Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Туристтерден тажаган испандар


Барселонадагы туристтерге каршы акция.
Барселонадагы туристтерге каршы акция.

Испаниянын кээ бир чөлкөмдөрүндө туристтерден тажаган маанай өкүм сүрүп жаткандай. Туристтердин Меккеси – Барселонанын тургундары эс алуучулардын айынан баалар өсүп жатканына нааразы болуп акция өктөрүштү. Ошол эле маалда өлкө калкынын ири бөлүгү туризмдин эсебинен күн көрөт.

Август Испанияда туристтик сезон кызып турган чак. Кымгуут түшкөн күнөстүү пляждарда каалаганы жылуу деңизге түшүп, каалаганы күнгө кактанып жатат. Башкалары болсо байыркы шаарлардын тар көчөлөрүн кыдырып, сүрөткө түшүп, түрдүү тамак-аштардын даамын татып, белек-бечкек сатып алуу менен алек.

Келгиндердин агылышы арийне жергиликтүү тургундардын барына эле жага бербейт. Бир нече убакыттан бери кээ бир шаарлардан "Бул жер саякат үчүн эмес, жашоо үчүн", "Туристтерди каалабайбыз, туристтер кеткиле" деген жазууларды көп көрсө болот.

Өткөн апта соңунда Барселонанын эң белгилүү Барселонета пляжына чогулган жергиликтүү жашоочулар нааразылык акциясын өткөрүштү. Деңиз жээгинденги район конок үй, ресторандарга жыш толгон. Көп батирлер ижарага берилет. Каталониянын борборунда жашагандар туристтердин жүрүм-турумунан тышкары алардын айынан баалардын өсүшүнө нааразы болушууда:

- Сентябрдан кийин кайда бараарымды билбейм. Чамама чак үй таба албай жатам. 600 евродон ашык төлөй албайм. Туризм албетте жакшы, киреше алып келет, эл иштей алат, бирок жергиликтүүлөр ижаранын баасын көтөрө алышпайт, - деп даттанат Мария Луиза аттуу тургун.

Испаниядагы туристтер.
Испаниядагы туристтер.

Маалыматтарга караганда, 2014-жылдан бери Барселонада турак жайлардын баасы 10 процентке өскөн.

Анын алдында солчул активисттер да жүрүшкө чыгышкан. Алар азыркыдай туризм жумушчу класстын жакырланышына гана алып келүүдө дешет. Барселонадагы стадиондун жанында болсо, жаштар туристтердин автобусуна чабуул коюп, "Туризм салттуу кичи райондорду өлтүрүүдө" деген жазууну калтырып кетишти.

Туристтер көп барган Майорка, Басктардын жеринде да туристтерден чарчадык деген маанай күчтүү.

- Пальма де Майорканын борбору абдан кымбат болуп калды. Борбор гана эмес бүтүндөй арал кымбаттады. Баалардын өсүшү кадимкидей сезилип калды, - дейт майоркалык Франциско.

Бийликтегилер болсо туристтерге мындай кас маанай өкүндүрөт деп, туризм экономиканын эң кирешелүү тармактарынын бири экенин эске салышат.

Биринчи жарым жылда эле Испанияга рекорддук 36 жарым миллионго жакын турист келип кетиптир.

- Испанияда иштегендердин 13 проценти туризм тармагында эмгектенет же 2,5 миллиондон ашык испаниялык туризм секторунда иштейт. Ички дүң өндүрүмдүн 12 проценти туризмге туура келет. Туристтерди жакшы тейлеп, жакшы мамиле кылышыбыз керек, – дейт Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой.

Мариано Рахой.
Мариано Рахой.

Көптөгөн үй-бүлөлөр туристтердин эсебинен иштеп, акча таап жатканына карабай, Барселонанын шаар бийлиги июнда өткөргөн сурамжылоо жергиликтүү жашоочуларды мурдагыдай жумушсуздук же башка социалдык көйгөйлөр эмес, туризм эң көп түйшөлткөнүн көргөзгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG