Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Түмөн сөз ээрчиткен Туманбаев кызматка барды


Каныбек Туманбаев.
Каныбек Туманбаев.

Президенттин иш башкаруучусу болуп Каныбек Туманбаев дайындалды. Ал буга чейин курулуш тармагындагы ишкер, мурдагы мамлекет башчынын айдоочусу Икрамжан Илмияновдун жакын адамы деп таанылган. Коомчулукта Туманбаевдин кызматка дайындалышы бийликтин кадр саясатына байланыштуу сынды кайра күчөттү. Ал эми президенттин жаңы иш башкаруучусунун жакындары аны кесипкөй адис деп сыпатташууда.

30-майда Каныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Кызматты буга чейин ээлеген Тилек Батыркановдун эмне себептен жумуштан бошотулганына түшүндүрмө берилген жок.

Туманбаевдин дайындалганы социалдык тармактарда кызуу талкууланып, президенттин жаңы иш башкаруучусунун буга чейинки ишмердигин эске салгандар болду.

Жаңы кадр тууралуу талкуулардан мурда анын тек-жайы, басып өткөн жолуна абай салып көрөлү.

Каныбек Туманбаев ким?

41 жаштагы Каныбек Туманбаев Аксы районунун Кербен шаарында туулуп- өскөн. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Таш-Көмүрдөгү инженердик-педагогикалык факультетин аяктаган. Анын буга чейин мамлекеттик кызматта иштегени тууралуу расмий маалымат жок.

Туманбаев 2012-жылдан тарта "БКС" деп аталган курулуш компаниясынын жетекчиси болгону көрсөтүлгөн. Анын ысымы коомчулукта буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен тыгыз байланышта аталып келген.

Ал Илмиянов Ак үйдө турган кезде анын эң жакын адамы, жардамчысы катары сыпатталып келген. Муну бир нече факт да далилдеп турат. Маселен, убагында Илмияновго таандык экени айтылган ON1 каналы дал ушул Туманбаевге катталган. Кийин бул каналдын негизинде "Апрель ТV" түзүлгөн.

Андан башка да Илмияновдун бир топ мүлкү дал ушул жакын кишисине катталганы чакан чөйрөдө айтылып жүргөн.

Туманбаев 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) талапкер болуп аттанып, 2017-жылкы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү адамы болгон.

Ал 2020-жылкы шайлоодо бийликчил "Биримдик" партиясынын тизмесине кирген. Дал ушул шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам элдик толкундоолордун натыйжасында Жээнбеков кызматтан кетип, Садыр Жапаровдун бийликке келишине жол ачылган.

Мурдагы эки бийликтин тең тилин тапкан Туманбаев бул жолу да өлкө жетекчилигинин ишенимине кирип, мамлекеттик маанилүү кызматты ээледи.

Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

Журналист Семетей Талас уулу артынан ар кандай сөз ээрчиткен адамдын жооптуу кызматка барганын түшүнө албай турат.

"Туманбаев Икрамжан Илмияновдун жакын адамдарынын бири болгон. Шоопуру деп айтылып эле келе жатпайбы. Анын курулуш, муфтият, темир жолдогу шектүү иштерге байланышы барын иликтөөчү журналисттер айтып чыкпады беле. Эми ошондой адамдын мамлекеттик кызматка барышынын бирден бир себеби буга чейинки иштер аркылуу азыркы бийликтеги үй-бүлөгө эмгек кылып, сый акы катары ушул жумушка барды деп ойлойм".

Чынында эле Туманбаевдин ысымы соңку учурда "Кыргыз темир жолу" ишканасындагы коррупциялык схемалар, муфтияттагы айрым чатактарда да аталган.

Ал "Темиров LIVE" жана "МедиаХабдын" "Кыргыз темир жолундагы" жана жер сатуудагы коррупциялык иштердин бетин ачкан чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрүнүн каармандарынын бири болгон.

Туманбаевдин буга чейинки ишмердиги, соңку кызматы боюнча суроолорго өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Бирок аны жакшы билген, бир кездеги бизнес-өнөктөшү Кочкорбай Жуманазаров бул дайындоону эң туура чечим деп эсептейт.

"Эң туура тандоо болду. Каныбектей жигиттер Кыргызстанда чанда кездешет. Буга чейин эле далай жакшылыктарды жасады, аны эч ким билбейт. Азыр дал ушундай кадрлар мамлекеттик кызматка керек".

Жуманазаров "көрүнбөгөн жакшылык" деп Туманбаевдин 2020-жылдагы коронавирус пандемиясы учурундагы ишмердигин сыпаттагандай. Ошол маалда ал илдеттен үрөйү учуп турган элге дары-дармек таратканын айрым журналисттер жарнамалашкан.

Шоопурдун шоопурубу?

Президенттин иш башкармалыгы мамлекет башчынын, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ишмердигин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык-тиричилик, ден соолукту чыңдоочу, эс алуучу жана медициналык жактан камсыз кылат. Соңку конституциялык өзгөрүүдөн кийин иш башкармалыктын укуктары да кеңейтилген.

2021-жылдын декабрынан тарта аталган орган Жогорку Кеңештин ишин уюштурууга укуктуу болуп калды. Мындан ары депутаттардын иш бөлмөсүнөн тарта балдарынын бакчасына чейин дал ушул түзүм тейлейт.

Мындан сырткары быйыл мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна президенттин администрациянын административдик мекемесинин курулушу башталды.

Бул имаратты куруу үчүн Иш башкармалыктын курамында социалдык-экономикалык жана административдик куруу боюнча атайын дирекция түзүлгөн. Аны президенттин кеңешчиси болуп келген Марат Турсунбеков жетектейт. Буга чейин Турсунбеков "Манас айылы" этнографиялык комплексиндеги чырга аралашканы ачыкка чыккан.

Ал учурда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маегинде жанындагы адамдардын буга чейинки басып өткөн жолу эмес, азыркы ишмердигине маани берерин белгилеген эле:

"Айланамда жүргөндөрдүн баарын көзөмөлдөп турам. Мурдагы ишмердиктери, репутациясы мени кызыктырбайт. Мен башында эле сүйлөшкөм. “Мурда кандай иштедиң, ким менен иштедиң – мени кызыктырбайт. Мындан ары таза иштейсиң, уурдабайсың, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей иштеп бересиң. Эгер кыйшайсаң, камаласың” деген талап менен иштетип келе жатам. Мамлекет башына келгенден кийин жоопкерчилик моюнуңда болот экен. Сарсанаа болот экенсиң. Мамлекеттин ишин тартып кете турган кадрларды издей баштайт экенсиң. Бирөөнү тапсаң, таза, бирок потенциалы төмөнүрөөк. Бирөөнү тапсаң, эл айткандай, репутациясы начар, бирок мамлекеттик ишти удургуткан бойдон тартып кетет. Анан аны менен ушинтип сүйлөшүп алып иштетишке туура келет экен. Жеке мага эмес, элге дагы мамлекеттин иштери дүркүрөп алдыга жылып турушу керек да акыры. Анан эле тиги жегич, бул жаман деп отура берсек, алдыга жай жылабыз. Мен азыр эч кимге жегизбейм".

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Кадыров мамлекеттик маанилүү кызматтарга жетекчилерди дайындоодо кадрлардын иш тажрыйбасына, баскан жолу менен эл арасындагы беделине сөзсүз көңүл бурулушу зарыл деген көз карашта.

Кубанычбек Кадыров
Кубанычбек Кадыров

"Азыр кадр маселеси абдан начар болуп кетти. Мен дагы ички иштер министринин орун басары катары бул жигит жөнүндө абдан терс маалыматтарды көп уккам. Азыр деле "шоопурдун шоопуру кызматка келди" деп нааразылыктар айтылып жатпайбы. Саясатчы катары акыркы дайындоо жаңылыштык болду деп ойлойм".

Туманбаев менен байланышы алигүнчө айтылып жүргөн, Атамбаевдин бир кездеги айдоочусу Икрамжан Илмиянов саясий чечими кабыл алууга, кадр саясатына аралашканы үчүн коомчулуктун кыжырын келтирген.

2000-жылдардын башында жеке айдоочусу болгон Илмиянов Атамбаевдин бийлигинде жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеген. Тагыраагы, 2011-жылдан 2017-жылга чейин президенттин кеңешчиси, кийинчерээк президенттик аппараттын башчысынын орун басарына чейин жеткен.

Бул учурда Илмияновдун саясий чөйрөдө таасири абдан артып, маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышып жатканы тууралуу көп эле сын айтылган. Муну ал кездеги президент Атамбаев четке кагып, кеңешчисинин мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө ачык айтып чыккандарды жактырчу эмес.

Кийин Атамбаев бийликтен кеткен соң саясий чөйрөдө «Шоопур» деген каймана атка конгон Икрамжан Илмиянов 2018-жылы өлкөдөн чыгып кетип, ошол жылдын октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин "Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык" дегенден тарта бир нече берене менен айып таккан. Тергөөнүн маалыматы боюнча Илмиянов 2017-жылы "Дизел комплект" аттуу беларус ишканасынан 150 миң доллар акча алганы аныкталган.

2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып салып, үй-мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарган. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылган. Илмиянов сотто күнөөсү далилденбегенин айткан.

Кийин бул ишти Бишкек шаардык соту карап, анын жаза мөөнөтүн бир жыл, алты айга кыскарткан. Буга кошумча Жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель ыңкылабынын 10 жылдыгына карата президент жарыялаган мунапыска илинип, Илмияновдун жаза мөөнөтү сегиз айга кыскартылган. 2020-жылы болсо жатак абакка которулган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG