Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Суданды шарият менен башкаруу сунушталды


Судандын желегин желбиреткен демонстранттар.
Судандын желегин желбиреткен демонстранттар.

Суданда демонстранттардын лидерлери менен өткөөл аскердик өкмөт кризисти жөнгө салууда дагы эле бир пикирге келе элек.

Өткөн аптада сүйлөшүүлөр жүрүп, маселе чечилгенсигени менен генералдар тараптан жаңы сунуш түштү. Алар «өлкөнү дин менен башкаралы» деп жатышат.

Суданда өлкөнү 30 жыл бою башкарган президент Омар аль-Баширдин бийлиги бир ай мурда кулатылган. Бирок анын ордун ээлеген аскердик бийликти демонстранттар колдобой, жарандык өкмөт келишин талап кылып, көчөдө кала беришкен.

Борбор Хартумдагы аскер жетекчилигине каршы акциядан бир көрүнүш. 22-апрель, 2019-жыл.
Борбор Хартумдагы аскер жетекчилигине каршы акциядан бир көрүнүш. 22-апрель, 2019-жыл.

Өткөн аптада демонстранттардын башында турган «Эркиндик жана өзгөрүү үчүн күчтөр» бирикмеси убактылуу бийликтеги Өткөөл аскердик кеңеш менен сүйлөштү. Анда эки тараптын тең өкүлдөрү кирген башкаруучу кеңеш, тагыраагы убактылуу өкмөт түзүү жагы макулдашкан.

Мурдараак демонстранттардын лидерлери убактылуу өкмөт 11 кишиден туруп, аскердик бийликке үч гана орун бөлүнүшү керек экенин билдирип келишкен эле. Акыркы сүйлөшүүдө кеңешке кай тараптан канча өкүл кирери такталган жок.

Ошондой эле «Эркиндик жана өзгөрүү үчүн күчтөр» өткөөл убактагы башкаруунун планы, ыйгарым укуктар боюнча да сунуштарын беришкен. 7-майда аскер жетекчилиги бул сунуштарга негизинен макул экенин билдирди. Бирок «өлкөнү шарият эрежеси менен башкаралы» деген жаңы талап койду. Ал талапты аскер тараптын басма сөз катчысы, генерал-лейтенант Шам эль-Дин Каббаши угузду:

Армия штабынын жанында митинг өткөргөндөр жана аларды күзөткөн жоокерлер.
Армия штабынын жанында митинг өткөргөндөр жана аларды күзөткөн жоокерлер.

«Биздин колго тийген документте мыйзамдардын булагы көрсөтүлгөн эмес. Судан Республикасындагы жергиликтүү ченемдер, каада-салттар жана ислам шарияты мыйзамдын булагы болушу керек деп эсептейбиз».

Африкадагы бул өлкөнүн элинин 95% ашыгы исламдын суннит агымына кирет деп эсептелет.

Ал арада «Эркиндик жана өзгөрүү үчүн күчтөр» бирикмесинин басма сөз катчысы Мохаммед Нажи аль-Асам сунуш келип түшкөнүн ырастады:

«Бир аз мурда биз Өткөөл аскердик кеңештин биздин конституциялык сунушка карата жазуу түрүндөгү жообун алдык. Бул жоопту жакынкы бир нече саатта иликтеп-талдайбыз. Бул жоопко карата өз көз карашыбызды айтыш үчүн мүмкүн болгондун баарын жасайбыз».

Бирок алигиче оппозиция тараптан жооп боло элек.

Азырынча эки тарап өткөөл мезгилдин мөөнөтү боюнча да орток пикир таба албай жатат. Демонстранттардын лидерлери «төрт жыл» дешсе, генералдар «эки жылда эле демократиялык нукка түшүп, өлкөнү ырааттуу жолго салууга болот» деп жатышат.

Суданда бийлик мунаса таба албай жаткан учурда аль-Баширдин 30 жылдык режиминин заманындагы кылмыштар, коррупция, акыркы эле демонстрация учурунда өлтүрүлгөндөр көңүлдөн сырт калып жатканына тынчсыздануу күчөдү. Шейшембиде генерал Каббаши ал маселелер унутта калбасына убада берди:

«Революцияга катышкандарды өлтүрүү үчүн айыпталгандар кутулуп кетпейт. Алар жазасыз калышпайт. Алар кармалган, жайгаштырылган, документтер чогултулуп атат. Эч ким жазасыз калбайт».

Омар аль-Башир.
Омар аль-Башир.

Ошондой эле аскердик бийлик «Human Rights Watch» өңдүү эл аралык укук коргоо уюмдары өлкөгө келип, аль-Баширдин тушундагы коррупциялык жана башка кылмыштарды иликтөөсүнө кызычылыгы бар экенин билдирүүдө. Судандагы каршылык акциялары алгач азык-түлүктүн кымбатташына, накталай акчанын жетишсиздигине байланыштуу башталып, кийин президентти кетирүү тууралуу талаптарга өсүп жеткен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG