Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Кош бойлуу Айпери орус абагында жатат


Москвада кош бойлуу кыргызстандык келин акча уурдоого айыпталып камалган.

26 жаштагы Айперинин алты айлык боюнда бар. Ал эки жылдан бери Москвада ар кайсы мекемени жууп-тазалап иштеп келген.

Тааныштарынын айтымында, акыркы кезде кош бойлуу мигрант келин ишсиз калган. Тапканын Кыргызстанга салып, улам бирөөгө карыз болуп, акчадан кыйналып жүргөн экен.

27- февралда Айпери акча уурдоого айыпталып, Москванын Куркино районундагы полиция бөлүмүнө камакка алынган.

- Ал медклиниканы жууганы барып, бирөөнүн сумкасынан 250 миң рублди алып чыгып кетиптир. Биз ортомчу компания аркылуу ар кандай мекемелерге барып иштейбиз. Бирок, расмий түрдө катталган эмеспиз. Заказ болгондо эле чакырышат. Медклиникада чуу чыкканда, телефон аркылуу Айперини бир жерге ишке чакырып, полицияга карматышыптыр, - деп айтты бир жылдан бери чогуу иштеген таанышы.

Айперинин Москвада жакын тууганы жок. Кыргызстандык жигит менен жарандык никеде жашап жүргөн.

Боюндагы баласынын атасы Канат Айпери камакка алынгандан кийин, жашаган батиринен акчаны таап, полицияга өткөрүп берген.

- Күнөөсүн моюнуна алып коюптур. Мен батирден акчаны таап полицияга алып барып бердим. 250 миң рублдин 30 миңи жетпей жатат. Полицияга жашаган дарегин айтып салыптыр. Эми ал жактагылар «бизге да балээ болот, кийимдерин алып кет» деп жатышат.

Канаттын азыр адвокат жалдап, Айперинин укугун коргоого каражаты жок. Москвадагы кыргыз элчилигине да өз учурунда кайрылган эмес.

- Адвокаттар 80 миң рубль сурап жатышат. Азыр бизде андай акча жок. Батирдегилер да ызы-чуу түшүп "кеткиле" деп жатышат. Ата-энеси Кыргызстанда жол кырсыгына кабылып, апасы жакында эле ооруканадан чыккан. Адвокат жалдап, кош бойлуу деп үй камагына сурасак деле, туруктуу катталган бир жай керек экен. Аны мен Москвадан кайдан табам?!

Москвада медклиникада бирөөнүн сумкасынан 250 миң рубль уурдоого айыпталып жаткан, 26 жаштагы алты айлык боюнда бар Айперинин соту жакында болору күтүлүп жатат.

- Учурда жарандын миграциялык документтери текшерүүдөн өтүп жатат. Кылмыш 22-февралда катталып, беш күндөн кийин кармалыптыр. Эми сотто айыбы угузулуп, тергөө башталат. Тергөөчү эки айлык мөөнөт менен камакка алууну сурашы мүмкүн. Уурдалган акчанын көлөмү боюнча азыр 158-беренесинин 3-пунктуна туура келип жатат, - деди Москвадагы кыргыз элчилигинин юристи Мырзапаяс Карагулов.

​Учурда Айперинин жазасын жеңилдетүүгө керектүү документтерди даярдоого, укугун коргоого Москвадагы кыргыз элчилиги, Кыргызстандын ИИМнин өкүлчүлүгү көмөктөшүүдө.

Ага Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин «уурулук» беренеси боюнча бир жылдан алты жылга чейин абакка кесүү же түзөтүү иштерине милдеттендирүү жазасы чегерилиши мүмкүн. Ошондой эле чет өлкөлүк жаран катары Орусиядан депортация болушу ыктымал.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG