Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:48

1968-жылкы “Прага жазы” менен 2014-жылкы украин элдик ыңкылабы киндиктеш


Чех жаштары баскынчы советтик танктарга айбат кылып, Чехословакия желегин булгалап турушат. Праганын чордону. 21.8.1968.
Чех жаштары баскынчы советтик танктарга айбат кылып, Чехословакия желегин булгалап турушат. Праганын чордону. 21.8.1968.

Чехтер менен словактар 1968-жылдын 21-августундагы советтик танктардын мурдагы Чехословакияга басып киришин 2014-жылдын 28-февралындагы Украинанын Кырым жарым аралына орусиялык “жашыл кийимчен сылык жоокерлердин”, андан соң Донбасска орус аскерлеринин басып кирген окуялары менен окшоштурушат. Тарыхчынын блогу.

Ар жылы чехтер жана словактар 1968-жылдын 21-августундагы советтик аскерлердин мурдагы Чехословакияга басып кирген окуясын ичиркенүү жана ызалануу менен эскеришет.

Бул баскынчылык аракеттен саал мурдараак, 1968-жылдын башында, Чехословакия Коммунисттик партиясынын жетекчилигинде өзгөрүү болгон.

Кош канаттуу өлкөдөгү коомдук турмушту жана коммунисттик режимди либералдык реформалар аркылуу тынч гана оң жолго салууга болот деп үмүттөнгөн саясатчылардын өкүлү Александр Дубчек Чехословакия коммунисттик партиясына жетекчиликке келген.

ЧСКПнын лидери Александр Дубчек (оңдон үчүнчү) жана Чехословакиянын президенти, генерал Лүдвиг Свобода (солдон үчүнчү) майрамдык парадга катышкан калайык арасында. Прага шаары. 01.5.1968. (Маскөөчүл Густав Гусак, солдон экинчи, 1969-жылы Дубчектин ордуна ЧСКПны жетектеп калган).
ЧСКПнын лидери Александр Дубчек (оңдон үчүнчү) жана Чехословакиянын президенти, генерал Лүдвиг Свобода (солдон үчүнчү) майрамдык парадга катышкан калайык арасында. Прага шаары. 01.5.1968. (Маскөөчүл Густав Гусак, солдон экинчи, 1969-жылы Дубчектин ордуна ЧСКПны жетектеп калган).

Дубчек тууралуу кыска сөз

Теги словак Александр Дубчек (Alexander Dubček; 27.11.1921–07.11.1992) мырза 1968-жылы 5-январда Словакия Компартиясынын Борбордук Комитетинин (БК) Биринчи катчысы кызматынан көтөрүлүп, жалпы эле Чехословакия Компартиясынын БКсынын Биринчи катчысы болуп калды.

Ал кезде Александр Дубчек 47 жашта болчу, саясатчы катары толукшуп турган.

Анын ата-тегине келсек, атасы Штефан Дубчек (1892–1969) жумушчу катмардан чыккан. Штефан АКШда жүрүп коммунисттик идеялар менен алгач таанышкан.

Ал АКШдагы Чикаго шаарында 1919-жылы Павлина Кобыдова (кийин Дубчекова; Pavlína Kobydová / Dubčeková; 1897–1944) менен баш кошкон. Алар эки уулдуу болушкан. Тун уулу Юлиус Дубчек 1920-жылы 11-ноябрда АКШда туулган.

1921-жылы Дубчектер АКШдан Чехословакияга кайтып келишкен.

Алардын экинчи уулу Александр 1921-жылы 27-ноябрда Словакияда (эгемен, “буржуазиялык” Чехословакиянын чыгыш бөлүгүндө) Тренчин дубанынын Бановци-над-Бебравоу ооданына таандык Угровец (Uhrovec) кыштагында жарык дүйнөгө келген.

Штефан Дубчек өз үй-бүлөсү менен 1925-жылы советтик Кыргызстанга келип, Чүй өрөөнүндө “Интергелпо” деген айтылуу чех жана словак коммунасын негиздөөгө катышкан.

Юлиус жана Александр Дубчектер оболу Фрунзе (Бишкек) шаарында, кийин Орусиядагы Горький (Нижний Новгород) шаарында орто мектепте окушкан.

1938-жылы, СССРде сталиндик репрессиялар күчөп турган мезгилде, Дубчектер СССРден Чехословакияга кайтып келишкен.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында жумушчу Александр Дубчек өз агасы Юлиус менен бирге Чехословакиядагы тымызын антифашисттик кыймылга катышкан. Ошол жылдары Александр Компартияга мүчө болуп калган.

Алардын атасы Штефан Дубчек социалист болгону менен, улутчул социализмди (нацизмди) жек көргөн жана нацисттик Маутхаузен концлагеринде жатып чыккан.

Александр 1944-жылы Словакиядагы антифашисттик улуттук боштондук көтөрүлүшкө да катышып, эки жолу жаракат алган. Агасы Юлиус көтөрүлүш маалында, 1945-жылы 22-январда, набыт кеткен.

Александр Дубчек 1949-жылдан тартып компартиялык ишмердикке ургаалдуу катыша баштаган. Коомдук ишке катышуу менен чектелбестен, ал 1955-жылы Словакиянын борбору Братислава шаарында чех педагогу Ян Амос Коменский атындагы университеттин укук факултетин аяктаган.

Андан соң ал 1955–1958-жылдары Маскөөдө КПСС БКнын Жогорку партиялык мектебинде таалим алган. Ал эми 1958-жылы А.Дубчек СЧКПнын Братислава шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп калган.

1968-жылдын апрелинен 1968-жылдын январынын башына чейин ал ЧСКПнын бир бутагы болгон Словакия Компартиясынын БКнын Биринчи катчысы болуп иштеп келди.

Демек, анын Чехословакия Компартиясын жетектөөсү үчүн өмүр жолунда кедерги болчу “шектүү” учур жок эле. Ал ырааттуу өсүп келген “коммунист кадр” болчу.

Бирок... Чехословакиянын көп этностуу коомунда, анын ичинде өлкө айдыңдарында, сталинчил, хрущевчил жана андан кийинки брежневчил коммунисттик режимдерге каршы нааразылык аракеттери акырындап өсө берип, либералдык маанайдагы тымызын күрөш чөйрөсү улам кеңейе баштаган.

Александр Дубчек Леонид Брежневди тосуп алууда. Прага, 21-февраль, 1968-жыл. Алты айдан соң Чехословакия брежневдик танктардын таман астында калат.
Александр Дубчек Леонид Брежневди тосуп алууда. Прага, 21-февраль, 1968-жыл. Алты айдан соң Чехословакия брежневдик танктардын таман астында калат.

Александр Дубчек социалисттик идеяны таптакыр чийип салган эмес. Ал, тек гана, коммунисттик режимди либералдаштырып, “адамкерчиликтүү социализм” түзүлүшүн курууга болот, деп ишенген жана 1968-жылдын жазында ошол багытта саясий реформалар баштаган.

Дал ушул реформачыл аракеттер тарыхта “Прага жазы” деген аталыш менен калды. Аны горбачёвдук “Кайра куруулар” доору менен кайсы бир дееңгээлде салыштырууга да болот.

Арийне, айрымдар Дубчектин “Прага жазы” эртерээк чыгып калды, Горбачёвдун “Кайра куруулары” кечирээк болуп калды, дешет. Бул тыянакка эч макул болууга мүмкүн эмес, анткени, эгерде Советтер Биримдиги Варшава келишимине таянып, кайсы бир катты шылтоо кылып, өз аскерин 1968-жылы Чехословакияга киргизбеген болсо, анда Дубчектин реформалары улантыла бермек да, Чехословакия көп партиялуу демократиялык коомго тынч жол менен (1989-жылдын ноябрындагы элдик “баркыт” ыңкылабы доорунан алда канча эртерээк) эле өтө баштамак.

1968-жылы апрелде Дубчектин тарапташтары Р.Рихта, О.Шик жана П.Ауэсперг жарыялаган “Иш-аракет программасында” ал түгүл “идеялык плюрализм” камсыз кылынышы керектиги, демек, антимарксисттик көз караштарга да эркиндик берилиши зарылдыгы айтылган.

Жазуучу Лүдвиг Вацулик жазып, 60тай айдың (жазуучулар, акындар, композиторлор, актёрлор, дарыгерлер, илимпоздор, спортчулар, ж.б.) кол койгон “Жумушчуларга, дыйкандарга, кызматкерлерге, окумуштууларга, көркөм өнөр кызматкерлерине жана башкаларга даректелген эки миң сөз” (Dva tisíce slov, které patří dělníkům, zemědělcům, úředníkům, vědcům, umělcům a všem) деген кайрыылуу 1968-жылы 27-июнда Прагада чыгуучу “Литерарни новины” (“Адабият жаңылыктары”) басылмасында жарык көрдү.

Анда дагы Дубчектин демократиялык нуктагы реформачыл аракеттерине колдоо көрсөтүлүп, жергиликтүү эскичилдердин (сталинчилердин) далаалаттарынан жана чет өлкөлүк кийлигишүүдөн сак болууга чакырык камтылган.

Советтик танктар Чехословакия үналгысынын кеңсесинин жанында. Прага шаары. 21.8.1968.
Советтик танктар Чехословакия үналгысынын кеңсесинин жанында. Прага шаары. 21.8.1968.

Августтагы аскердик кол салуу

Дал ушул эскичил коммунисттердин жана чет өлкөлүк кийлигишүүнүн ана башы – КПСС БКнын Башкы катчысы Леонид Брежнев жана анын чукул чөйрөсү “Прага жазына” каршы аскердик чара көрүүнү зарыл деп табышты.

Айтмакчы, Чехословакияда биргелешкен аскердик машыгуулардан кийин кала берип жаткан азганактай советтик аскер тобу бар болчу. 1968-жылы 29-июлда эки тараптуу тымызын сүйлөшүүлөр маалында Александр Дубчек советтик жетекчилерден бул аскерлерди өз өлкөсүнөн тез арада чыгарып кетүүгө чакырган.

Ошол жылы 3-августта Братислава макулдашуусуна жетишилип, ага ылайык Варшава келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Чехословакиядагы аскерлери толук бул өлкөдөн чыгарылып кетиши керектиги баса белгиленген.

Бирок Варшава келишими уюмуна мүчө болгон беш өлкө (СССР, Полша, ГДР, Венгрия жана Болгария) 1968-жылы 18-августта өз ара отурум өткөрүшүп (ага Чехословакия өкүлү катышкан эмес), Чехословакиянын бийликтерин “социализмдин жеңип алууларына коркунуч келтирип салды” деп айыптап чыгышты.

20-августтун акыркы сааттарында Чехословакияга жакын аймактарга сырттан кошумча аскерлер топтолуп калган. Баскынчы аскерлердин саны 124 миң жоокерден турду. 6300 советтик танк аларды коштоду.

Чехиянын Плзен шаарында советтик баскынчыларга каршы орусча көрнөк илинип турду. 21.8.2068.
Чехиянын Плзен шаарында советтик баскынчыларга каршы орусча көрнөк илинип турду. 21.8.2068.

Алар 1968-жылы 21-августтун таңкы сааттарынан тартып Чехия менен Словакиянын түйүндүү жайларын көзөмөлдөп калышты.

Албетте, чех жана словак элдеринин эстутумунда бул окуя “советтик танктардын кол салышы” катары калды.

Чехословакия Компартиясынын Борбордук Комитетинин Президиуму (Александр Дубчектин өзү дагы) советтик аскерлердин жана алардын жандоочуларынын кол салуусун дароо айыптап чыгышты.

Эненин каты: "Коля, үйгө кайтчы. Наташа Иван менен жүрөт. Апаң". (Советтик жоокерлерди үйүнө кайтууга чакырган чех карикатура-плакаты). 1968-жыл.
Эненин каты: "Коля, үйгө кайтчы. Наташа Иван менен жүрөт. Апаң". (Советтик жоокерлерди үйүнө кайтууга чакырган чех карикатура-плакаты). 1968-жыл.

Брежнев баскынчы аскерлерге таянуу менен Чехословакиядагы жетекчиликте “тазалоо” жүргүзгөн.

Прага шаарында эки студент советтик баскынчылыкка нааразылык иретинде өздөрүн тирүүлөй өрттөшкөн.

Жарым миллиондой киши либералдык көз карашы үчүн кызматтарынан айрылган. Айрымдар абактарга камалган.

Бирок “Прага жазы” тынч реформа жолу аркылуу тоталитарлык багыттан баш тартуу далаалаты катары эл эсинде түбөлүк калды.

Советтик танк шашылыш курулган баррикаданы тебелеп өтүүдө. Прага шаары. 21.8.1968.
Советтик танк шашылыш курулган баррикаданы тебелеп өтүүдө. Прага шаары. 21.8.1968.

Биляк жана баскынчы аскерди чакыруу

Кийинчерээк айрым советтик жана чехиялык саясатчылар А.Дубчектин өзү советтик аскерлерди чакырган болчу, деп бул саясатчыны жаманатты кылууга далаалат жасашты.

1992-жылы автокырсыктан улам кайтыш болгон А.Дубчек өмүрүнүн акырына чейин бул сөздү жалган деп айтып жүрдү. Ал өзүнүн 1990-жылдын 21-майында СССРдин Президенти Михаил Горбачёв менен жоолугушуусу маалында да советтик жетекчиликке 1968-жылы августта аскердик кол салууга чакырган чехословакиялык өкүлдөрдүн катын ачыктоо өтүнүчү менен кайрылган жана өзү эч качан аскер чакырбагандыгын тастыктаган, бирок ал Горбачёвдон андай кат азырынча табылбагандыгы тууралуу гана жооп алган.

Чехиялык саясатчы Васил Биляк (Vasiľ Biľak; 1917–2014) ушундай кат менен СССРге кайрылгандыгы жөнүндө Я.Кадар эскергенин А.Дубчек кошумчалап айта кеткенде, М.Горбачёв “балким, ал кат Брежневдин жеке чөнтөгүндө эле кала бергендир, азыр айтуу кыйын” деп жооп узаткан.

(Караңыз: Горбачев М. С. Собрание сочинений. Т. 20. Май – июнь 1990 г. – М., 2011. С. 51; Задорожнюк Э.Г. Модификация социалистической идеи: К 95-летию со дня рождения Александра Дубчека // Запад – Восток. – 2017. – №10. – С. 173.)

Теги русин жана алгачкы кесиби тигүүчү болгон Васил Биляк “Прага жазынын” идеяларына “контрреволюциялык далаалат” катары чындап каршы турган. 1968-жылдын жайында ал ЧСКПнын бир бөлүгү – Словакия Компартиясынын БКнын Биринчи катчысы кызматын аркалап жаткан.

1992-жылы Орусиянын президенти Борис Ельцин Прага шаарына келгенде, “Чехословакияга сырттан аскер жөнөткүлө” деген чакырык каттын көчүрмөсүн ала келген. Каттагы беш кишинин бири – ал кезде алигиче көзү тирүү болгон Васил Биляк эле.

Бирок Васил Биляк “бул көчүрмөдөгү кол мага таандык эмес, жалган кол”, деп таптакыр танып койгон. Кийинчерээк путиндик Маскөө бул каттын оригиналын Братиславадагы сотко жөнөтүүдөн баш тарткан.

2011-жылы В.Билякка каршы соттук териштирүүдө айыптоочулардын колундагы далилдер жетишсиз болгондуктан, шахматтагы пат акыбалынан чыга албай токтотулган. Ал кезде Биляктан башка күбөлөр жана болжолдуу катышуучулар эчак “аркы дүйнөдө” болчу.

(Кээ бир кыргыздар “аркы дүйнө менен” байланышып жүрүшкөнүн айтышат, бирок словактарда андай “чыгаандар” жана алардын сөзүнө муюй тургандай соттор чыкпаган көрүнөт).

Советтик танктардын Чехословакияга киргизилишинин 50 жылдыгына арналган коомдук чаралар маалындагы бир көрнөктө тоталитардык режимдер бири-бирине эгиз экендиги чагылдырылган. Прага шаары. 21.8.2018.
Советтик танктардын Чехословакияга киргизилишинин 50 жылдыгына арналган коомдук чаралар маалындагы бир көрнөктө тоталитардык режимдер бири-бирине эгиз экендиги чагылдырылган. Прага шаары. 21.8.2018.

2015-жылы январда Прага шаарындагы Шванда атындагы театрда драматург жана театр режиссёру Виктория Чермакова өзүнүн “Путин жана Биляк сейфтин жанында” деген пьесасын сахнага алып чыкты. Анда Васил Биляктын чал кебетесиндеги арбагы эч уктай албай жаткан Путиндин жанынан кетпестен, көшөрүп туруп алат да, орус президентинен 1968-жылдагы каттын оригиналын берүүнү талап кыла берет.

Көрүнгөн кишиден коркуп, бункердин ичине жатып алган жана оюндун соңунда үй кызматкери, гимнаст Анна деген айымдын огунан өлгөн Путиндин ролун чех өнөрпозу Марек Поспихал аткарган.

“Прага жазын” кыйраткан окуялардын дагы далай барактары постсоветтик Орусиядагы мурдагы КГБга таандык жана башка жашыруун архивдик фонддордун маалыматтары ачыкталган соң гана дайын болчудай.

Кырымдагы “жашыл кийимчендер”

2014-жылдын 28-февралынан тартып эгемен Украинанын Кырым жарым аралына “жашыл аскер кийимчендер” толуп кетти.

Алардын кезеген автоматтарына таянып, орусиялык баскынчылар Кырымда жалган референдум өткөрүштү жана ага дээрлик удаалаш эле Донбасстын айрым аймактарын басып алышты.

Даректүү тасма. В.Путиндин Кырым жаатындагы бири-бирине карама-каршы билдирүүлөрү (орус тилинде).

1968-жылы августта советтик танктардын Чехословакияга басып киришине негизги себепкер окуя – Чехословакиядагы реформачыл коммунисттердин жана аны колдогондордун кеңири кыймылы болгон.

Ал эми Украинадагы 2014-жылдан бери улантылып жаткан путиндик баскынчылыктын негизги себеби – 2014-жылдын башындагы жеңиштүү аяктаган экинчи элдик ыңкылап болду.

Украин диссиденти Васил Макух СССРдин аскерлеринин Чехословакияга киргизилишине каршы нааразылык кылып, 1968-жылы 5-ноябрда Киевдин Крещатик аянтында өзүн өзү өрттөгөн. Бул көрнөк маркумду эскерүү маалында илинип турду. Днепр шаары, Украина. 2021-жылдын ноябры.
Украин диссиденти Васил Макух СССРдин аскерлеринин Чехословакияга киргизилишине каршы нааразылык кылып, 1968-жылы 5-ноябрда Киевдин Крещатик аянтында өзүн өзү өрттөгөн. Бул көрнөк маркумду эскерүү маалында илинип турду. Днепр шаары, Украина. 2021-жылдын ноябры.

Украина эли азыркы Чехия менен Словакия сыяктуу эле Европа Биримдигине мүчө болууну эңсеп келет. Расмий Киев Украинанын мамлекеттик коопсуздугун андан ары чыңдоо идеясын НАТОго мүчөлүккө өтүү жолу аркылуу жүзөгө ашырууну эп көрдү.

Эгерде азыркы Орусияда авторитардык түзүлүш эмес, демократиячыл бийлик орногон болсо, анда Кремл өз коңшусунун мындай тандоосун колдооого гана алмак жана өзү дагы Европа Биримдигине кирүүгө умтулуп, демократиячыл реформалар жүргүзмөк.

Арийне, Путиндин бийлиги мунун ордуна өзүн Евразиядагы жандарм катары, “дүйнөдөгү англосаксондук (б.а. америкалык жана британдык) үстөмдүккө каршы турган кубаттуу уюлдун чордону” катары элестетип алды да, Украинага каршы баскынчыл согушту 2022-жылдын 24-февралынан тартып кеңири өлчөмдө улантууга өттү.

Дал ушул тарыхый кырдаалда көптөгөн чехтер жана словактар өздөрүнүн 1968-жылдагы реформаларды жана эгемендикти сактоо күрөшүндө жападан-жалгыз калган учурларын эстешип, адилеттүү, нагыз атамекендик согуш жүргүзүп жаткан эгемен Украинага ар тараптуу көмөк беришүүдө.

Бул дагы мурдагы тарыхый окуянын сабагынын бир бучкагы.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG