Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

Жогорку Кеңешти сынаган сессия


Жогорку Кеңеш. 30-июнь, 2022-жыл.
Жогорку Кеңеш. 30-июнь, 2022-жыл.

Буга чейинки чакырылыштарга салыштырмалуу бир катар ыйгарым укуктарынан ажыратылган Жогорку Кеңештин VII чакырылышы биринчи сессиясын жыйынтыктады. Депутаттар эми бир ай эс алууда, бир ай эл менен жолугушууда болот.

Алты айдын ичинде депутаттар талаш жараткан, жарандык коомдун, оппозициянын сынына кабылган бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алды. Статистика көрсөткөндөй, алардын көбү президент же Министрлер кабинети сунуштаган документтер. Бул чакырылыш Кыргызстанда саясий институт, бийликтин көз карандысыз бир бутагы катары принципиалдуу маселелерде позициясын көрсөтө алдыбы?

Президенттен мактоо уккан парламент

Жогорку Кеңештин бул чакырылышынын биринчи сессиясы ишин жыйынтыктаар алдында салт болуп калгандай эле президент Садыр Жапаров келип сөз сүйлөдү. Ал өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча учкай маалымат берип, парламент башка бийлик бутактары менен конструктивдүү иштеп жатканын айтты.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Буюрса, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин шайланып келиши менен бийликтин калган бутактары мыйзам чегинде куралып, өлкөдөгү саясий абал турукташтырылды. Андан соң аткаруу бийлиги болобу же парламент депутаттары болобу – элдин турмушун жакшыртуу, экономиканы көтөрүү максатында демилге кылынган мыйзам долбоорлорун чогуу-чаран талкуулап, мыйзам чегинде бардык жол-жоболорду сактоо менен колдоп берип келе жатасыздар. Натыйжада бир катар алгылыктуу мыйзамдар баштаган бир топ олуттуу маселелер каралып, кабыл алынып, иш жүзүнө ашып келет”.

Айрым депутаттар Жогорку Кеңеште дааратканасынан баштап, ашканасына чейин шарт жок экенин айтып шакаба менен иши башталган парламенттин VII чакырылышы сессиянын аягында бир топ маанилүү мыйзам долбоорлорун кабыл алды.

Алардын бири Кыргызстанда кайра казино ачууга уруксат берген документ. Министрлер кабинети сунуштаган долбоорду парламент 22-июнда дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоп берди. Аны талкуулоо жана ага добуш берүүдө депутаттардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, кызыл чеке талаш болду. Өкмөт кумарканаларга чет өлкөлүктөр гана кире аларын, казинолор иштеп баштаса бюджетке жыл сайын 2 млрд. сомдон 5 млрд. сомго чейин киреше түшөт деп божомолдоп жатат.

Чырмалышкан кызматташтык

Жогорку Кеңеште оппозиция болуп жаткан “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров парламент саясий институт катары өзүн көрсөтө албай, күндөн-күнгө алсырап баратканын билдирди.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

“Криминал менен бийлик биригип кеткен сыяктуу эле мыйзам чыгаруу жыйыны менен аткаруу бийлигинин иши да ошого окшоп баратат. Эки бийлик бутагынын ортосунда ынтымак болсо жакшы. Бирок муну ынтымак деп да айтууга болбойт. Чырмалышып кетүү деген коркунуч бар. Ошондо мыйзам чыгарганы да, аны аткарганы да жана көзөмөл кылганы да бирөө эле болуп калат. Бул коркунучтуу. Жогорку Кеңеш тилекке каршы, Конституцияда көрсөтүлгөн ордун таба элек. Жарым жылдын ичинде өзүнүн регламентин кабыл ала албаган Жогорку Кеңеш да Жогорку Кеңеш боло алабы?”.

Парламент ушул күнгө чейин өзүнүн ишин жөнгө салып, талап-тартибин аныктаган регламентин кабыл албай келген. “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзам долбоору 30-июндагы сессияда каралды, дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өттү.

Парламент май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ишин жөнгө салган беш мыйзам долбоорун колдоду. Мындан төрт жыл мурун сунушталып, атайын кызматтын укуктарын кеңейткен документ талаш-тартыш менен колдоо тапты.

29-июнда Жогорку Кеңеште адамдардын жашырган мүлкүн легалдаштырууга жол ачкан “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун күн тартибине киргизүүдө да кайчы пикирлер чыккан.

Министрлер кабинети сунуштаган документ боюнча талкууда эл өкүлү Балбак Түлөбаев “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары тууралуу пикирин мындайча билдирген:

“Азаматсыңар! Ушундай болуш керек. Башыңда кылыч турса да позициядан тайбай, ары-бери жакка ойнобош керек. Бул жерде позициялардын күрөшү болуп атат. Өкмөт мыйзамдарды алып келет, “Бүтүн Кыргызстан” каршы чыгат. Эмнеге? Өкмөттү сындырып, өздөрү бийликке келиши керек. Азаматсыңар! Бул шоу эмес. Муну саясий упай топтоо дейт. Эмне, Адахан Кимсанбаевич мунун баарын билбейби? Муну эртеңки президенттик шайлоого даярдык дейт. Биз болсо отуруп бердик. Мыйзам жол бергенден кийин ошону менен ишти улантыш керек да. Баш мыйзамда турабы, ошол боюнча кеткиле да. Казино боюнча мыйзам долбоорун деле ошентип кабыл албадыкпы”.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жаткан учур. 30-июнь, 2022-жыл.
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жаткан учур. 30-июнь, 2022-жыл.

2021-жылы 5-майда күчүнө кирген жаңы Конституцияга ылайык, мыйзам чыгаруу укугу Жогорку Кеңештин депутаттарынан тышкары президентке, Министрлер кабинетинин төрагасына берилген. Ошондой эле өзүнө тиешелүү маселелер боюнча Жогорку сот жана Башкы прокурор да мыйзам долбоорун демилге кыла алат.

“Экинчи, үчүнчү окууда колдоп бергиле деп келген мыйзам долбоорлор депутаттардын пайдасы үчүн жазылган долбоорлор эмес. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн маселе эрте чечилип калсын деген эле иш. “Парламент нотариалдык орган бойдон калды” дегендерге кошулбайм. Бардык мыйзам долбоорлору экономиканы көтөрүүгө болгон далалат. Ошол эле мектеп, бала бакча салынып, жолдор оңдолсун деген ниет. Шарт түзүлсө элдин жашоосу жеңилдейт да”, - деди депутат Кундузбек Сулайманов.

Укугу азайган Жогорку Кеңеш

Буга чейинки чакырылыштарга салыштырмалуу парламентке мыйзам долбоорун сунуштап алып келүү боюнча мүмкүнчүлүктөр көбөйдү. Депутат Тазабек Икрамов ушундан улам Жогорку Кеңештин укугу азайганы сезилип жатканын моюнга алды.

Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

“Биз элдин үнүн бийликке, өкмөткө жеткирип турабыз. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына караганда 7-чакырылыштын укугу бир топ азайтылды. Биз премьер-министрге же министрлерге ишенбөөчүлүк көрсөтө албайбыз. Бардыгы президенттин колуна өтүп кеткендиктен бизде элдин үнүн бийликке жеткизе турган трибуна эле калды. Болушунча чектелип калдык. Эл шайлаган депутаттардын колу, буту байлануу”.

Элдин эсинде парламент Адахан Мадумаровду жоопко тартуу тууралуу Башкы прокуратуранын суранычын четке какканы менен да эсте калды. Жогорку Кеңеш 9-мартта Мадумаровдун ишине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын аны жоопко тартууга уруксат бербеген чечимин колдогон.

​Башкы прокурор Курманкул Зулушев февралда Мадумаровго карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, аны жоопко тартууга макулдук берүү өтүнүчү менен парламентке кайрылган. Кийин мекеме кылмыш ишин “Мамлекетке чыккынчылык” беренесинен “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өзгөрткөн.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “нотариалдык орган болуп калды. Мыйзам долбоорлорун талкуулабай топ-тобу менен кабыл алууда” деген сын дооматтар байма-бай айтылып турган. Депутат Эмил Токтошев мындай өнөкөт токтобой жатат дейт.

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

“Конституцияда парламенттеги оппозиция жана позиция тууралуу жазылган эмес. Ага карабай “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы оппозициябыз деп жарыяладык. Оппозиция десе эле бардык маселеде каршы туруп, беттен алуу эмес. Мыйзамсыз иштерди, туура эмес мыйзам долбоорлорун айтып, жөнгө салуу. Парламентке бул сөзсүз керек. Азыр Жогорку Кеңештин ишине ичим чыкпайт. Нотариалдык орган боюнча калды десе деле болот. “Жогору жактан” келген мыйзам долбоорлорун регламентти одоно бузуп шатыратып үч окуудан кабыл алып атабыз. Документти талкуулап, коомго маалымат берип, талашып-тартышуу деген жок. Бул парламентте оппозициялык көз караштагы депутаттар аз, баары тең бир жакты карайт дегенди билдирет. Баары эле “өсүп, өнүгөлү деп колдоп берип атабыз” дешет. Ооба, өнүгүш керек. Бирок шашылбай, талдап, ал мыйзам кийин өлкөгө зыянын тийгизбегидей кылып кабыл алышыбыз керек да”.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG