Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

СССР: Айдың жана өнөрпоздордун чет өлкөлөргө түйшүктүү саякаты


Майя жана Азарий Плисецкийлер кубалык балерина Алисия Алонсо менен. 1969-жыл.
Майя жана Азарий Плисецкийлер кубалык балерина Алисия Алонсо менен. 1969-жыл.

Текст сабынын артындагы көмүскө турмуш

Совет доорундагы өнөрпоздор жана жалпы айдыңдар чет өлкөгө чыкканда туш болгон социалдык жана башка түйшүктөрдүн көбүн ошол муундун гана өкүлдөрү мыкты билет. Алардын айрымдарын ачыктоо ошол доорду кайра кайтарууну эңсегендерди ойлондура алабы? Тарыхчынын блогу.

Дүйнө жүзүнө мурдагы совет элдеринин маданиятын жана көркөм мурасын тааныштырган чыгаан өнөрпоздордун тагдырында чет өлкөлөргө, асыресе өнүккөн Батыш мамлекеттерине гастролго жана саякатка чыгуу – айырмалуу окуялардан болгон.

Алар мекенине кайтып келген соң, советтик басылмаларда жана сыналгыда ар кыл маектерди куруп, эскерүү жазып, Батыштын өксүк жактарын маашырлана баса белгилеп айтышаар эле.

Ошол эле учурда алардын баяны жазылган тексттердин сабынын аркасында бул өнөрпоздор баштан кечирген аянычтуу көрүнүштөр аз эмес эле жана ал көйгөйлөр тууралуу батынып ачык айтып чыккандар дээрлик жок болгон.

Себеби советтик өнөрпоздордун чет жердеги көйгөйүн чагылдырганга дааган киши болочокто чет өлкөгө чыгармачыл сапарга өңүндө эмес, түшүндө гана чыгып калмак.

Капиталисттик өлкөгө чыгаар алдында советтик жаранга берилчү нускама. 1-бет. 1979-жыл.
Капиталисттик өлкөгө чыгаар алдында советтик жаранга берилчү нускама. 1-бет. 1979-жыл.

Ички саякат учурундагы өнөрпоздордун көйгөйлөрү

Албетте, Советтер Биримдигинин ичиндеги саякат маалында өнөрпоздор дуушар болгон тиричиликтик көйгөйлөр жаатында эгемендик доорунда аздыр-көптүр айтылып жүрөт.

Маселен, тээ совет заманында Кыргызстандын маданиятынын Маскөөдөгү он күндүк иш-чараларына баргандардын арасында болуп, концерт коюуга катышкан бир айымдын эскерүүсү менен таанышып, ал кадыресе көрүнүш катары айткан бир жагдайга айран таң болгон элем.

Кыргыз өнөрпоздору Маскөөдө убактылуу туруп калган конок үйүндө ысык суу жок экен. Ал эми Кремлдеги концерт коюлчу жайдагы ашкананын ажатканасында ысык суу бар экен.

Анан кыргыз өнөрпоз айымдар ошол ашкананын ажатканасындагы кол жууй турган жайда кезектешип баштарын жууп, ой-да бир жыргашкан экен!..

Ал кезде жашаган киши “Ошонун эмнесине таң калууга болсун! Шаар-кыштактарды аралап концерт койгондо, артисттер жөө-жалаң жана ачка кыдырган учурлар дагы болбодубу!” деши мүмкүн, ал эми азыркы жаштар “килейген СССРдин борборундагы конок үйүндө кантип эле ысык суу болбой калсын!” деп ишениңкиребеши деле ажеп эмес. Ар ким өз бүтүмү менен калаары бышык.

Кыргыз артисттеринин бир тобу Чүйдөгү айылдардын бирине концерт коюп келишет. Үй ээси аларга тоок союп берсе, эртеси өнөрпоздордун бир куудул өкүлү корозду туурап кукулуктап чыгат.

Анда үй ээси уялып, өнөрпоздорго кийинки күнү кечинде кой союп берген экен...

Бул окуяга, албетте, совет доорунун жарандары кыраан каткы күлүп мамиле кылышчу. Азыркы жаштар, албетте, ансыз да үй-бүлөсүн эптеп багып жаткан айылдык тургун “өз эсебинен кой союптур” деп аны аяшаары шексиз.

Ал эми өнөрпоздор эч кандай конок үйү жок элет жергесине барганда, алар үчүн эч кандай тиричиликтик шарттар алдын-ала түзүлбөгөндүгү, аларга иш сапар үчүн акы да төлөнбөгөндүгү сыяктуу социалдык көйгөйлөр ал кезде эч кимди ойлонтчу эмес.

(Мында биз өнөрпоздорду өз эрки менен сыйлаган элеттик меймандостук тууралуу эмес, бийликтердин өнөрпоздорго карата текебер мамилеси тууралуу айтып жатабыз).

Партиялык төбөл элетке келчү болсо, албетте, конок ээлери өз эсебинен бери дегенде тай же кой союп тосуп кошоматтанып тосуп алышчу.

Тасма. Майя Плисецкая коммунисттик режим тууралуу.

Майя Плисецкаянын АКШ сапары тууралуу баяны

Даңазалуу орусиялык жана советтик балерина, хореограф Майя Плисецкая (1924–2015) XX кылымдагы дүйнө жүзүндөгү эң чыгаан балериналардын бири болгону маалым. Ал СССРде жана чет өлкөлөрдө эң жогорку атак-сыйга ээ болгон. 1984-жылы жаңы ачылган астероидге анын урматына “Плисецкая” деген аталыш берилген.

Анын “алакушту атынан чакырган” ачык-айрым эскерүүлөрүнүн биринде советтик өнөрпоздордун 1959-жылы АКШга гастролго чыккандагы турмуш шарттары ачык сыпатталган.

Советтик таланттуу өнөрпоздордун чет мамлекеттердеги (анын ичинде АКШдагы) ийгиликтүү концерттери өз өлкөсүнүн казынасына чоң акча каражатын алып келип турган. Чет өлкөлөргө өзгөчө таланттуулар гана концерт коюуга жөнөтүлчү.

Бирок өнөрпоздордун өздөрү чыгармачыл эмгеги үчүн Совет бийлигинен текейден арзан, жарыбаган акы алышчу.

Плисецкаянын маалымдашынча, ошол 1959-жылы ал АКШдагы ар бир коюлган оюн үчүн болгону 40 доллар алган, ал эми оюн коюлбаган күндөрү ага эч нерсе төлөнчү эмес экен. Ал эми жапырт бийлөөгө катышкандарга (кордебалет) күнүнө 5 доллар гана беришчү экен.

Кордебалет өкүлдөрү бул жарабаган көлөмдөгү акчаны (орусча “суточные”, б.а. бир күн–бир түнгө акы) “шуточные” (“тамашалап эле берилген”) деп азил кылып аташчу экен.

Партократтар үчүн кырдаал башкача болчу

Айтмакчы, чет өлкөгө гастролго чыккан өнөрпоздорго “өз маяналарыңар жана калем акыңар тууралуу эч кимге айтпайсыңар, бул темада эч бир чет элдик менен сүйлөшпөйсүңөр” деген катуу талап коюлган. Ал эми өнөрпоздорго алар чет мамлекеттерде концертте тапкан акча каражаты “социалисттик мамлекеттин өзгөчө зарыл муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жумшалат”, деп кыйытып түшүндүрүлчү экен.

Плисецкая айым бул акчалардын айрымдары каякка жумшалгандыгын да такмазалап айтып, бир мисал келтирет: ал – Андрей Кириленконун (1906–1990) уулунун жоругу. Леонид Брежневдин тушунда КПСС Борбордук Комитетинин мурдагы катчыларынын бири (1966–1982), Саясий бюронун мүчөсү болгон, эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон Андрей Кириленко өтө таасирдүү партиялык төбөл эле. Учурунда Кириленко КПСС БКнын Баш катчысы Брежневдин мураскору болушу ыктымал деп айың кеп жүргөн. СССРдин аскер өнөр жайын көзөмөлдөгөн дал ушул Кириленко ал түгүл бул ири мамлекеттин өкмөт башчысынан да таасирдүүрөөк деп саналган.

Плисецкаянын эскергенине караганда, Андрей Кириленконун уулу (Анатолий) өзүнүн башка мадырабаш достору менен Африканын саванналарына аңчылыкка чыгып турчу экен.

“Партия төбөлдөрүнүн урпактарынын эрмек кылуусу үчүн алар өнөрпоздорду мээнет тери менен тапкан каражатынан ажыратышчу. Алар баалуу кундуз терилерин, байыркы скифтердин идиштерин, боёк сүрөттөрдү итбекер сатышкан. Алар спортчулардын гонорарларын да тартып алып коюшчу”, – деп Плисецкая эскерип жазган.

Тасма. "АКШга сапарга чыгаар алдындагы нускама. Гудзондогу Маскөө". Сценарийи Пол Мазурский тарабынан жазылган жана ал өзү режиссёр болгон. КГБнын кызматкеринин ролунда – Савелий Крамаров. Columbia Pictures, 1984-жыл.

Эптеп-септеп тамактануу аркылуу акча үнөмдөө

Плисецкаянын айтымында, чет өлкөгө гастролго чыккан өнөрпоздор ошол жарыбаган 5 долларды да өз бала-бакырасына чет өлкөдөн кийим-кече алуу үчүн топтоого аргасыз болушуп, баары жоктун баарынан үнөмдөшкөн.

Келгин өнөрпоздор Батыштагы жакырларга берилчү бекер тамак-аштан алып ичишкен; үй жаныбарларына делген консервалардан жегендери да болгон; конок үйдө эки үтүктүн ортосуна коюп, муздак эт азыгын ысытышкан; кээде СССРден өздөрү менен көбүрөөк азык-түлүк ташып алып келишкен (азыктардын айрымдары бажыда кармалып калчу болсо, албетте, дароо таштандыга ыргытылчу).

Эгерде Маскөөдөгү Чоң театрдын кордебалетине күнүнө 5 доллардан төлөнсө, ал эми майдараак жумурияттардан (маселен, Грузиядан) келген элдик бий ансамблинин карапайым бийчилерине күнүнө 3 доллардан гана төлөнгөнүн Плисецкая кошумчалайт.

Ал эми чет өлкөдөгү конок үйү “швед дасторкону” деп аталган шартта тамак сунуштаса, анда өнөрпоздор үчүн бейишке чыккандай (же үгүтчүлөр тынымсыз айткан болочоктогу “коммунизмге туш келгендей”) майрам башталчу.

(Азыркы айрым орусиялык туристтердин Түркиядагы же башка өлкөдөгү “all inclusive” – “акысына баары киргизилген” деген шарттагы конок үйлөрдө өздөрү тойгондон башка да азыктарды бөлмөсүнө ташыган жосунсуз жоруктарынын тамыры совет дооруна барып такалат).

Ошол эле учурда коммунист төбөлдөр үчүн СССРдин өзүндө атайын дүкөндөр болгон, анда карапайым кишилердин колу жетпеген чет өлкөлүк таңкыс товарлар арзан баада жана кенен-кесири сунушталган.

Ал эми коммунист төбөл чет өлкөгө иш сапар менен чыкчу болсо, анда ал атайын азык-түлүктү дипломатиялык жүк катары эч текшертпестен каалашынча чыгара алган.

Майя Плисецкая Одеттанын ролунда. П.Чайковский. “Ак куулар көлү”. Маскөө. 1976-жыл.
Майя Плисецкая Одеттанын ролунда. П.Чайковский. “Ак куулар көлү”. Маскөө. 1976-жыл.

Плисецкаянын Хрущевге каты

Орусиянын саясий тарыхынын музейинде сакталган жаңы материалдардын айрымдары постсоветтик доордо жаңыдан ачылган архивдик даректер болуп саналат.

Алардын бири – жогоруда биз шилтеме кылган даңазалуу балерина Майя Плисецкаянын 1959-жылы ошол кездеги Советтер Биримдигинин башчысы (КПСС БКнын Биринчи катчысы) Никита Хрущевге жазган каты.

Ал катта Плисецкая айым ошол 1959-жылдагы АКШга жасалган гастролго эптеп уруксат алуу үчүн өз беделине шек келтиргендей өтүнүч жазууга мажбур болгону чагылдырылган:

“Урматтуу Никита Сергеевич!.. Акыркы бир нече жылдар бою мен Чоң Театрдын (“Большой театр”) өнөрпозу катары өз мойнума тагылган жоопкерчиликти анчейин түшүнбөстөн, өзүмдү өтө осол алып жүрдүм. Эң оболу, мындайча айтканда, мен “тилимди тартпай ар нерсени божурап” жүргөн экенмин. Бул – мен сыяктуу таанылып калган киши үчүн таптакыр кабыл алынгыс жагдай... Кабыл алуулар маалында мен көбүнесе чет элдиктер менен баарлашып, өзүмдү осолураак алып жүрчүмүн...”

Тасма. Г.Данелия. “Кин-дза-дза”. 1986-жыл.

КГБнын кызматкеринин дирижёр Мравинскийге каршы сунуш каты

Албетте, коммунисттик цензорлорго жакпай калган же шектүү сезилген өнөрпоздор жана айдыңдар чет өлкөгө чыгарылчу эмес. Ал кезде чет өлкө советтик тургунга виза берген шартта да тоталитардык мамлекет өзү ал кишиге сыртка чыгууга таптакыр уруксат бербей коюшу мүмкүн эле.

Маселен, Ленинград филармониясынын симфониялык оркестринин башкы дирижёру, пианист, педагог Евгений Мравинский (1903–1988) Сталиндик жана Лениндик сыйлыктардын ээси, Социалисттик Эмгектин Баатыры болгонуна карабастан, КГБнын бир кызматкери аны чет өлкөгө чыгарбоо тууралуу тымызын сунуш кат жазган экен (бул сунуш кат Орусиянын саясий тарыхынын музейинде экспонат болуп турат).

Арийне, Мравинский чет өлкөгө гастролго чыгуусун уланткан.

1961-жылы СССРден Батышка чыгып кеткен (тактап айтканда, Францияда гастролдо жүрүп өз эрки менен калып калган) даңазалуу балет өнөрпозу Рудольф Нуреев (Рудольф Хәмит улы Нуриев; 1938–1993) советтик сот тарабынан сыртынан жети жылдык абакка кесилген.

Ал сыяктуу чет өлкөдөн кайтпай калган” (“невозвращенец”) Наталия Макарова, Михаил Барышников, Суламифь Мессерер айым жана анын уулу Михаил Мессерер сыяктуу айдыңдар жана өнөрпоздор улам көбөйө бергендиктен, КГБнын тыңчысынын Мравинскийден шектенгендиги түшүнүктүү эле.

Тасма. Владимир Высоцкий. Канаданын Трнто шаарындагы концерт. 1979-жыл.

Советтик айдыңдар дендароо болгон учурлар

Чынында да, башка карапайым кишилердей эле, советтик айдыңдар да Батышта карапайым эл итке минип жашайт, таштандыдан азык таап, эптеп көр тирилик кылышат, деп ойлошчу.

Даңазалуу орус акыны, автордук обондуу ыр жазган жана аткарган ырчысы (бард), театр жана кино өнөрпозу Владимир Высоцкий (1938–1980) өзүнүн жубайы, орус тектүү франциялык кино өнөрпозу Марина Влади айымга 1970-жылы декабрда үйлөнгөн.

1973-жылы жазында Владимир Высоцкий автоунаа айдап, СССРден Полшага, андан ары ГДР жана ГФР аркылуу Францияга өткөн. Албетте, жанында Марина Влади болгон.

Жубайлар Батыш Берлинге келгенде, СССРде карапайым кишилер таңсык болгон товарлардын бардыгы бул капиталисттик шаардын көчөлөрүндөгү дүкөндөрдө тирелип турганын көрүп, Высоцкий абдан таң калган.

Айтор, Высоцкий СССРдин жетекчилиги Батыштагы турмуш жаатында өз элин алдап жүргөндүгүнө өтө ызаланган. Бул тууралуу кийинчерээк Марина Влади эскерет. (Батыш Берлиндеги бул окуя тууралуу, буюрса, болочокку блогубузда толугураак токтолобуз).

Тасма. В.Высоцкий. Чет өлкөгө чыгаар алдында. (В.Высоцкий. Перед выездом в загранку). Мында режиссёр Леонид Гайдайдын “Бриллиант кол” комедия тасмасынан ар кыл көрүнүштөр алынган.

Асыл таштар чатагы

Ал эми айтылуу режиссёр Леонид Гайдай 1968-жылы тарткан “Бриллиант кол” (“Бриллиантовая рука”) деген комедиялык тасма чет өлкөдөн СССРге асылташы бар зерлердик буюмдарды тымызын ташып өтүүгө далаалат кылган аткезчилер жөнүндө гана баяндабастан, чет өлкөгө сапарга чыга алган салыштырма азганактай советтик туристтер жана алардын тымызын байкоо алдында жүргөндүгү тууралуу да чагылдырган.

Бул тасма чыккандан 13 жыл өткөн соң, 1981-жылы 30-декабрда, дворян тектүү цирк өнөрпозу, арстандарды үйрөткөн жана СССРдин эл артисти наамына ээ болгон Ирина Бугримованын үйүнө үч ууру кирип, анын бриллиант жана башка асыл таштарын уурдап кетишкен. Кийинки, 1982-жылдын алгачкы күндөрү алиги уурдалган асылташтардын айрымдарын Батыш Германияга жашырып алып өтүүгө далаалат кылган бир киши “Шереметьево” аба майданында камакка алынган.

Көп узабай Бугримованын үйүнөн асыл таштарды уурдап чыккандар дагы колго түшүп, алар өздөрүнө тымызын тапшырык берген кишини аташкан.

Ал – 35 жаштагы Борис Буряце (1946–1987) болчу. Борис Буряце “Ромен” аттуу сыгаан театрынын өнөрпозу жана асылташтарды тымызын сатып, чайкоочулук кылган киши катары таанымал эле. Ал КПСС БКнын Башкы катчысы Леонид Брежневдин кызы Галинанын да ошол кездеги “көрөр көзү” болчу...

КГБнын төрагасы Юрий Андропов КПСС БКнын Саясий бюросунда сөз сүйлөөдө. Кремль, 22-апрел, 1982-ж.
КГБнын төрагасы Юрий Андропов КПСС БКнын Саясий бюросунда сөз сүйлөөдө. Кремль, 22-апрел, 1982-ж.

КГБнын ал кездеги башчысы Юрий Андропов болсо Леонид Брежневден анын үй-бүлө мүчөсү да тийешелүү болгон бул чуулгандуу кылмыш ишин иликтөөгө уруксат алууга жетишкен...

Жалпы менчик – ээси жок менчиктей кабылданган

Албетте, Батышта деле бардыгы шайма-шай эмес деңизчи. Батышта да жакырлар, өзүн өзү таба албагандар көп. Батыш өлкөлөрүндө базар экономикасынын кырдаалында обочого ташталып калган кишилердин аянычтуу тагдырлары деле арбын учурайт.

Бирок ачык коомдун шартында калк сүймөнчүлүгүнө айланган таланттар алда канча бакыбат жашашат жана эч бир өкмөт, эч бир төбөлдөр алардын эсебинен мителик кыла алышпайт.

Батышка саякат кылган кээ бир советтик туристтер дээрлик көзөмөл жоктой сезилген ири дүкөндөргө кирип, өз өлкөсүндө таңкыс болгон айрым товарды кымырып алам деп тутулган учурлар да болгон.

Эмне үчүн мындай жосунсуз жоруктар орун алган? Анын себептеринин бири – көптөгөн советтик жарандар өз өлкөсүндө социалисттик мамлекеттик менчиктин үстөмдүгүнүн шартында “кароосуз” жалпы менчикти оңой-олтоң кымырып кеткен учурлар жалпы көрүнүшкө айлангандыгы эле.

Дагы бир жагдай – СССРден чет өлкөгө ачык алып кетүүгө уруксат берилчү валютанын көлөмүнүн өп-чаптыгы эле.

Советтик туризм системасында алмашуу фонду деп аталган нерсе болгон. Советтик туристтин тамак-ашы, жатаканасы, саякаттык жана экскурсиялык чыгымдары алдын-ала төлөнгөн да, мындан тышкаркы чөнтөк чыгымдарына коротулушу мүмкүн болгон акчаны дал ушул алмашуу кору аркылуу гана өкмөттүк банктан алышкан (ал кезде жеке менчик банк да, азыркыдай жеке менчик же өкмөттүк акча айырбаштоо түйүндөрү да болгон эмес). Адатта, советтик жаранга бир нече ондогон советтик рублга барабар көлөмдөгү доллар, марка же башка чет элдик акчаны чет өлкөгө чыгаарда алмаштырып алууга укук берилчү.

Туристтик топтордун башчыларынын биринин айтымында, бул акча “тамекиге жана майда чыгымдарга гана жетет, ал тургай сувенирлерге да жетчү эмес”.

Ал эми атайын алмашуу фондунан тышкаркы эч бир каржы булагынан ашыкча накталай акча алууга тыюу салынган, бирок туристтер, албетте, бул эрежени бузууга тымызын аракет кылышкан.

Маселен, СССРде өндүрүлгөн сувенир, ичимдик түрү чет өлкөдө тийешелүү валютага тымызын айырбашталышы мүмкүн болгон. Эгерде бул “бартер” тууралуу билинип калса, анда, албетте, мындай “жосунсуз жорукка” барган советтик туристке кийинчерээк чара көрүлгөн.

Ал эми чет өлкөгө турист катары же кызматтык жана чыгармачыл сапарга чыккан киши өз үй-бүлөсүнө жынсы шым, кийим-кече сыяктуу таңкыс болгон товарлардан тышкары сагыз сыяктуу майда-чүйдө нерселерди да алып келип кубанткысы келчү (ал кезде сагыз, кооз желим баштык сыяктуулар да СССРде өндүрүлчү эмес).

Бишкектин "Ош" базарындагы мөмө-жемиштер. 22.12.2017.
Бишкектин "Ош" базарындагы мөмө-жемиштер. 22.12.2017.

Кызык, азыркы тапта кыштын чилдесинде бийик тоо арасындагы кыштоолордо да банан жеп турган жердештерибиз банан сыяктуу экзотикалык мөмө-жемиштер (Бишкектеги бир ууч партокарттардын көмүскө дүкөнүн айтпаганда) советтик Кыргызстандын эч бир дүкөнүндө болбогондугун биле беришпесе керек.

Эгемен, көп нуктуу дипломатияны тута баштаган жана базар экономикасына ишенимдүү арыш таштаган Кыргызстанда эми баары жоктун баарын дүкөндөрдөн сатып алууга болот.

Мындайча айтканда, Владимир Высоцкий 1973-жылы апрелде Батыш Берлинде көргөн дүкөндөрдөгү дүр дүнүйөдөн көбүрөөк товарлар азыркы Бишкекте андан да арзан баада сунушталууда.

Тасма. Майра Жакып келини (Бактыгүл) менен маек. 2013-ж.

Айдыңдардын эл аралык көпүрөсү

Албетте, кандай оор турмушту баштан кечирбесин, советтик айдыңдар жана өнөрпоздор мурдагы СССРдин элдеринин маданий жана илимий өрүшүн камсыз кылууга жана ал тууралуу дүйнө элдеерине жар салууга жан дили менен салым кошкон.

Совет доорунда кыргызстандык балерина Бүбүсара Бейшеналиева, опера ырчысы Болот Миңжылкиев, эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов, кинорежиссёр Төлөмүш Океев, бир катар комузчу, төкмө, ырчы жана башка айдыңдар Батыштын ар кыл өлкөлөрүнө чыгармачыл сапар менен барып, өз атажурту тууралуу жакшы пикирлер жаратышкандыгы жамы журтка маалым.

Кыргыздын чыгаан уулдары Чыңгыз Айтматв, Болот Миңжылкиев, Төлөмүш Океев, жана башкалар чет элде бозгунда жүргөн Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу сыяктуу кыргыздар менен тайманбастан жолугушкандыгы – өзүнчө кеп кылууга арзыган тема.

Азамат Алтай жана башка “Азаттыктын” Мүнхендеги жамаатынын өкүлдөрү жазуучу Чыңгыз Айтматовду жана анын жубайы Марияны коноктоодо. 1988-жыл.
Азамат Алтай жана башка “Азаттыктын” Мүнхендеги жамаатынын өкүлдөрү жазуучу Чыңгыз Айтматовду жана анын жубайы Марияны коноктоодо. 1988-жыл.

Эгерде айдыңдардын чет өлкөдөгү сапары маалында СССРдин коммунисттик цензуралык көзөмөлү тарабынан эч шек туулбаган болсо, анда мындай айдыңдар СССРдин шартында бакыбат турмушту андан ары баштан кечире алышкан. Бирок алар капиталисттик дүйнөнү ачык даңазалоодон алыс болууга тийиш эле.

Чет өлкөлөргө сапарга чыгып келген советтик өнөрпоздордун жана башка айдыңдардын саякат маалындагы айрым тиричиликтик көйгөйлөрү ошол кездеги СССРдеги жалпы коомдук турмуштун көйгөйлөрүнүн кыртышында жаралган.

Жогоруда учкай баяндалган ошол маселелер – мухиттин бир тамчысындай гана нерсе. Бирок бул чакан факттар мурдагы совет коомунун көздөн далдаа жакта калган тиричиликтик турмушу тууралуу жаңы өңүттөн туруп ой жүгүртүүгө чакыра алат.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG