Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Сулаймановдун сыны, бийликтин жообу


Садыр Жапаров жана Алтынбек Сулайманов.
Садыр Жапаров жана Алтынбек Сулайманов.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов өз калоосу менен кызматын тапшырып, жергиликтүү башкаруу системасында реформа болбой жатканын сындап чыкты.

Сулаймановдун бийликке сыны

Облус башчысы болуп жети ай мурун дайындалган Алтынбек Сулайманов кызматтан кетип жатканын жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарынын жоктугуна, башкаруу системасында реформа болбой жатканына байланыштырды. Анын айтымында, айыл өкмөт, аким, облус башчыларында учурда кадр, каржы жана чарбалык чечим чыгарууга бийлиги жетишпейт.

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

“Борбордук бийлик жергиликтүү бийликтин колуна өзүнүн бийлигин бериши керек. Азыр борбордук бийлик баарын өзүнө жыйнап алган. Бул деген дыйканды талаага кетмени жок "колуң менен тытмала" деп чыгарып койгондой. Менин айтайын дегеним, күч органдары борбордук бийликке баш ийиши керек. Кадр саясаты, каржы, ички чарба иштеринин баарын айыл өкмөт, аким, губернатор өзү чечиши керек. Борбордук бийлик бийлигин эл менен бөлүшүшү керек. Өлкө башчысы, өкмөт башчысы буга көңүл бурбаса, алдыга жылбашыбызга көзүм жетти. Башка облус губернаторлору дагы кыйналып жатышат. Арызымды жаздым. Мунун артында чоң саясий оюндар жок. Болгону ушул көйгөйдү борбордук бийликке жеткирүү деген ой болуп жатат”.

Сулайманов жергиликтүү башкаруу системасы реформа болмоюнча өнүгүү жоктугуна көзү жеткенин, мындан улам убакытты текке кетирбөөнү чечкенин кошумчалады.

Президенттин басма сөз кызматы жооп берди

Сулаймановдун кызматтан кеткени боюнча расмий жарлык азырынча жарыялана элек. Бирок президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев саясатчынын жергиликтүү башкаруу системасы жөнүндө сынына дароо жооп берди.

Эрбол Султанбаев.
Эрбол Султанбаев.

“Алтынбек Сулайманов айткандай, аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт. Бир жылдан бери долбоору даярдалып жатат. Адистерден турган топ иштеп жатат. Даяр болору менен реформа башталат. Президенттин администрациясы кол куушуруп олтурган жок. Алгач тажрыйба иретинде бир аймакта сыналат. Андан кийин ошого жараша калган аймактарда иш жүрөт. Көз ачып жумганча эле жасай салгыдай, бул оюнчук иш эмес. Аймактык реформанын долбоорун иштеп чыгуу көптөгөн жылдарды талап кылат. Өтө кылдат иштелип чыгууда. Популисттик кылып реформа жасап атабыз деп эле бышпаган нерсени жасай салсак, мамлекеттик түзүлүштү талкалап алышыбыз мүмкүн”, - деп жазды Султанбаев.

Алтынбек Сулайманов "Альянс" партиясын түптөп, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына жети депутаты менен келген. 24-февралда анын кызматка дайындалганы кызуу талкууга түшкөн. Анын кызматтан кетиши дагы саясий айдыңда ар кандай талкууларды жаратты.

Кызмат тапшыруунун саясий өңүтү

Жарандык активист Нурсултан Акылбек Сулаймановдун кызматын тапшырышынын саясий жагына токтолду.

“Биринчиден, өзү айткандай азыркы абалда “эч нерсе өзгөртө албайм” дегени туура болуп жатат. Бирок бул жерде саясий дагы себеп болушу мүмкүн. Азыркы учурда чек арага байланыштуу саясий абал туруктуу болбой жатат. Сулаймановдун арыз бергени президентке күтүүсүз болду. Себеби басма сөз катчысы эмоция менен жооп берип жатат. Сулаймановдун арыз жазганынын себеби азыр болуп жаткан окуяларга тиешеси жоктугун, келечектеги саясатта өзүн актагандай, “мен бул командада эмесмин” дегенди билдирет. Болбосо, өзү кызматка баратканда эле ушундай мыйзам менен иштээрин билген. Акыркы кадамы азыркы саясатка каршылыгын билгизип жаткандай”.

Ысык-Көл облусун мурда бир нече ай башкарган учурдагы депутат Балбак Түлөбаев дубанда башка аймактарга салыштырмалуу каржы маселеси жолго коюлган деген пикири менен бөлүштү:

Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

“Башка облустарды билбейм, Ысык-Көлдө губернаторго иштөөгө мүмкүнчүлүк бар. Себеби Кумтөрдөн түшкөн акчага өнүктүрүү фонду бар. Ошол каражатка Ысык-Көлдү "момпосуй" кылып койсо болот. Борбордук бийликтен акча албай эле ошол каражатка өнүктүрсө болот. Башка губернаторлорго караганда Алтынбек Сулаймановдо мүмкүнчүлүк бар болчу. Азыр өкмөт акимдерге дагы шарт түзүп, фонд ачып берди. Анын айткандары туура эмес болуп калды. Иштейин деген кишиге жумуш табылат. Эл арасында ачык айтылбаса дагы президент Ысык-Көлдөн экени белгилүү. Демек, сонун иштесе болот”, - деди Түлөбаев.

Эгемендүүлүктү алган жылдары облус башчылары алгач губернатор, андан кийин өкмөттүн облустагы өкүлү деп аталып келген. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин келген бийлик аны президенттин облустагы өкүлү деп өзгөрткөн. Муну жергиликтүү бийликти реформалоо аракети катары түшүндүрүшкөн.

Бирок алардын ыйгарым укуктары ошол бойдон калган.

“Сулайманов эч нерсеге таасири жок, эч нерсе чечпесе деле кызмат үчүн жүрө берген фигура эмес. Ошондуктан өзүнүн убакытын коротуп жатканын сезди окшойт. Болбосо иш жүргүзүп кетсе өзүнүн саясий капиталына жакшы болмок. Ойлогон, башында пландаганы аткарылбашына көзү жетти”, - деди саясат талдоочу Руслан Акматбек.

Алтынбек Сулайманов быйыл 19-августта жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн президенттин эскертүүсүн алган жетекчилердин арасында болгон.

Ал депутат болгон соңку жылдары шайлоо системасын өркүндөтүү, парламенттик башкарууну бекемдөө боюнча бир катар демилгелер менен чыкканы белгилүү.

49 жаштагы Алтынбек Сулайманов Ноокат районунда туулган. Саясатка чейин "Темир" мамлекеттик ишканасынын түштүктөгү бөлүмүндө иштеген. 2007-жылы бийликчил “Ак жол” партиясынан депутат болгон. 2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң “Республика” партиясына кирип, кайрадан парламентке барган. 2015-жылы өзү түптөгөн "Бир Бол" партиясын, 2021-жылы “Альянс” партиясын жетектеп, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG