Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 01:17

Апта: Бишкек саммитинин жыйынтыгы, АКШ-Орусия мамилеси


ЖККУнун Бишкектеги бейформал жыйынынын катышуучулары, 14.04.2017

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Аптанын жума күнү Бишкек аймактык саясаттын чордону болду. 14-апрелде кыргыз жергесине келген Орусиянын, Беларустун, Казакстандын, Армениянын, Молдованын президенттери Евразия экономикалык биримдигинин бейформал жыйынына чогулушту.

Лидерлер үч жыл мурун түптөлгөн Евразиялык биримдикте жыл башынан бери экономикалык көрсөткүчтөр өсүп жатканы менен чечиле элек маселелер арбын экенин ачык айтышты.

Бул уюмга төрагалык кылган Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев айыл чарба багытын өнүктүрүүгө алгылыктуу кадамдар жасалып жатканын белгилеп, бирок чек арадагы тоскоолдуктарды козгоду. Эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоону аягына чыгаруу жана депортациялоодо либералдуу мамиле жасоону көтөрдү:

- Мындан ары жалпы эмгек рыногун калыптандыруу зарыл. Бул маселеде эмгекчилер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыздоо боюнча келишимди аягына чыгаруу керек. Албетте, майда административдик тартип бузуулар үчүн биримдикке мүчө өлкөлөрдүн эмгек мигранттарын, жарандарын депортациялоо маселесине биз кыйла либералдуу мамиле жасалышын каалайт элек.

Кыргыз президентининин чек ара боюнча дооматына беларус коллегасы Александр Лукашенко дагы кошулду. Ал товар алмашууда экономикалык биримдиктин чек арасында айрым өлкөлөр өз рыногун коргоо аракетин көрүп, экинчи өлкөнүн укугун тебелеп жатканын белгилеп, өнөктөштөргө "дискриминациялоочу чечимдерге мораторий киргизүүнү" сунуштады.

Президент Нурсултан Назарбаев биримдикке кирген өлкөлөр менен сырткы товар алмашуу 2017-жылдын эки айында 37%, Кыргызстан менен товар алмашуу 41% өскөнүн белгиледи. Кыргызcтандын экономикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн документтер Евразиялык комиссияга берилгенин билдирди.

Батыштын санкцияларына кабылган Орусиянын экономикасы жалпы биримдикке терс таасирин тийгизгенин айткан президент Владимир Путин кыргыз тигүү ишканаларынын Орусияга экспорту 38% өскөнүн айтты. Ошондой эле Кыргызстанды колдоо максатында Евразиялык өнүктүрүү банкынан 110 млн доллар бөлүнүп жатканын кошумчалады.

ЕАЭБ: мүмкүнчүлүктөр менен тоскоолдуктар

Кыргыз өкмөтү атайын лабораторияларды курууга, чек аралардагы инфраструктарыны жакшыртууга биримдиктеги өнөктөштөр каржылай жардам убада кылышканы менен ал кечигип жатканын айтып келет. Премьер Сооронбай Жээнбеков “Лабораторияларды оңдогонго Казакстан акча берет деп эки жылдан бери акча келбей, мына артта калдык. Эми өзүбүз акча берип, лабораториялардын баарын баштап жатабыз” – деп түшүндүргөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Биримдиктин алкагында Орусия менен Казакстан берчү акча каражатына өкмөттүн кайда, кандай долбоорлорду ишке ашыра турган так планы жок деген сын-пикирин айтты:

- Мындай көз караш менен биз ийгиликке жете албайбыз. Ошол эле Казакстан даяр. Нурсултан Назарбаев дагы даярдыгын бир топ жолу айтты. “Келгиле, аракет кылгыла, кыймылдагыла” деп айтты. Менин билишимче, кайсы лабораторияны кайда куруу керек, баасы кандай болот, кайсы аппаратура кайда туруусу керек – андай даярдыктар жок. Ошол маселелерди күнү-түнү иштеп чечиш керек.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Кыргызстандын биримдиктеги бажы төлөмдөрүнөн алчу үлүшү 1,9%. Жогорку Кеңеште депутаттар өлкөнүн ички-тышкы соодасы азайып кеткенин көтөрүп, өлкөгө келген каражат күтүлгөндөн бир топ аз экенин айтып чыгышкан. Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Азамат Сулайманов “Азаттыкка” берген комментарийинде каралган сумма толугу менен кыргыз бюджетине түшүп жатканын түшүндүрүп берди:

- Келишим боюнча бизге 1,9% бекитилген. Ошол күнүнкүсү күндө түшүп жатат. Орусияда экономикалык кризис болгондуктан жалпы товардын көлөмү биримдикке кирген мамлекеттерде азыраак түшкөнү үчүн биз болжолдогон сумма түшпөй, андан азыраак түштү. Быйыл товар импорттоо оңолот деп күтүп жатабыз, азырынча жакшы эле келатат. Орусиядагы экономикалык тенденциялар бизге таасир этпей койо албайт экен. Биздин товарлар Орусияга сатылып жатат. Бизге кирген товарлар дагы реэкспорттолуп Орусияга кетип жатат.

Мамлекеттик бажы кызматынын сайтында үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында мамлекеттик бюджетке үчүнчү өлкөлөрдөн болгон бажы төлөмдөрүнөн 6 млрд 286 млн сом түшкөнү көрсөтүлгөн. Бул сумманын канчасы Евразиялык экономикалык биримдиктен келгени ажыратылган эмес.

Бажы кызматынын башчысы Сулайманов Евразиялык экономикалык комиссиянын Жогорку кеңешинин эффективдүүлүгүн арттыруу максатында кеңири ыйгарым укуктар берилип жатканын “Азаттыкка” берген маегинде белгиледи. Өлкөнүн башкы бажычысы өткөн жыл этегинде долбоору жактырылган “Бажы кодекси” жакында мүчө мамлекеттердин парламенттерине ратификациялоого жибериле турганын маалымдады.

ЖККУ: Аймактык коопсуздук жана ооган коркунучу

14-апрелде Бишкекте чогулган лидерлер түштөн кийин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынында чөлкөмдөгү жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү чаралары талкуулашты. Жыйын жабык өткөндүктөн күн тартибинде кандай конкреттүү маселелер каралганы журналисттерге так белгилүү болгон жок.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов анда аймактык коопсуздуктун коркунучтарына каршы биргеликте кызматташууну күчөтүү маселеси талкууланганын “Азаттыкка” айтты:

- Бул бейформал жыйында уюмду андан ары өнүктүрүү жана аймактык коопсуздукту чыңдоо маселеси каралды. Бул багытта биргеликте иш алып барууну арттыруу үчүн кызматташууну күчөтүү чаралары каралды. Ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин аймагындагы террордук коркунучтарды алдын алуу жана эл аралык террордук уюмдардын таасирине жол бербөө маселеси талкууланды.

Алмаз Үсөнов.
Алмаз Үсөнов.

Бишкек жыйынында жамааттык уюмдун жоопкерчилик тилкесинде террордук жана экстремисттик уюмдардын жайылышын көзөмөлдөө маселеси көтөрүлгөнү белгилүү болду.

Аймактык коопсуздук боюнча адистер Борбор Азия диний экстремизм менен терроризмдин "логистикалык борборуна" айланууда деп коңгуроо кагат. Жакында эле Санкт-Петербургда жана Стокгольмдо болгон теракттарды ушул чөлкөмдөн чыккандар жасаган деп шектелүүдө.

15 жылдык тарыхы бар Жамааттык коопсуздук уюмунун регионалдык коопсуздукту камсыздоо миссиясын канчалык аткарып жатканына түрдүүчө баа берилип келет.

Казакстандык саясат таануучу Толганай Үмбеталиева “Азаттыкка” берген маегинде аймактык уюмдун ишмердүүлүгүнө мындайча баа берет:

- Жалпы глобалдык деңгээлден алып карасак, бул уюмдун саясий салмагы, абалы өтө төмөн. Маселен, НАТО менен салыштырып болбойт. ЖККУга мүчө өлкөлөр ортосунда дагы карама-каршылыктар чыгып турат. Бул маселелер тез чечиле койбойт. Андыктан бул уюм өзүнүн деңгээлин көтөрө алган жок деп айтаар элем. Түзүлгөндөн берки өз максаттарына жеткен жок. Айрым мезгилде биз бул уюм жөнүндө унутуп койгон учурлар дагы болгон.

Казакстандык саясат таануучу учурдагы Орусия менен Батыштын алакасын эске алганда бул уюм Москвага көбүрөөк керек болуп турат деп белгилейт.

Немистердин Sueddeutsche Zeitung гезитине чыккан макалада “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунда азыр болжол менен беш миңдей борборазиялык согушуп жүргөнү айтылат. Нью-Йорктогу Колумбия университетинин окумуштуусу Эдвард Жеймс Лемон: "Борбор Азия атуулдарынын террордук топторго тартылуусу көбүнчө Орусияда ишке ашууда. Үйүнөн алыс, арзыбаган маянага иштеген өзбекстандык, тажикстандык жана кыргызстандык жаш жигиттер "Ислам мамлекети" жана "Ан-Нусра фронту" сыяктуу террордук топтордун кылтагына оңой илинүүдө", - деген пикирин айтат. Немистердин федералдык чалгын кызматы “Өзбекстан ислам кыймылынын” бир нече өлкөдө түйүндөрү жана тарапташтары бардыгын, Германиядан да жихадчыларды топтогонун аныктаганын гезит жазып чыкты.

Ооганстан.
Ооганстан.

Коопсуздук уюмунун жыйынында террордук коркунучтун негизги очогу катары Ооганстан аталып, ал жактан Борбор Азия чөлкөмүнө таралып жаткан радикалдык аракеттердин жолун бөгөө чаралары дагы талкууланды. Жыйында уюмдун баш катчылыгына Армениянын Генералдык штабынын башчысы Юрий Хачатуров тандалды. Уюмду 14 жыл жетектеген Николай Бордюжа жыл башында кызматтан кеткен. Бишкектеги бейформал жыйынга Тажикстандын, Беларустун, Армениянын, Орусиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын мамлекет башчылары катышты. Быйыл аскердик уюмга Беларус төрагалык кылууда.

Сириядагы согуш АКШ-Орусия мамилесин сыноодо

13-апрелде кечке маал Ооганстанда АКШ армиясы «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы өтө кубаттуу бомба таштады. Пакистан менен чектешкен Ачин районундагы жер алдындагы өтмөктөргө "бомбалардын энеси" деп аталган өзөктүк эмес кубаттуу курал жардырылды. Пентагон тараткан маалыматка таянсак, транспорттук учактан ташталган GBU-43/B бомбасы биринчи жолу колдонулду. Нангархар провинциясын байырлаган террордук топтун 36 согушкери жок кылынганы айтылды.

Узундугу тогуз метр, салмагы дээрлик 9 800 кг бомба Ирактагы согуш үчүн чыгарылганы менен, буга чейин эч бир жерде жардырылган эмес. Мындай бир бомбанын баасы 16 миллион доллар турат.

Расмий Кабул бул аскерий операция ооган бийликтери менен макулдашылганын бышыктады. Экс-президент Хамид Карзай болсо, ооган жеринде мындай куралдын ташталышын айыптады.

"Бул террорго каршы согуш эмес. Биздин мамлекетти кооптуу жана жаңы куралдарды сыноо полигону катары колдонуу адамкерчиликке жатпайт", - деп жазды Карзай өзүнүн Твиттердеги баракчасына.

Хамид Карзай.
Хамид Карзай.

АКШ президенти Дональд Трамп журналисттердин суроосуна "кезектеги миссия ийгиликтүү аткарылды" деп жооп берип, соңку сегиз аптадагы окуяларды буга чейинки сегиз жыл менен салыштырып көргүлө деп айтты:

- Биз аларга [армияга] толук уруксат бергендиктен соңку мезгилде ийгиликке жетишип жатат. Эгер акыркы сегиз аптада болгон окуяларды соңку сегиз жылдагы менен салыштырып көрсөңөр, чоң айырманы байкай аласыңар. Биздин аскерий лидерлерибиз жана жалпы армиябыз эң мыкты. Биз алар менен сыймыктанабыз жана Ооганстанда дагы бир миссиябыз ийгиликтүү аткарылды.

Аскерий операцияга тушташ Вашингтондун жогорку деңгээлдеги делегациясы Кабулга келди. Алар Ооганстанда кызмат өтөп жаткан тогуз миңдей аскердин келечегин аныктамакчы.

Өткөн жума күнү Сириядагы алты жылга аяк баскан согуш башталгандан бери АКШ биринчи жолу Сириянын аскер аба базасына канаттуу ракеталар менен сокку урду. Муну Пентаган 90дон ашуун адамдын өмүрүн алган химиялык чабуул үчүн президент Асадды айыптаган жооп чара деп түшүндүрдү. Орусия жана Иран АКШнын кадамын айыпташса, Вашингтондун өнөктөштөрү колдоо көргөзүштү.

Сирия: химиялык чабуулдун дүрбөлөңү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

Солгун тарткан АКШ-Орусия алакасы

Америкалыктардын Сириядагы ракеталык чабуулунан кийин Москва-Вашингтон алакасы начарлап турган маалда мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Москвага келип, 12-апрелде орус президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кезигип сүйлөштү.

“Биздин өлкөлөрдүн арасында ишенимдин деңгээли төмөн. Дүйнөнүн эки маанилүү ядролук державасы мындай мамиледе болбошу керектигин” Тиллерсон моюнга алды.

Рекс Тиллерсон менен Сергей Лавров.
Рекс Тиллерсон менен Сергей Лавров.

Ал Москвага жол тартардан мурун Италияда "Чоң жетинин" саммитине катышып, Орусия же Асад тарапты, же Асадга каршы турган Батышты тандашы керектигин билдирген.

Вашингтондун мындай позициясы Москвага жакпай турганын орус тышкы иштер министри Сергей Лавров “Тарых ырастагандай, Москва менен Вашингтон кызматташканда бир гана биздин өлкөлөр гана эмес, бүтүндөй дүйнө да утушка ээ болот” деп эки өлкөнүн алакасында карама-каршылыкты күчөтүүчү аракеттер бардыгын айтып жооп берди.

Ага чейин президент Владимир Путин "Мир" телеканалына курган маегинде АКШ-Орусия ортосунда "жумушчу деңгээлдеги, өзгөчө аскердик деңгээлдеги ишеним жакшырган жок, тескерисинче начарлады", - деп айткан.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Ошол эле маалда президент Дональд Трамп америкалык "Фокс-Ньюс" телеканалына “Путин чындап карасанатай адамды колдоп жатат. Менимче, бул Орусия үчүн өтө жаман. Бул адамзат, дүйнө үчүн өтө жаман” – деп Кремлдин башчысын Сирия президентине жан тартууда деген оюн билдирген.​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG