Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Имран Ханга атылган ок нааразылыкты күчөттү


Имран Хан
Имран Хан

Пакистандын экс-премьер-министри Имран Ханга ок атылып, жарадар болду. Ал жети ай мурда өкмөт башчылыктан алынган жана ошондон бери тарапташтары менен парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.

Хан жана анын тарапкерлери окуя үчүн бийликти айыптап, "алар саясий атаандашын жок кылгысы" келген деп жарыялады. Бийлик бул айыптоону төгүндөдү.

Экс-премьерге атылган ок

Окуя Пакистандын борбору Исламабаддан 200 чакырымдай аралыктагы Вазирабад шаарында 3-ноябрда катталды. Мурдагы өкмөт башчы Имран Хан жана анын партиялаштары парламенттик шайлоо өткөрүү талабы менен жүрүш уюштуруп жаткан маалда белгисиз адам автоматтан ок чыгарган. Андан экс-премьер жана башка бир нече адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Имран Хан жүрүшкө чыгып жаткан жүк ташуучу автоунаа. Ал ортодо турат. Иллюстрациялык сүрөт.
Имран Хан жүрүшкө чыгып жаткан жүк ташуучу автоунаа. Ал ортодо турат. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын маалымат министри Марьям Аурангзеб буларды билдирди:

“Кол салган киши кармалды. Ал кылмышты мойнуна алып, мунун себептерин айтып берди. Учурда ал Гужрат шаардык полициясында кармалып турат. Полиция анын сурак кылып, иликтөө иштерин жүргүзө баштады. Шектүү баштапкы көрсөтмөсүндө Имран Ханды атып өлтүргүсү келгенин мойнуна алды”.

Азыркы өкмөт башчы Шахбаз Шариф кол салууну кескин айыптап, окуяны тыкыр иликтөө тапшырмасын берди. Ал арада полиция шектүүнүн сурак берип жаткан видеосун да жарыялады. Көрсөтмө берип жаткан адам муну экс-премьердин аракеттерине каршы чыгып, ушундай жолго барганын айтып берүүдө.

Полиция кызматкери: "Сен эмне үчүн бул кылмышка бардың?"

Шектүү: "Анткени Имран Хан элдин башын айлантып жаткан. Мен ошого чыдабай кеттим, ошону үчүн ушуга бардым. Мен аны өлтүргүм келген. Имран Хандын өзүн эле өлтүрөйүн дегем. Башкаларды өлтүрүү оюмда жок болчу".

Имран Хандын ооруканага жеткирилген учуру. 3-ноябрь, 2022-жыл.
Имран Хандын ооруканага жеткирилген учуру. 3-ноябрь, 2022-жыл.

Окуя учурунда экс-премьер-министр Имран Хандын бутуна эки-үч ок тийгени белгилүү болду. Дарыгерлер анын абалы канааттандырарлык экенин, өмүрүнө коркунуч жок экенин кабарлашты.

Саясий тиреш жана кризистер

Хан өзү ооруканадан билдирүү таратып, муну үчүн бийликти айыптады. Ал кылмыштын артында азыркы өкмөт башчы Шахбаз Шариф, ички иштер министри Рана Санаулла жана атайын кызматтын генералы Фейсал Насир турарын билдирди. Өкмөт өкүлдөрү мындай айыптоону төгүндөдү.

Хан жетектеген "Техрик-и Инсаф" партиясынын баш катчысы Асад Умар видео кайрылуусунда буларга токтолду:

“Аз убакыт мурда Хан бизге телефон чалып, анын атынан билдирүү таратуубузду өтүндү. Ал өзүндө болгон маалыматтарга таянып, бул кол салууну үч адам аткарганын айтты. Алар – премьер-министр Шахбаз Шариф, ички иштер министри Рана Санаулла жана генерал-майор Фейсал Насир экен. Ханга кылмыш болорго чейин эле эскертишкен экен. Ошондуктан ал аталган үч адамды кызматтан алуусун талап кылды. Эгер кызматтан алынбаса, анда бүткүл элдик нааразылыктар өткөрүлөт”.

Шахбаз Шариф
Шахбаз Шариф

Имран Хандын тарапкерлери жана партиялаштары да кол салуунун артында бийлик турат деген жүйөнү карманып жатышат. Алар мунун себебин бийликтин оппозициядан чочулаганы менен түшүндүрүүдө.

Үч жылдай премьер-министр болгон мурдагы крикет жылдызы Имран Ханга быйыл 10-апрелде парламент ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Добуш берүү түн ортосунда болуп, анын ордуна "Пакистан мусулман лигасы" партиясынын лидери Шахбаз Шариф бекитилген. Хан жаңы өкмөттү тааныбай турганын билдирген жана кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылып келет. Шариф мындай талапты четке кагып, шайлоо өз мөөнөтүндө – 2023-жылы өтөрүн айткан.

70 жаштагы Имран Хан апрелден бери нааразылык акцияларын өлкөнүн ар кайсы аймактарында өткөрүп жатат. Анда митингчилер полиция менен кагылышууга чейин барып, тартип коргоочулар демонстранттарга жаш чыгарчу газ чачкан учур да катталды. Миңдей адам кармалып, бир бөлүгү кайра бошотулган. Экс-премьерге ок атылган соң бийликке каршы акциялар кайрадан тутанды.

Имран Ханга ок атылганын айыптап чыккандар. 4-ноябрь, 2022-жыл.
Имран Ханга ок атылганын айыптап чыккандар. 4-ноябрь, 2022-жыл.

Бийлик ортодо Хан террорчулук боюнча айып тагып, аны кайра жойгон. Кийин Пакистандын Борбордук шайлоо комиссиясы аны беш жыл мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыраткан. Экс-прьемьер бул чечимге каршы Жогорку сотко даттанган.

25-октябрдагы билдирүүсүндө Имран Хан мындай деп айткан эле:

“Өкмөттөгү адамдар өлкөдө калыс жана ачык-айкын шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүп бериши керек. Алар калкка кимди шайлап алуусуна шарт түзүп берсин. Азыркы кризисти чечүүдө шайлоодон башка жол жок”.

Имран Хан өзүнүн кызматтан кетишине алып келген саясий кризистин тутанышын Америка Кошмо Штаттарынан көрүп келет. Ал Кытай жана Орусия менен жакындаганы үчүн Вашингтон ага каршы кутум уюштурду деп эсептейт. Бирок буга эч кандай далил келтире алган эмес. АКШ мындай дооматтардын баарын четке каккан.

Соңку саясий кризистер Пакистандын экономикасына да кедергисин тийгизип, олку-солкулуктарды жана кымбатчылыктарды күчөттү. Анын ичинде өлкөнүн улуттук валютасы – рупий АКШ долларына карата болуп көрбөгөндөй күчүн жоготуп, эң төмөнкү чекке түштү. Азыр аз-маз турукташып калды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG