактап калганга жетишти. Анда кыргыз-тажик жарандарынын чырына катышкан Ак-Сайдын тургуну мас абалда болгону айтылат.

Дал ушул билдирүү талкууларды жаратып, Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары президентке кат жолдоого жетишти. 23 адамдын колу коюлган катта “Орунбековдун бул жумушту аркалаганга моралдык укугу жок, жумуштан кетсин” деп жазылат.

“Анын сөздөрүн тажикстандык социалдык тармактын колдонуучулары кайра-кайра бөлүшүп, болгон жерге таратып атышат. Алар “президенттин маалымат катчысы өзү жазып атат, алар чын эле ушундай” деп жазгандарын окудум. Ошон үчүн Орунбековдун кызматтан кетишин талап кылып атабыз. Жанагы окуяга катышкан адамдар менин классташым болот. Алар такыр ичпейт. Орунбеков азыркыга чейин үн катпайт же кечирим сурабайт”, - деди Ак-Сай айылынын тургуну Райхан Исакова.


Азырынча президентке жолдонгон каттын жообу келе элек. Ал арада ак-сайлыктардын талабын интернетке жарыялаган укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева катка кол койгон адамдарга кысым күчөп жатканын жазып чыкты.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик Мамасалиева жазган билдирүүнү өчүртүүнү талап кылган экен.

Гүлгакы Мамасалиева.
Гүлгакы Мамасалиева.

“Мен президентте жолдонгон катты Фейсбукка жарыялап койгом. Аны айыл өкмөтү, айыл башчысы окуп калып “силердин катыңар тарап кетиптир, алдыргыла” деген экен. Анан алар мага чалышып, басым болуп атканын айтышты. Мен буга макул болгон жокмун. Анын үстүнө коомго тарап кеткен. Катты президентке жетсин деген ойдо интернетке жарыялагам. Алар азыр да болсо Дайырбек Орунбековдун кызматтан кетишин талап кылышууда”.

Бул окуядан кийин социалдык тармактардын колдонуучулары Дайырбек Орунбековдун билдирүүсүн сынга алып, аны кызматтан алуу талабы жаңыра баштады. Анткени жалпы кыргызстандыктар үчүн жаралуу кыргыз-тажик темасына президенттин маалымат саясатын жетектеген адамдын мындай баасы орунсуз деп эсептешет.

Орунбеков азырынча өзүнүн айланасындагы окуя боюнча үн ката элек. Ал чек арадагы чакан чырга катышкан Ак-Сайдын тургуну мас болгонун эмнеге таянып жазганы белгисиз болууда. Анткени анын ошол учурдагы абалы боюнча бир дагы расмий орган маалымат берген эмес. Болгону окуянын кыска видеосун Тажикстан тарап жарыялаган. Аны карап кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу мүмкүн эмес.

Юрист Таалайкүл Токтакунова Дайырбек Орунбековго коомдун калың катмары билбеген маалыматтар болушу мүмкүн экенин айтууда.

Таалайкүл Токтакунова.
Таалайкүл Токтакунова.

“Дайыр Орунбеков аталган постту мамлекеттик органдардан сурап, өзүнчө тактап алгандан кийин жазса керек. Анда бизге белгилүү болбогон маалымат болгон деп ойлойм. Өзүм билемдик менен жазышы мүмкүн эмес. Бул жерден бир адамга болгон жеке мамилени алдыга койбошубуз керек. Анын үстүнө чек ара маселеси болуп жатат. Кылдаттык менен мамиле кылыш керек дейм. Бул жерден бири-бирибизди күнөөлөгөндөн пайда жок. Бул маселеде ынтымактуу болууну сунуштайм. Ошондой эле кимдир бирөөнү жумуштан алууну бийлик өзү чечет. ”.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 24-июлда кечке жуук кыргыз-тажик чектеш аймактарынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын кабарлаган. Анда Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кесип, натыйжада Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыкканы жазылган.

Атамбаев менен соттошкон, Туманбаев менен достошкон Орунбеков

Дайырбек Орунбеков президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүн 2022-жылдын август айынан бери жетектеп жатат.

Анын журналистикадагы жолунда бир катар окуялар катталды. Мисалы, Орунбеков “Маалымат.кж” сайтынын редактору болуп тургунда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердигин кескин сындап, 2015-жылы Орунбековго кылмыш иши козголгон.

Сот аны моралдык зыян үчүн Атамбаевге 2 млн сом доо төлөөгө милдеттендирген. Кийин ага козголгон кылмыш иши мунапыстын негизинде өндүрүштөн кыскартылган. Өз кезегинде Орунбеков Атамбаевдин үстүнөн сотко кайрылган. Буга Атамбаевдин маалымат жыйында Орунбековду "башка бирөөлөрдүн буйругу менен иштейт" деп айыптаганы себеп болгон.

"Сөз эркиндиги үчүн 1 сом" акциясы. Сүрөттө Шаирбек Маматокторов, Дайырбек Орунбеков жана Адил Турдукулов.
"Сөз эркиндиги үчүн 1 сом" акциясы. Сүрөттө Шаирбек Маматокторов, Дайырбек Орунбеков жана Адил Турдукулов.

Орунбеков 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин ошол кездеги мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду жактап, аны мактаган билдирүүлөрдү интернетке жарыялап турган. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо бийликчил "Биримдик" партиясын колдогон.

2018-жылы социалдык өнүгүү министрине кеңешчи, 2021-жылдын январында "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчисине кеңешчи болгон. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Алай округунан ат салышкан.

Соңку жылдары Орунбеков учурдагы президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев менен тыгыз байланышта экени айтылат. Муну Орунбековдун социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүнөн байкаса болот.

Соңку жылдары Орунбеков Бажыдагы тамырлашкан коррупцияга байланышкан иликтөөлөрдүн фигуранты болгон Раимбек Матраимовдун таламын талашып, иликтөөчү журналисттерди сындап жүргөн.

Kloop басылмасы анын Матраимовду колдогон троллдор фабрикасына тиешеси бар экенин жазган.

Быйыл июнь айында "Чекит медиа" платформасы "Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?" деген аталыштагы иликтөөсүн жарыялаган. Анда Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) SMM бөлүмү менен президенттин баскан-турганын мактап-жактаган жана оппозицияны, бейөкмөт уюмдарды, эркин медиалардын каралаган фейктердин байланышы талданат. Иликтөөчүлөр аларга Дайырбек Орунбеков тапшырма берерин жазган. Орунбеков жооп берип, иликтөөдөгү маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айткан.

"Чекит медианын" фейктерге байланыштуу иликтөөсүнүн уландысы 2-августта жарыяланды.

Орунбеков кызматка дайындалганда негизги сын ушуга байланыштуу болуп, бул сөздөр азыркыга чейин айтылып келет.

Журналист Канышай Мамыркулова Орунбеков боюнча буларды айтып өттү:

Канышай Мамыркулова.
Канышай Мамыркулова.

"Акаевдин учурунан бери фейк- фабрикаларда аты атылып, мамлекеттик деңгээлде олуттуу ката кетирген бир дагы маалымат катчы эсимде жок. Бирин-экин байкалбаган ката болсо керек. Бирок коомчулуктун көпчүлүгү айыптаган ушундай катчы көрө элекмин. Өткөндө “ичип алыптыр” деп балп эттирбей “социалдык маселеден улам ушундай маселе жаралды” деп жазып койсо болот эле го. Мындай кызматка даярдык менен барыш керек да. Бийликтин унчукпай жатышы алардын позициясы Орунбековдукуна дал келет дегенди билдиреби?”.

Ошол эле учурда социалдык тармактарда Дайырбек Орунбековдун да колдоочулары көп. Алар Орунбеков кызматка келгени мамлекеттик мекеме, ишканалардын маалымат катчыларын бириктирип, ар кандай тренинг, окуулардан өткөрүп атканын айтышат. Эң башкысы коомдогу талкуу жараткан маселелерге дароо реакция болуп, ачык калган маселе жок дешет.

Саясат талдоочу Тимур Саралаев Орунбековдун ишине мындай баа берүүдө:

Тимур Саралаев.
Тимур Саралаев.

"Соңку мезгилде Орунбеков боюнча ар түрдүү маалыматтар көбөйүп кетти. Ошого жараша силердин кызыгып жатканыңар орундуу. Эми сурооңузга жооп бере турган болсом, Орунбеков мен көргөн маалымат катчыларга караганда ыкчамдуулугу менен айырмаланат. Орунбеков коомдук, саясий жашоого байланыштуу кайсы гана суроо болбосун ыкчам жооп берүүгө аракет кылат да. Маалымат сүрсүп жатканын көргөн эмесмин. Анын ишин сындоодо жеке кызыкчылыктар бар. Алар жеке иштерге башка өңүт берип, мамлекеттик деңгээлдеги маселеге айлантууга аракет кылып атышат. Чындыгында Орунбеков өзүнө берилген милдеттерин аткарып атат".

35 жаштагы Дайырбек Орунбеков Кара-Кулжадагы Алайкуу өрөөнүндө туулуп-өскөн. Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG