Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Киевде кечиккен локдаун


Украинада эки жумага катаал карантин жарыяланды.  

Расмий Киев Европа өлкөлөрүнө удаа 24-январга чейин локдаун киргизди. Бул кезде өлкөдө окуу жайлары, кафе-ресторандар, соода түйүндөрү, спорттук жана маданий жайлар жабык болот. Азык-түлүк дүкөндөрү менен дарыканалардын ишине гана уруксат берилет.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө да баштала элек.

Украиналыктардын арасында Европадагыдай вирустун таркоо коркунучу жогору болгон жаңы жылдык майрамдардын алдын алып карантин киргизбестен, соңунда киргизилишине нааразы болгондор арбын.

«Бийликтин карантин жарыялап, баарын жапканы - туура эле чечим. Бирок Рождество жана Жаңы жылдык майрамдардын алдында 25-декабрдан 15-январга чейин киргизиш керек эле да. Так ушул кезде баары кафе-барларда, мейманканаларда, ресторандарда, балаты майрамдарында жүрүшпөдүбү. Кийин киргизип койгону акылга сыйбайт», - дейт Киевдин тургуну.

Ал эми саламаттык сактоо министри Максим Степанов «Настоящее время» телеканалындагы маегинде өкмөт мындай чечимди калктын аң-сезимдүүлүгүнө таянып кабыл алганын айткан.

«Биз майрамдарда оору жугузгандар көбөйөрүн билгенбиз. Мындай кооптуу жагдайды адамдар деле түшүнөт, майрамдык маанайды бузбайлы, украиналыктардан Жаңы жылды уурдабайлы деп чечкенбиз. Буга кошумча, бизде жылда февралдын ортосунда сезондук сасык тумоо башталат. Ошонун алдын алууну ойлодук», - деген Степанов.

Ошол эле кезде дарыгерлер жергиликтүү калк карантиндик чектөөлөрдү, ортодо аралыкты сактоодон баш тартып, тобокелге салгандар көбөйгөнүн белгилешет.

Украинанын батышындагы Ивано-Франков облусунда жайгашкан Верховина айылында Виктория Магныч - эки миңдей калктын саламаттыгын караган жалгыз дарыгер. Виктория көбүнчө бейтаптардын абалын телефондон сураштырып, үймө-үй кыдырат.

«Пандемияга чейин коомдук транспорт менен, кээде жөө, кээде велосипед менен же ат минип алып кыдырчумун. Коронавируска чейин эки миңдей адамды кароодо эч кандай деле оорчулук сезилчү эмес. Эми убакыт да жок, ал-күч да кетти. Дем алышсыз иштеп жатам. Чалышса эле үйлөрүнө жөнөйм», - дейт дарыгер.

Виктория акыркы кезде жергиликтүү эл коопсуздук чараларын сактоого үндөгөн чакырыктарды агрессивдүү кабыл алып, эң жөнөкөй беткап кийүүдөн качып калганын белгилейт. Ал коронавируска шектүү бейтаптан тест алууга атайын коргонуучу костюм кийип барганда кошуналары ызырынып, кууп кетирүүгө аракет кылышканын айтат. Ал эми чиркөөгө беткап тагынып барса, айылдаштары эле жектейт.

«Кудайдын үйүнө бетин жаап кирмек беле... Кудай бизди баарынан сактайт. Чиркөөгө беткаптын кереги жок. Кудайдан жалынып сураш керек», - дейт чиркөөдө Викторияны көргөн айылдын тургуну.

Мындай көрүнүш бул айылда эле эмес, Украинанын башка аймактарында да кездешет. Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамдарда жана Жаңы жылда чиркөөлөрдө, коомдук жайларда коопсуздук чаралары дээрлик сакталган эмес.

8-январда карантин жарыялагандан бери полиция санитардык талаптарды сактабаган 1,5 миңдей кишиге чара көргөн.

Өлкөдө карантин жарыялап, чаңгы тээп жүргөн Зеленский тууралуу карикатура.
Өлкөдө карантин жарыялап, чаңгы тээп жүргөн Зеленский тууралуу карикатура.

Украинада ноябрь-декабрь айларында бир күндө коронавирус жугузгандардын саны 15 миң кишиге жеткен. Салыштырмалуу соңку күндөрү илдет жугузгандар кыйла азайып, бир күндө беш миңдей адамдан табылып жатат.

Пандемия башталгандан бери коронавирус бир миллиондон ашуун кишиге жугуп, 20 миңден ашуун өлүм-житим катталган.

Бийлик мартка жеткирбей өлкөгө коронавируска каршы вакцина алып келип, эмдөөнү баштоого убада берип жатат. Бирок алгач вакцинаны аялуу топтогу 350 миңдей адам - медицина жана социалдык кызматкерлер, улгайгандар гана ала алышат.

Өлкөдө катаал карантин жарыяланган кезде Буковел курортунда чаңгы тээп, адамдар менен беткап кийбей сүрөткө түшкөнү үчүн соцмедиада катуу сынга кабылган өлкө президенти Владимир Зеленский 12-январда Молдованын жаңы шайланган президенти Майа Сандуну кабыл алды.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG