Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:18

Жарандык коом жана “Азаттыктын” иш нуктары


 Интернеттеги ар кыл коомдук тармактардагы "Азаттык" үналгысынын кардарларынын санынын көрсөткүчү. 13.7.2023.
Интернеттеги ар кыл коомдук тармактардагы "Азаттык" үналгысынын кардарларынын санынын көрсөткүчү. 13.7.2023.

Кыргызстандын бийликтери 14-июлда “Азаттык” үналгысынын интернет барагына коюлган бөгөттү кайра алып салды. Эмне үчүн бул көз карандысыз интернет барак калың элге жагымдуу? Деги эле Ала-Тоодо “Азаттык” үналгысындай болгон жергиликтүү медиа каражатын түзүүгө мүмкүнбү? Тарыхчынын блогу.

“Азаттык” тууралуу жалпы маалымат

“Азаттык” үналгысы – “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматы – АКШнын Конгресси тарабынан “Дүйнөлүк медиа жаатындагы АКШнын Агенттиги” (United States Agency for Global Media; USAGM) аркылуу каржыланаары айдан ачык. Бул жааттагы маалымат ачык айтылып келет.

Авторитардык режимдер башкарган өлкөлөрдө “АКШнын мыйзам чыгаруу бийлик бутагы тарабынан каржыланып жаткан соң, бул медиа каражаты бир тараптуу, себеби ал атайын америкалык буюртманы гана аткарат”, деп “Азаттыкка” каршы үгүт учурунда дал ушул жагдай көбүртүп-жабыртылып берилет.

Эми бул гранттын пайдаланылышынын мүдөөсүнө келели. Аны “Азаттыктын” интернет барагынан таба алабыз:

“Эркин Европа/Азаттык" радиосунун (ЭЕ/АР) миссиясы – сөз эркиндиги орной элек жана ага бийлик тыюу салган өлкөлөрдө маалыматты таратуу жана чагылдыруу аркылуу демократиялык баалуулуктарды жана институттарды, ошондой эле адам укуктарын алга сүрөө.

АКШнын бийлигин коргоо тууралуу атайын өкмөттүк буюртма барбы?

“Азаттык” үналгысы үчүн иши кылып Кошмо Штаттардын бийликтерин, анын президентин ж.б. жактоо тууралуу эч кандай буюртма берилбейт.

“Азаттык” үналгысы АКШнын мурдагы президенттери импичментке кабылмакчы болгон жана башка ар кандай жагдайларда дагы АКШнын бийликтерине байланыштуу бейтарап, калыс маалымат таркаткандыгы маалым.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, “Азаттык” үналгысы эч качан клинтончул, бушчул, обамачыл, трампчыл же байденчил болгон эмес жана болбойт.

“Азаттык” үналгысы – болшевикчил ыкмадагы үгүт куралы эмес

Албетте, “Азаттык” үналгысы демократиялык баалуулуктарды ырааттуу жактайт. Бирок бул мүдөөнүн өңүтүн сөзсүз эле “чала сабат” делген кишилерге демократиялык коомдун эрежелерин “эжелеп окуп” тааныштыруу ишмердиги катары аңдоо туура эмес.

Илгери, мурдагы Советтер Биримдигинде, атайын болшевиктик комиссарлар жана башка үгүтчүлөр бийликтеги жеке басар саясий партия болгон коммунисттик партиянын үгүтүн таңуулашчу.

Үналгыдан кабар окуганда да левитандык ж.б. өктөм үн менен текст окулуп, дикторлорго атайын жасалма көтөрүңкү үн менен кабар жарыялоо салты таңууланчу.

Коммунисттик гезиттердин башкы (редактордук) макалалары да окурмандар жетелениши үчүн саясий нукту таңуулачу.

Коммунисттик идеологияга баш ийбегендер катаал жазаланышчу.

Булардын тескерисинче, “Азаттык” үналгысы – эч кандай өктөм үгүт каражаты эмес.

Аны тоталитардык жана авторитардык мамлекеттердеги бийликчил маалымат каражаттары менен окшоштурууга эч мүмкүн эмес.

Социалдык көйгөйлөрдү чагылдыруу – “Азаттыктын” беделин арттырат

Айрым өздөрүн демократ санаган окурмандар кээде “Азаттык” үналгысын коом турмушундагы социалдык жана маданий көйгөйлөрдү чагылдыргандыгы үчүн сынга алышып, ал “жалаң гана демократия сабактарын окутуусу керек болчу, америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасы талаага бекер чачылып жатат”, деп кине койгон учурлар болду.

Ал эми постсоветтик жарандык коом өз турмушунун бардык өңүттөрү калыс, бейтарап жана терең чагылдырылышына муктаж. Бул көп кырдуу турмушту жалаң гана саясат менен оозанып чагылдыруу жетишсиз.

Кыргызстандын жарандык коомунун өкүлдөрү ар дайым "Азаттык" үналгысына колдоо көрсөтүп келишет. 2010-жылдын 15-мартындагы Бишкектеги иш-чарадан көрүнүш.
Кыргызстандын жарандык коомунун өкүлдөрү ар дайым "Азаттык" үналгысына колдоо көрсөтүп келишет. 2010-жылдын 15-мартындагы Бишкектеги иш-чарадан көрүнүш.

Маселен, мурдагы тоталитардык доордун мүнөзүн ачып берүүдө микрофон жалаң демократтарга, мурдагы диссиденттерге гана берилбестен, өз маалындагы пенделик каталарын кеч аңдаган же таптакыр аңдай албаган башка инсандарга да сунулат. Ар бир замандаштын көз карашын “Азаттыктын” окурманы, угарманы же көрөрманы өз алдынча баалоо мүмкүнчүлүгүн алууга тийиш.

Укугу бузулгандардын, майыптардын, үй-жайсыздардын, шумпайларга алдангандардын жана башкалардын социалдык көйгөйүн чагылдыруу аркылуу да “Азаттык” үналгысы жарандык коомго огожо болууда.

Өзүнүнүн жеке социалдык көйгөйү чечилген же ал түгүл жалпы коомчулукка ачыкталган соң, чечилүүгө багыт алган маалда, мындай жаран ого бетер жигердүү жарандык ишмердиктин зарылдыгын аңдап калат.

Ал эми маданий турмушунун, өтмүш тарыхынын көйгөйлөрү ачык чагылдырылган жана талдоого алынган коомдо маданияттагы маңкурттар азаят, улуттук-маданий асыл-нарктарды сактоо жана өнүктүрүү аркылуу тиешелүү улут жалпы цивилизациялык өнүгүүгө ого бетер кубаттуу жаратмандык менен салым кошо берет.

Ар кандай жаран өз коомундагы жекече жигердүүлүгүнүн зарылдыгын аңдоого жеке өзү жетишүүсү керек.

Ар бир жарандын өз өлкөсүндөгү, чөлкөмүндөгү жана дүйнөлүк саясий, коомдук-маданий жана социалдык жүрүмдөрдөн өз учурунда кабардар болуусуна жетишүү – ал жаранга демократия тууралуу курулай акыл айтуудан миң эсе артык.

Жаңылыкты тааныштыруунун ача жолдору

Адатта, авторитардык бийлик орногон өлкөлөрдө мамлекеттик бүжөттөн каржыланган ар кандай маалымат каражаттары жалаң гана бийликтеги президенттин, партиянын жана алардын шериктеринин үнүн элге жеткирүүнү башкы мүдөө көрүшөт да, кайчы пикир айткандардын, оппозициянын жана жөнөкөй гана сынчынын дарегине жалаң гана бир беткей каралоолорду үстөккө-босток жаадырышат.

Бул бир беткейлик жаңылык сунуштоодо да айдан ачык көрүнөт. Бир беткей жаңылык сунуштоодо бийликке же кайсы бир блокко каршы тараптын туруму эч качан же дээрлик толук чагылдырылбайт.

“Азаттык” үналгысы болсо жаңылыктарды бейтарап гана сунуштайт. Ал эми жаңылык менен таанышуу маалында тийиштүү маселенин же окуянын оош-кыйыш жактарын бир эле учурда ар тараптуу өңүттөн угуп, өз алдынча аңдай алган ар кандай жаран өз коомундагы жана жалпы дүйнө жүзүндөгү саясий жүрүмдөрдү өз алдынча талдоого жетишет.

Эч бир өлкө кубаттуу мамлекеттин жетегинде күнкор дипломатиялык саясат жүргүзбөөгө тийиш, эч бир элге кайсы бир кубаттуу делген элдин атынан саясий нук таңууланбашы керек.

Ал эми элдин кыймылдаткыч күчү – анын аң-сезимдүү, уюшкан жана жигердүү жарандык коому.

Жарандык коом болсо ар бир мүчөсүнүн терең маалыматка ээ, ар тараптуу кабардар, өз алдынча ой жүгүртө алган жана кайдыгер эмес киши болуусуна муктаж.

Ал эми мындай киши ар дайым жаңылыктарды бейтарап таркаткан маалымат булактарын атайын издейт.

Албетте, “Азаттык” үналгысы мындай бейтарап маалымат каражаты катары Евразияда эч качан жалгыз болгон эмес. Анын Би-Би-Си, Эвроньюс, Дойче Велле, RFI (Radio France Internationale) ж.б. сыяктуу ишмердиги жагынан таламдаш шериктери бар.

Кыргызстанда эркин басылмалар көбөйүшү керек

“Азаттык” үналгысынын жергиликтүү көз каранды эмес медиа шериктеринин катарын ырааттуу толуктоо – замана талабы.

Мисал катары Кыргызстандагы негизги мамлекеттик сыналгы корпорациясын алалык. Мурдагы президент ААкаевдин тушунда КТР компаниясы бир тараптуулугу үчүн “кара жашик” атыккан. Мурдагы президент К.Бакиевдин тушунда ал УТРК болуп өзгөрүп, алгач саал реформаланып, бирок кайрадан эле эски жолоюна түшкөн.

2010-жылдагы ыңкылаптан кийинки бир жарым жылда (президент Р.Отунбаеванын тушунда) КТРК, ЭлТР чыныгы коомдук маалымат каражаттарына айлануусу үчүн алгачкы кадамдар жасалган.

Арийне, мурдагы президент А.Атамбаевдин жана анын ишин уланткан С.Жээнбековдун тушунда КТРК кайрадан “кара жашикке” айланган. Анын Байкоочу кеңешинин курамы акырындап өзгөрүп, бул орган бийликтин чөнтөк кеңешине айлана берген.

Эми КТРК кайрадан УТРК болуп калды... Анын жаңылыктарды сунуштоо ыкмасы эски КТРдыкына дээрлик окшош...

Бул терс багыттагы кыймыл убактылуу гана көрүнүш

Демократиялык өлкөлөрдө мамлекет өзү каржылаган сыналгы компанияларына бир гана талап коюлат: бул компания бийлик бутактарынын кайсы бир түрүнө эмес, жалпы жарандык коомго кызмат кылууга тийиш. Себеби кайсы бир мөөнөткө шайланган президент же өкмөт башчы өкмөттүк медиа компанияны өз чөнтөгүнөн каржылабайт, жалпы салык төлөөчүлөрдүн эсебинен, жалпы жарандык коомдун эсебинен каржылайт.

Демек, мындай компания жана анын жетекчиси өлкөдөгү кайсы бир бийлик ээсине жагалдануу үчүн эмес, коомдук кызыкчылыктар үчүн кызмат өтөөгө милдеттүү.

Дал ушул түшүнүк Кыргызстанда жогорку бийлик өкүлдөрүнөн төмөнкү төбөлдөргө жана карапайым атуулдарга чейин үстөмдүк кылып калган чакта, албетте, өлкөдө жүздөгөн жергиликтүү “Азаттык” үналгысы пайда болот.

Арийне, азырынча “бейтарап медиа каражаты болушуңуз” керек деген мүдөө менен сырттан каржыланган “Азаттык” үналгысы жана башка чет элдик демократиячыл медиа каражаттары Кыргызстандын коому үчүн аба менен суудай керек болуп турат.

Албетте, азыркы тапта Кыргызстанда үзүрдүү иш алып барып жатышкан көз каранды эмес гезиттер, интернет барактары, интернеттин коомдук тармактарындагы эркин блогчулар, каарман жана акыйкатчыл публицисттер – булардын бардыгы тең кыргыз жарандарын басма сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктар үчүн күрөшкө ырааттуу таптап жатышат.

Жарандык коомдун медиа демилгелери ого бетер жүзөгө ашырылган жана кыргыз бийлигинин демократияланышы улантыла берген чакта, болочокто АКШнын Конгрессинин медиа үчүн грантынын деле кыргыз коому үчүн кереги жок болуп калат.

Мисал барбы? Албетте, бар. “ЭЕ/АҮдөгү” өздөрүнө багытталган кызматтар жоюлган Чехияны, Балтика боюндагы посткоммунисттик өлкөлөрдү ж.б. салыштырып карап көрүңүз. Кичи Азиядагы Түркиянын жана Ички Азиядагы Монголиянын бүжөттөн каржыланган маалымат каражаттары да кыйла объективдүү.

Балким, чын эле жакынкы мезгилде Кыргызстан постсоветтик Борбордук Азиядагы маалымат эркиндиги толук камсыз болгон алгачкы демократиялык жумурият болуп калаар?

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG