Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:24

Жүрөк тууралуу жүз сөз


Иллюстрациялык сүрөт.

«Жүрѳк» деген сѳз менен байланышкан сѳздѳрдү чечмелей кетели.

«Жүрѳгү айлануу» дейт. Кускусу келген акыбалды, окшуй тургандай болуп ѳзүн жаман сезе баштаган учурду айткандагысы. «Кокуй, чылапчын апкеле калгылачы, жүрѳгүм айланып кетти» дейт. Кээде ушул эле сѳздү «жүрѳгүм айнып кетти» , «кѳңүлүм айланып кетти» деп да коёт.

«Жүрѳгү жарылуу» деген бар. Адам абдан сүйүнгѳндѳ же катуу коркуп кеткенде апкаарып же толкундап кеткен абалды түшүндүргѳн сѳз. «Кыргыз тилин мамлекеттик тил деп жарыялаганда сүйүнгѳндѳн жүрѳгүм жарылып кете жаздады» дейт. «Түн ичинде бейиттерден тир укмуштай үндѳрдү угуп, узап кеткенче жүрѳгүм жарылып кала жаздабыдыбы» дейт. «Дайынсыз жок болду деген баласы тирүү келатканын укканда жүрѳгү жарылып кете жаздады» дейт.

Кээде «жүрѳгүм түшүп кала жаздады», «жүрѳгүм оозума тыгылды», «жүрѳгүм алкымыма келе түштү» деп да коёт.

«Жүрѳгү алып учуу» дейт. Кандайдыр бир кооптуу же кубанычтуу нерсени күткѳндѳй, анын эмне болуп бүтѳрүн ачык билгиси келгендей тынчсыздана берүү, кѳңүлү эргип, токтоно албай элеп-желеп болуу. «Угары менен эле жүрѳгү алып учуп, үйгѳ олтуралбай калды» дейт. «Жүрѳгү алып учкан Молдакун аттан кандай түшкѳнүн да сезген жок» дейт. Бул маанидеги «жүрѳгүм аттай туйлап кетти», «жүрѳгүм туйлады», «жүрѳгүм алып учту», «жүрѳгүм атып кетти», «жүрѳгүм болк дей түштү», «жүрѳгүм кабынан чыгып кете жаздады» деген түрлѳрү да бар.

«Жүрѳгү ачышуу» дейт. Бир ишке аябай кайгыруу, туталануу, ичи күйүү. «Жалдап алган батири эптеп-септеп эле экен. Канты жок каткан нан менен чай ичип олтурушуптур. Жүрѳгүм ачышып кетти» дейт.

«Жүрѳгүм зыр дей түштү» дейт. Бүткѳн бою дүр этип, тынчсыздана түшүү. «Ойлобопмун, кызыл-жаян болуп кирип турган сууну кѳргѳндѳ «кантип кечем» деп жүрѳгүм зыр дей түштү» дейт.

«Жүрѳгү даабайт» деген сөз бар. «Барарын барып алып эшигин ачканга жүрѳгүм даабай турду» дейт.

«Жүрѳгү жаралуу» дейт. Кайгылуу, капалуу, санаалуу, абдан оор кайгысы бар деген кеп. «Ал жалгыз баласынан айрылгандан бери жүрѳгү жаралуу болуп калды» дейт.«Жүрѳгү жибүү» дейт. Ийигүү, жакшы кѳрүү, ыраазы болуу. «Келини жүгүнүп алдынан чыкканда эле байкуштун жүрѳгү жибип кетти» дейт. «Ошол баланы кѳргѳндѳ эле жүрѳгүм жибий баштайт» дейт. Кээде «жүрѳгү жылуу, «жүрѳгү ийигүү» деп да коет.

«Жүрѳгү жок» дейт. Коркок, ѳтүмү жок, кайратсыз дегенди билдирет. «Ал башынан эле жүрѳгү жок неме болчу» дейт. «Жалаң жүрѳгү жок кишилерди топтоп коюптур, бир да айылдын маселесин айта алышпады» дейт.

«Жүрѳгү күйүү» дейт. Катуу кайгыруу, капа болуу, ичи уйгу-туйгу болуу. «Кан басымы кѳтѳрүлүп, жүрѳгү күйүп баратты, бирок колдору муздак экен» дейт. «Ак жеринен кесилгенин укканда тим эле жүрѳгүм күйүп кетти» дейт.

«Жүрѳгү мокоо» деп коёт. Мурдагыдай ѳткүр, ѳтүмдүү боло албай, жалтак, коркок болуп калуу, тарткынчыктап качып калуу. «Жүрѳгүм мокоп калыптыр, айта албай койдум» дейт.

«Жүрѳгү муздоо» дейт. Кѳңүлү калуу, жаман кѳрүп калуу, жек кѳрѳ баштоо, ичи жылыбоо. «Депутаттардын баланчаны кѳз кѳрүнѳѳ ѳткѳрбѳй койгонуна жүрѳгүм муздап калды» дейт. Кээде муну «ичи муздоо» деп да коёт.

«Жүрѳгү муз» деген бар. Мээримсиз, таш боор, кайрымсыз адамдарды айтат. «Жүрѳгү муз экен, ал-абалымды айтсам да үн катып койгонго жараган жок» дейт. Кээде «муз жүрѳк, «таш жүрѳк», «жүрѳгү таш» деп да коёт.

«Жүрѳгүндѳ кара жок» дейт. Кээде тайманбас, эр жүрѳк, баатыр, ѳткүр, курч кишилерди, кээде ак ниет, ичинде арамдыгы жок, ак пейил кишилерди айтат. «Жүрѳгүндѳ карасы жок азамат болчу» дейт. «Байкушум, «барса барып жардам берип келели» деди, жүрѳгүндѳ кара жок жан эмеспи» дейт.

«Жүрѳгүнѳ барбай» дейт. Тамак ичүүгѳ табити тартпаганы, ичкиси келбегени. «Кечээгиден кийин жүрѳгүнѳ тамак барбай жатпайбы» дейт.

«Жүрѳгүн ѳйүү» деген бар. Кайсы бир нерседен тынчсызданып сары санаа болуу, жүрѳк заада болуу, санааркап ойлоно берүү. «Жүрѳгүмдү ѳйүгѳн бир нерсе бар, быйыл кыштан кантип чыгар экенбиз?» дейт. «Жүрѳгүн ѳйкѳѳ» деп да коёт.

«Жүрѳгүн ѳлтүрүү» дейт. Аябай коркутуу, жалкытуу, экинчи баш кѳтѳргүс кылуу, катуу кыйнап кѳңүлүн калтыруу. «Рыспекти канча коркутуп, канча кыйнашса да жүрѳгүн ѳлтүрѳ алышкан эмес» дейт. «Буларды жаштайынан жүрѳгүн ѳлтүрүп коюш керек» дейт. «Жүрѳгүн майтаруу» , «жүрѳгүнүн сары суусун алуу» , «жүрѳгүн үшүтүү», «жүрѳгүнүн үшүн алуу» деп да коёт.

«Жүрѳк кѳтѳрүү» дейт. Корккондуктан ооруп калган балдарга ырым-жырым жасатып, эмдетип-домдотуу. Мындай ырым-жырымды кѳбүнчѳ кемпирлер жасаган. Алар ооруп калган баланы ырым аркылуу эмдеп келишкен. «Жүрѳгү түшүп калганынан, айылдагы кемпирге алып барып жүрѳгүн кѳтѳртүп келдим» дейт.

Сөздүктөн чогултуп жарыялаган Шайлообек Дүйшеев

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG