Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 20:29

Бээжин Москвага маалыматтык колдоо көрсөтөт


Иллюстрациялык сүрөт.

«Медуза» интернет-басылмасы Кытай орусиялык медиада өз үгүтүн кеңейтүүгө аракеттенип жатканын жазып чыкты.

2018-жылдан бери Орусиядагы бир катар бийликчил маалымат каражаттары Кытайдагы ири медиакорпорация менен кызматташат.

Ушундан улам Орусияда расмий Бээжин тууралуу үгүт иретиндеги жаңылыктар менен макалалар байма-бай жарык көрүп турат. «Бийликтин идеологиясын жайылтуу боюнча Москва менен Бээжиндин ортосундагы келишим эки тарапка бирдей пайдалуу эмес», - деп жазат «Медуза» интернет-басылмасы.

Бир нече телерадиокомпанияга ээлик кылган медиакорпорация Кытайда эки жыл мурун Си Цзиньпиңдин демилгеси менен түзүлгөн. Кытайдын АКШ менен соода согушу күчөп турган кезде медиакорпорация Владивостоктогу экономикалык форумда «Россия сегодня» агенттиги менен келишим түзгөн.

Дмитрий Киселев.
Дмитрий Киселев.

«Орусия менен Кытайдын алакасы акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Кытайлык жана орусиялык медиалардын башкы милдети - бул алаканы маалыматтык жактан колдоп, маалымат алмашууну кеңейтүүдө», - деген анда «Россия сегодня» агенттигинин башчысы Дмитрий Киселев.

«Медуза» басылмасы өздүк булактарына таянып, эки тарап айына жарык көрчү макалалардын санына, тематикасына жана стилистикасына чейин макулдашканын белгилейт.

Мындай үгүт иретиндеги макалаларга «Российская газета» басылмасында жарык көргөн «Шинжаңда адам укуктары бузулган жок» деген баян мисал келтирилет.

Анда Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы мусулмандардын, анын ичинде уйгурлардын абалы баяндалган. «Кытай бийлигинин даанышман саясаты менен Шинжаңда жергиликтүү тургундарга айкалышкан жана туруктуу жашоо камсыздалган» деп коштолот макаладагы бир сүрөт.

Укук коргоочулар бул аймакта мусулман азчылыктары менен уйгурлар куугунтукка кабылып жатканы туурасында бир нече жылдан бери коңгуроо кагып келет. Ал эми «Российская газета» басылмасында макала үгүт катары жазылып, «Орусия-Кытай: Башкысы» мобилдик тиркемесинин маалымат кызматына шилтеме жасалган. Бул тиркемени Кытайдын медиакорпорациясы «Россия сегодня», «Российская газета» менен чогуу иштеп чыккан.

«Медиалогия» агенттигинин эсеби боюнча орусиялык медиаларда айына Кытайдын медиакорпорациясынан алынган 100дөн ашуун материал жарыкка чыгат. Кытайда жооп иретинде орус бийлигин жактаган жаңылыктар кабарланып турат.

Жоржия штатындагы университетинин глобалдык коммуникациялар боюнча профессору Мария Репникова «Медузадагы» маегинде Кытайдын өкмөттүк маалымат каражаттарында иштеген журналисттер аларга Орусия тууралуу жагымсыз же сынчыл макалаларды жазууга тыюу салынганын айтып беришкенин белгилеген.

Ошол эле кезде Кытайда Орусия тууралуу айрым темаларга жол берилбейт. Мисалы, Крымдын аннексияланышы тууралуу баяндар чыгарылбайт. Расмий Бээжин Крымды Украинанын аймагы катары тааныйт. Ошондой эле орус президенти Владимир Путиндин «Россия сегодня» агенттигине таандык «Sputnik» сайтынын кытай тилиндеги баракчасында жарык көргөн Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу макаласы ошол эле күнү бөгөттөлгөн.

«Бул символик түрдө иштеген нерсе. Орусия менен Кытайдын алакасы оңолду, ал эми маалымат алмашуу ага көмөктөшөт деген кеп. Бул көбүнесе Орусия кызматташууга ачык, Кытайды сыйлайт, Кытай болсо БУУда Орусияны колдоп берет деген нерсе. Албетте, Кытай азыр Орусияга караганда күчтүү өнөктөш, Кытайдан Орусия көз каранды. Ошондуктан теңата, эки тарапка бирдей пайдалуу кызматташтык тууралуу айтууга болбойт», - деген Мария Репникова «Медузадагы» маегинде.

Кытай медиакорпорациясы орус тилдүү аудиторияны өзүнө тартыш үчүн жаңы форматтарды ойлоп табууга аракеттенет. Мисалы, CGTN каналы Кытайдын жогорку бийлигинин эки жумалык жыйыны тууралуу орус тилинде рэп тарткан.

Анткен менен «Медуза» орусиялык басылмаларда Бээжиндин үгүтүн жайылтуу анча ийгиликтүү эмес, социалдык тармактарда окурмандары аз, атайын жасалган «Орусия-Кытай: Башкысы» мобилдик тиркемеси «AppStore» базасында жаңылыктарды таркаткан башка 200дөй тиркемеден жогору көтөрүлүп кеткен жок деп жыйынтыктайт.

«Медузанын» сурамжылоосуна катышкан эксперттер орус басылмаларынан Кытайдын саясаты тууралуу кызыгып окугандардын аз болуп жатканын баяндардын бир тараптуу формалдуулугу менен кытай-орус багытында медиа адистердин жетишсиздиги менен түшүндүрүшкөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG