Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Суу көйгөйү: Акциядан кийин кармалгандар камакта калды


Блогер Эртай Искаков.
Блогер Эртай Искаков.

Чүй облустук соту Селекция айылында таза суу берилишин талап кылган акцияда кармалган блогер Эртай Искаков менен конуш тургундары Бакыт Балбаевдин, Бакыт Бекболотовдун доо арызын карап, эки айга камаган райондук соттун чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Сот жараяны жабык өтүп, соттун имаратында кармалгандардын жакындары жана тарапкерлеринен турган 50дөй киши чогулду.

Кармалгандардын жакындары соттун жабык өтүшүн жана камакта калтыруу чечимин сындап чыгышты. Эртай Искаковдун жакындары блогер Ленин шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болууга арыз бергенин, соңку чечим анын укуктарын чектей турганын айтышты.

“Бул оор кылмыштарга кирбейт. Ошондуктан мыйзам боюнча камактан бошотуш керек болчу. Неге бошотулбай жатканы бизге дагы табышмак болуп жатат. Талапкер болуп катталды, баардык өтүнүчүбүздү карады, бирок аны дагы эске албай коюшту”, -деди Эртай Искаковдун адвокаты Шердор Абдыкапаров .


Сокулук райондук соту 17-июлда таза суу берилишин талап кылган акцияда кармалган блогер Эртай Искаковдун жана эки тургундун бөгөт чарасын карап, аларды эки айга абакта калтырган.

Сот чечимине ылайык, Эртай Искаков 15-сентябрга чейин тергөө абагында болот.

Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда бир канча күндөн бери сууга жетпей жатканын айтып, Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тоскон.

Милиция 15-июлда нааразылык акцияга катышкан бир нече кишини суракка чакырган.

"Селекция айылынын Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары ар кандай маселелерди талкуулоо жана чечүү үчүн ачылган Вотсап тайпада учурдагы көйгөйгө айланган суу маселесин да талкуулап келишкен. Ал тайпага ар кандай маселелерди коомчулукка алып чыгып жүргөн белгилүү блогер “Э.И.” кошулуп, жергиликтүү тургундар радикалдуу кыймыл-аракет жасабаса, суу маселеси чечилбестигин айткан. Өзүнүн социалдык тармактардагы жеке баракчалары аркылуу колдоо көрсөтөрүн айтып, жолду жабууга үгүттөгөндүгү такталды", - деп маалымат тараткан Чүй облустук ички иштер башкармалыгы.

Суракка чакырылгандар арасынан митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаков, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов камакка алынган. Аларга "жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган" деген берене менен иш козголгон.

Адвокат Алмамбет Бексултанов блогер Эртай Искаковго коюлган айып негизсиз экенин билдирген.

Эртай Искаков өзүнүн камалышын оозду шайлоо жакындап калганда оозду жабуу аракети катары сыпаттаган.

"Менин сөзүмдү кыскартайын, оозумду жабайын деген иш-аракеттер болуп жатат. Буга чейин милицияларды тартып жүргөм, Ленин районунда талапкер да болгом. Мен ал жерге элдин көйгөйүн тартыш үчүн баргам. Мен барганда жол жабык болчу", - деген Искаков.

Сары-Өзөн конушунун 20дан ашык тургуну үчөөнүн бошотулушун талап кылып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон.

Блогер баш болгон үч адамдын бөгөт чарасы 17-июлда Чүй облустук сотунда каралган.

Айрыкча тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду камакка алуу чечими түнкү 12ден өтүп кабыл алынган. Бирок Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов эки жарандын эки айга камалганы тууралуу маалыматты эрте таратып жиберген.

Мындан кийин айыпталуучулардын адвокаттары чечимдин адилеттүүлүгүнөн шек санай турганын билдиришкен.

Буга Жогорку Соттун басма сөз кызматы 19-июлда жооп берип, таза суу берилишин талап кылган акцияда кармалгандар тууралуу судьянын чечиминин эрте жарыяланып кетиши териштирилерин билдирген.

“Сокулук райондук сотунун чечими мыйзамсыз болгон. Анткени ал 1,5 саат мурун эле интернетте "Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов кармалды, убактылуу кармоочу жайга киргизилди" деп чыкты. Болбосо сот баштала элек болчу. Ал эми сот болсо түнкү 12де бүттү. Маалымат болсо саат он жарымда интернетте жүргөн. Азыр ошону карап бергиле десек кайра эле мурунку чечимди калтырып койду”, -дейт Бакыт Балбаевдин кызы Зулайка Бакытова.

Сары-Өзөн конушу Сокулук районуна карайт. Ушул райондун Селекция айылы менен Бишкектин Арча-Бешик конушунун ортосунда жайгашкан.

Бул үч аймакта жана Бишкектин четиндеги Орок айылы, Ынтымак, Ак-Ордо жана башка конуштарда бир нече жылдан бери жайында таза суу тартыштыгы курч маселеге айланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG