Линктер

шаршемби, 17-июль, 2019 Бишкек убактысы 15:10

Тукумсуздукка жеткирген төрт оору


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жыныстык жол менен жуга турган хламидия, гонорея, трихомониаз, сифилиске жыл сайын 15 жаштан 49 жашка чейинки 376 миллион киши кабылып жатканын маалымдады.

Учурда дүйнө жүзүндө он беш жаштан 50 жашка чейин 127 миллион адам хламидия, 87 миллион киши гонорея, 6,3 миллион адам сифилис, 156 миллион адам трихомониазды жуктуруп алган.

Бул төрт оорунун симптому белгисиз болгондуктан, бейтаптардын көбү догдурга дарты күчөп кеткенде гана кайрылат. Мындай учурда аны какыс айыктыруу да оорлойт.

Жыныстык жол менен жуккан ооруларды дарылбай койгон учурда көз жана нерв ооруларын козгойт. Тукумсуздукка алып келет, боюнда бар эне жуктурган учурда ичтеги бала оорукчан болуп төрөлүшү мүмкүн.

Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлигинин Тери жана венерологиялык оорулар департаменти жыл сайын мониторинг жүргүзүп, төрт дарттын жайылуу картасы менен статистикасын чыгарып турат.

Аталган департаменттин кызматкери Алла Бышевская 2017-2018-жылдары бул ооруну жугузуп алгандардын саны азайганын айтууда.

"Бизде 2017-жылга салыштырмалуу былтыр дал ушул төрт ооруну жуктургандар 1,5 пайызга азайган. Гонорея 24,5 пайызга, хламидиоз 23, трихомониаз 24 пайызга азайды".

Анткен менен расмий көрсөткүчкө макул эмес дарыгерлер да бар. Алардын бири - Бишкектеги жеке менчик тери-венерологиялык оорулардын клиникасынын дарыгери Нурболот Чоюбеков:

"Мындай оорулар менен дарыгерге кайрылгандар аз болушу мүмкүн. Бирок бул төрт дартка сасык тумоодон кийин эле адамдар эң көп кабылары талашсыз. Бизде адамдар убагында текшерилбейт, дарыланбайт, дарт өтүшүп кеткенде гана догдурга келет. Жугузуп алганын билбей жүрүп тукумсуз болуп калгандар бар. Мурда Бишкектеги Сүйөркулов көчөсүндө төрт кабаттуу республикалык тери-венерологиялык оорулардын диспансери бар эле. Аны жоюп наркология кылып салышты. Адистердин баарын кыскартып, ишсиз калган догдурлар чет өлкөгө кетүүгө мажбур болушту. Бул жакта калгандары жеке менчик ооруканаларда иштеп жатат. Азыр Кыргызстанда мындай ооруларды дарылаган адистер жетишпейт", - деди Нурболот Чоюбеков.

​Чоюбеков миграцияда жүргөн адамдар арасында бул оорулар көп кездешип жатканын, дарылануунун баасы да кымбат экенин эскертти.

Белгилери жана дарылоо

Тери жана жугуштуу оорулар боюнча дарыгер Айбек Ачанов бейтаптар көбүнчө хламидиозду жуктуруп алышарына токтолду.

"Заара бөлүп чыгаруу кыйындайт. Табарсык же жатын ооруп, сары, киргилт жашыл түстөгү ириң бөлүнүп чыгат. Жуккандан кийин 10-15 күндөн кийин билинет. Бул оорунун организмде бар же жогун билүү үчүн атайын адистешкен лабораторияга гана анализ тапшыруу зарыл. Анткен менен аны дарылоо тез жана оңой. Өз убагында дарылангандар 100 пайыз айыгып чыгат".

​Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму хламидия менен чогуу жүрөт деп тапкан трихомониаз таякчасы тууралуу дарыгер Ачанов түшүндүрмө берди:

"Трихомониаз деле хламидия сыяктуу. Ал жукканда заара бөлүп чыгарган органдар ачышып, ириңге окшош суюктук чыгат. Ооруну гинеколог, венерологдор бат эле аныкташат. Антибиотиктердин жардамы менен тез эле дарылап, айыктырса болот".

Соңку жылдары дүйнөдө бул төрт ооруну жуктургандардын саны көбөйдү. 2016-жылы 15 жаштан 29 жашка чейинки 127 миллион кыз-келинде жыныстык жол менен жуккан оорулар катталган.​ Ушул эле жылы 87 миллион адамга гонорея жукканы маалым болгон.

2017-жылы болсо дүйнөнүн 77 өлкөсүндө антибиотикти тоготпогон гонореянын түрлөрү катталган.

Ачанов гонорея менен сифилистин белгилери жогорудагы эки дартка окшош эле башталарын, бирок убагында дарылабаса кесепети оор болорун эскертти.

Адистер бул оорунун алдын алуу үчүн жалгыз жолу жыныстык жашоону коопсуздандырып, жылына бир ирет гинеколог, урологдун текшерүүсүнөн өтүп турууну сунушташат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG