Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:52

Узап бараткан жумада кыйраган учактагы жүктүн бир бөлүгү Кыргызстанга келмектиги аныкталды. Саясий күчтөр кыргызча праймеризге өтүштү. Трамп шайлоо алдындагы убадаларын аткарууга киришти.

​16-январда "Манас" аба майданына жакын жерде кыйроого учурап, 35 кыргыз жаранынын өмүрүн алган Боинг-747 учагындагы 77 тонна жүктүн 2 тоннага жакыны Кыргызстанга келмектигин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 27-январда жарыялады. Ал жүк Казакстандык JTI Kazakhstan LLC компаниясына таандык от тутандыргыч же “зажигалка” экени кабарланды. “Азаттыктын” кабарчысы учак кыйраган жерден ал тутандыргычтардын кыргызча нускамаларын таап жарыялаган эле.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанга түшүрүлө турган жүк Стамбулга барып, ал жактан башка учак менен кайра келиш керек экен. Бирок бул бизнес логикасына эле эмес, жөнөкөй эле логикага туура келбеген жумуш катары бааланууда. Анткени Бишкекте түшүрүлө турган жүктү Стамбулга алып барып, ал жерден бажы текшерүүсүнөн өткөрүп, андан соң башка учакка жүктөп, “Манаска” кайра алып келүү абсурд эмеспи.

УКМКнын чырлуу жүк боюнча карама-каршылыктуу жаңы маалыматы эки-үч олуттуу жагдайдан кабар берет. Биринчиден, жүктүн Кыргызстанга түшүрүлөрүн төгүндөөгө кыйын болгон фактылар чыккандыктан, жогору жакта УКМК аркылуу “аз гана жүк түшүрүлмөк” деген маалымат берүү чечилгендей. Ал маалымат өкмөттүн “Манаска эч кандай жүк түшмөк эмес” деген буга чейинки билдирүүсүнө каршы келбеш үчүн, жүк Стамбулга барып, кайра келиши керек эле деп айтуу тандалгандай. Бирок ал “кара көйнөктү ак жип менен тиккендей” болуп турат.

Дагы бир көңүлгө ала турган жагдай, "Манастагы" учак кыйроосу боюнча козголгон кылмыш ишти транспорттук прокуратура иликтөөгө киришкен. Иликтөө жүргүзүп жаткан расмий орган эч кандай маалымат таркатпай туруп эле, УКМК капталдан чыга калып маалымат таратышы да бир топ суроо жаратат.

Кыргызстандын мурунку башкы прокурору Байтемир Ибраев УКМКнын маалымат таратышын тартип коргоо органдарынын саясатташуусу менен түшүндүрөт:

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

- Эми укук коргоо органдары саясий маселелерге кирип кетип жатат. Улуттук коопсуздук кызматынын азыркы негизги эң биринчи милдети - учактын эмне себептен кыйрашын аныктоо. Биринчи ошого жооп бериш керек. Жүктүн кимге таандык экени экинчи, үчүнчү, төртүнчү маселе. Тилекке каршы, ошол негизги маселеден алаксып, кийинки маселелерге жооп берип жатат. Албетте, муну мыйзамдуу деп айтуудан алысмын, ал саясатташкан маселе болуп жатат.

УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков “Манас” аба майданы аркылуу контрабандалык жүк ташуу мурдатан калыптанган дейт:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

- Ошол жүктүн баары болбосо да жарымы “Манаска” түшүрүлмөк. Андан кийин Стамбулдан келди деп, бажы декларациялары жазылмак. Же ал жүккө эч кандай документ жасалбай эле ээсине кетип калмак. Ушундай схемалар Акаевдин, Бакиевдин, Отунбаеванын убагында да жасалган, азыр да жасалып келатат. Мындан мүмкүнчүлүктөрдү чоң таасирлүү адамдар пайдаланып жатат. Азыр эми Кыргызстан Евразия экономикалык уюмуна мүчө болгондуктан аларга да белгилүү болуп, эми алар Кыргызстанга башкача көңүл бурушу мүмкүн.

Кыйраган учакка ээлик кылган түрк компаниясы жүк боюнча карама-каршылыктуу маалыматтарды чыгарган. Адегенде жүк "Манаска" түшүрүлмөк деп, андан кийин бардык жүк Стамбулга багытталган деп маалымдаган болчу.

Кыргызстандык эксперттер түрк менчик компаниясынын билдирүүлөрүнө эч кандай ишеним жок экенин белгилеп жатышат.

Бардыгы 39 кишинин өлүмүнө алып келген учак кыйроосун жана андагы жүктүн кимге таандык экенин депутаттык комиссия иликтөөдө. Ал комиссиянын кыйраган учактагы жүктүн кимге таандыгын эле эмес, түрк компаниясынын учагынын буга чейин Кыргызстанга элүү иреттей конуусунда контрабандалык жүк келген-келбегенин аныктоо өзгөчө маанилүү дейт Артур Медетбеков.

"Белизгейттен" кийинки "белге тебүү"...

УКМК 27-январда учактагы жүк боюнча эле эмес, “Белизгейт” боюнча да маалымат таратты. Анда 2010-жылы Максим Бакиевге 100% таандык "Мегаком" соода маркасына ээлик кылган “Альфа телеком” компаниясынын 49% үлүшүн гана мамлекетке өткөрүп, 51% акциясын Penwell Business Limited компаниясына сактоого берүү юридикалык жактан негизсиз болгон деп бааланган. 51% акцияны Penwellге берүү чечими Башкы прокуратуранын ал кездеги тергөө тобунун башчысы Кылычбек Арпачиев тарабынан кабыл алынганы айтылган. Аида Салянова баш прокурор кезинде Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгын жетектеген Арпачиев 100 миң доллар пара менен 2015-жылы кармалып, камалганы белгилүү.

"Белизгейт": аныгы менен арсары

Жогорку Кеңеш УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин Белизден келди деген документтер боюнча маалыматын териштирди.

УКМК 2010-жылы ал кездеги юстиция министри Аида Салянова тарабынан издөөдөгү Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын берүүнү да мыйзамсыз деп тапкан.

Улуттук коопсуздук кызматы “Альфа телекомдун” 51% үлүшүн алган Penwell Business Limited компаниясы акцияны биротоло өзүнө менчиктеп алуу үчүн 2010-жылдары жогорку даражалуу кыргыз чиновниктерине өтө ири суммада пара бергени тууралуу маалымат алганын белгилеген. Андай акча алгандар катарында “Ата Мекен” партиясынын лидерлери бар экенин Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Абдырахманов айтып жүргөнүн да УКМК мисал келтирген.

Бирок, "Ата Мекен" партиясынан билдиришкендей, сот чечими менен Абдрахманов "Мегакомго" байланыштуу партия лидерлери тууралуу жалган маалымат берген деп табылып, 100 миң сом айыппулга жыгылган.

"Ата Мекендин” лидерлери өз кезегинде УКМКнын “Белизгейт” боюнча айыптоолору толугу менен төгүндөлгөнүн билдирип жатат. Алар жакын арада Белиз өлкөсүнөн алынган маалыматтар УКМК башчысы Абдил Сегизбаевдин документтеринин жасалма экенин тастыктай турганын айтууда.

Ал эми "Мегакомдун" 51% акциясы эмне үчүн 2010-жылы мамлекетке алынбаганы үчүн Убактылуу өкмөт учурунда экономика үчүн жооп берген Алмазбек Атамбаевден сураш керектигин Өмүрбек Текебаев айтып олтурат. Ал ошондой эле Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушууда "Мегаком" мамлекетке алынбайт, эң башкысы, орус тарап дивиденд жана салыктарды төлөөсү керек деп айтканын мисал келтирген.

“Альфа телекомдун” 51% акциясы төрт жылдан кийин, 2014-жылы мамлекетке өткөрүлгөн. Учурда өкмөт "Мегакомдун" 100% акциясын 18 млрд. сомго сатууга аракеттенип, бирок кызыккан тарап чыкпай турат.

"Кыргызча праймериз"

Кыргызстанда быйылкы жылы күзүндө президенттик шайлоо болот. Анын алдында өлкөдөгү саясий күчтөр, партиялар даярдыгын көрүп, талапкерден талапкер тандоодо. Бул “кыргызча праймериз” же талапкер тандоо эч кандай эрежесиз, көшөгө артында айыгышкан күрөш менен жүрүүдө.

СССРди башкарган КПССтин саясий бюросундагы бийлик үчүн күрөштү “килем астындагы бульдогдордун кармашы” деп Уинстон Черчиль айткандай, Кыргызстанда президенттик дымагы барлар көшөгө артында партиялык, кландык жана регионалдык “праймериздерде” талапкер болуу үчүн айыгышкан кармаш башталды.

Солдон - оңго: Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев.
Солдон - оңго: Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев.

Баарын бирге чечебиз деп бириккен Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибековдордун арасынан, Келдибековдун шайлоого даярдык көрүүсү жөнүндөгү маалыматтар да мына ошол “кыргызча праймеризден” кабар берет.

Президенттик амбициясын жашырбаган Темир Сариевге КСДПнын белдүү мүчөсүнө таандык гезит аркылуу тынымсыз чабуулдар жасалып жатышы да “кыргызча праймериздин” бир көрүнүшү.

Үч саясатчы бирикти

Кыргызстандагы таасирдүү саясатчылардын катарындагы Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев башында турган саясий топ бир партияга биригип, бир талапкер менен президенттик шайлоого бармай болду.

КСДП партиясынын ичинде да талапкер болуп тандалыш үчүн кармаш жүрүп жатканы белгилүү. Бул партия Сооронбай Жээнбеков, Иса Өмүркулов же дагы башка бир саясатчыга токтолууну чече элек. Албетте, бул партияда чечүүчү добушка президент Атамбаев ээ экени да түшүнүктүү.

Ал эми “Республика” жана “Өнүгүү” партиялары үчүн талапкер тандоодо маселе жеңил. Бул партиялар өз лидерин президенттикке сүрөй алат. Аларда жеңишти камсыз кылуу үчүн башка саясий күчтөр менен биригүү, күчтөнүү маселеси турат.

Трамп айткандарын аткарууга киришкенде...

Дүйнөлүк саясаттын көңүлү узап бараткан жумада 20-январдан тарта АКШда президенттик кызматка киришкен Дональд Трамптын алгачкы практикалык кадамдарына бурулду.

Шайлоо өнөктүгү учурунда айтылгандар “куру сөз” эмес экенин ырастоого шашкан Трамп, адегенде эле Барак Обаманын саламаттык сактоо багытындагы чечимдерин жокко чыгарды. Ошондой эле курамында 12 өлкө бар Транс Тынч Океан соода өнөктөштүк келишиминен АКШ чыкканын жарыялады. Жакынкы Чыгыштагы жети мусулман өлкөсүнөн мигранттардын келишине чек койду.

Мыйзамсыз миграцияга чек коюу убадасын аткаруу максатында Мексика менен АКШнын чек арасында курула турган дубалды каржылоо маселесин көтөрдү. Ал дубалды тикелөөгө кетчү акчаны Мексика төлөш керек деген талапты койду. Ага Мексика президенти Пенья Ньето жооп кылып Мексика эч качан андай акчаны төлөбөстүгүн билдирди:

- Мен Кошмо Штаттардын дубал курулушун улантуу боюнча чечимин колдобойм жана өкүнөм. Бул дубал бир нече жылдан бери бизди бириктирбестен бөлүп турат. Мексика дубалга ишенбейт. Мен кайра-кайра айткандай, Мексика кандай дубал болбосун төлөбөйт.

Дубал куруу боюнча Трамп менен Пенья Ньетонун ортосундагы келишпестик Мексика президентинин АКШга сапарын үзгүлтүккө учуратты. Трамп эми Мексикада өндүрүлүп, АКШга экспорттолгон товарларга кошумча бажы төлөмүн киргизерин жарыялады. Кошуна өлкөлөрдүн соода согушу компанияларга эле эмес, калкка да терс таасирин тийгизери айтылууда.

Дональд Трамптын соода келишимдеринен чыгуусу, кошуна мамлекеттердин товарларына кошумча төлөм киргизүү аракети башка өлкөлөр менен кызматташууну токтотуу дегенди билдирбейт. Президент андай кызматташууларды АКШнын кызыкчылыгына жараша кайра түзүүгө кызыкдар экенин буга чейин бир нече ирет билдирген.

Вашингтондун үстөмдүгү менен түзүлө турган жаңы эрежелерде биринчи, экинчи, үчүнүчү жана андан кийин катарларда турган өнөктөр болмокчу.

Биринчи катардагы өнөктөр Улуу Британия, Канада, Жапония, Израиль болмокчу. Бул өлкөлөрдүн лидерлери мына ошол ээлеген ордуна жараша Вашингтонго чакырылышты. Британия өкмөт башчысы Тереза

Мэй 26-январда АКШга барып, Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин аны менен биринчи жолу жолугушкан чет өлкөлүк лидер болуп калды.

Европа Биримдигинен чыгууну чечкен Британия үчүн да Кошмо Штаттар менен өзгөчө мамилени сактоо жана өркүндөтүү канчалык маанилүү экени түшүнүктүү. Жапония, Израиль лидерлери менен да телефон аркылуу сүйлөшүү болуп, алар Вашингтонго чакырылды.

Кошмо Штаттар кызматташууда экинчи катарга койгон мамлекеттер арасында Европа Биримдиги, Индия турчудай. Тынымсыз көтөрүлүп келаткан Кытайды негизги атаандаш деп тапкан АКШ аны ооздуктоодо Индиянын потенциалын пайдаланууну көздөгөндөй. 25-январда Трамп Индия өкмөт башчысы Нарендра Моди менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны жакын арада Вашингтонго келип кетүүгө чакырды. Трамп Индияны “бардык маселелерди чечүүдө чыныгы дос жана өнөк” деп атады. Кытайды болсо бизден жыл сайын 500 млрд доллар чыгарып кетүүдө, жумуш орундарды уурдоодо деп айыптаган. Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине да суук же көңүлкош мамиле жасалууда.

Бул чөлкөмдө кандай ыкма менен иштерин туюнтуп Дональд Трамп Сирияда коопсуз аймак түзүүгө даярдык көрүүнү Пентагон менен Мамлекеттик департаментке тапшырды:

- Мен, албетте, Сирияда адамдар үчүн коопсуздук зонасын түзөм. Менимче, Европа миллиондогон адамдардын Германияга жана башка өлкөлөргө кирүүсүнө жол берүү менен абдан чоң ката кетирди деп эсептейм. Мен бул нерсе бизде кайталануусун каалабайм, бул апаатка жеринде көңүл буруу керек. Президент Обама, Хиллари Клинтон жана Керри (мурдагы мамлекеттик катчы) биздин өлкөгө он миңдеген адамдардын киришине жол берген. ФБР мурда террор менен байланышы бардыгын иликтеп жаткан адамдардын саны эң көп. Булар алар киргизген адамдардын тобунан.

АКШнын мурунку президенти Барак Обама Сирияда коопсуз аймак түзүү Орусия менен кагылышууга алып келиши ыктымал, Сирия жаңжалына АКШ өтө терең кирип кетет деп барган эмес.

Ошондуктан Трамптын билдирүүсү Сирияда аскерий операция өткөрүп жаткан Орусиянын тынчсыздануусун жаратты.

Деген менен Орусия жана АКШ президенттеринин 28-январдагы алгачкы телефон сүйлөшүүсүндө Владимир Путин менен Дональд Трамп туруктуулук жана өнүгүү үчүн биргелешип иштөөгө даярдыгын билдиришти. Тараптар эки өлкөнүн алакаларын конструктивдүү, тең укуктуу жана эки жакка пайда алып келчү негиздерге таянып, жүргүзүүгө макул болгонун Кремлдин басма сөз кызматы маалымдады.

Президенттер “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы күрөштө орус-америка аракеттерин координациялоону калыбына келтирүү, Сириядагы кырдаалды жөнгө салууда бир багытты кармануу тууралуу сүйлөшүштү.

Кремлдин басма сөз кызматы жарыялагандай, Путин менен Трамп эл аралык башка маселелерге да токтолуп, анын ичинде Украина кризисинин негизги багыттарын талкуулады. Маалыматта Путин менен Трамп көзмө-көз жолугушууга даярдык көрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды беришкен.

Трамп менен Путин 40 мүнөткө чукул сүйлөшкөнү маалым болду.

Орус талдоочулары эки президенттин тил табышуу мүмкүнчүлүгүнө сереп салып жатып Трамп Орусия менен мамилени жакшыртуу, Крымды “кечирип”, санкцияларды алып салуу акысы үчүн Москванын Кытайдан оолак болуусун талап кылышы ыктымал экенин айтып жатышат. Бүт Европа, АКШ санкция салып жатканда аларга кошулбаган Бээжинди Кремль таштап кетеби деген суроолор анын артынан жаралууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG