Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Тукуновдун чиновниктин этикасын эске салган окуясы


Акжолтой Тукунов бул кызматка мындан туура бир ай мурда дайындалган.
Акжолтой Тукунов бул кызматка мындан туура бир ай мурда дайындалган.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова аталган мекемеге караштуу Монополияны жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Акжолтой Тукуновго эскертүү берди. Мунун алдында анын соода жайлардын биринде анда иштегендер менен талашып-тартышып жатканы тартылган видео тараган.

Жарандык активист катары таанымал Тукунов бул кызматка мындан бир ай мурда гана дайындалган.

Окуя жекшембиде, 31-июлда кечки саат 10дор чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылындагы ири дүкөндөрдүн биринде болгон. Анда Акжолтой Тукунов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз эфир уюштурган жана өзүн Монополияга каршы кызматтын орун басары катары тааныштырып, күбөлүгүн көрсөтүп, дүкөндөгү бааларга байланыштуу доомат айткан.

Бул соода жайында иштеген, өзүн Витя деп тааныштырган адам андан атайын уруксат кагазын сураган жана ансыз текшере албасын эскерткен. Бул видео социалдык тармактарда кызуу талкуу-талаш жараткан.

Тукунов аралашкан окуя мамлекеттик кызматкерлердин этикасы, жүрүм-турумуна байланыштуу талкууга жем таштады. Журналист Аскер Сакыбаева алардын деңгээлине токтолду:

"Акыркы учурда мамлекеттик кызматтын деңгээли түшүп кетти. Жооптуу кызматтарга кандай адамдар дайындалганын, ошол адамдардын деңгээлин алардын өз кызматына жасаган мамилесинен көрүп жатабыз. Акжолтой Тукунов өзүн эле эмес, мамлекеттик кызматты дагы сыйлабастыгын көрсөтүп жатат. Жетекчи катары мамлекеттик кызматкердин функциясын, этикасын, маданиятын, жүрүм-турумун такыр эле билбей турганын көрсөттү. Маданияттуу, сылык-сыпаа мамиле кылса андай кагуу жемек эмес. Мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгү, билими, деңгээли ээлеген кызматына туура келеби деген суроо курч турат. Тилекке каршы, соңку 1,5 жылдан бери эле азыркы бийликке догун, милдетин арткан, кезинде бир кызматын өткөрүп койгон адамдар ар кандай ыкмалар менен кызмат доолап, кызматка келип жатканын көрүп атабыз".

Монополияны жөнгө салуу агенттиги бул окуяга байланыштуу 2-августта атайын түшүндүрмө таратты. Анда экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова атайын жыйын өткөргөнү, Тукуновго эскертүү берилгени, өзү дагы кечирим сураганы айтылат.

Ошондой эле "дүкөндөрдөгү бааларга мониторинг дайыма эле, жумуш маалында жана дүкөндүн тийиштүү өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлүп турары, атайын сурамжылоо баракчалары толтурулушу керектиги, соодагерлер мекеменин бул ишине түшүнүү менен мамиле кылары, бирок видеосу интернетте тарап жаткан мындай окуя биринчи жолу катталганы" жазылган.

Акжолтой Тукунов "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул соода жайын текшерүүгө барбаганын, бааларга байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгүсү келгенин белгиледи. Ал ошондой эле мамлекеттик кызматкердин этикасы, кесипкөйлүгү тууралуу дооматтарды четке какты.

"Ал жерде текшерүү ниети болгон эмес. Баасын көрүп эле Фейсбукка чыгарганбыз да. Албетте, мага эскертүү туура берилди, ага эч кандай каршылыгыбыз жок. Тажрыйбам албетте жетиштүү, бул жерде көралбастык эле болуп жатат. Мен бул жерде 2020-жылы жарым жыл иштеп кеткем, өзүмдүн жумушумду билем. Мындай иш-чаралар такай эле болуп келген. Витя деген жигиттин адекваттуу эмес эле сөздөрү болуп кетти. Биз ошол бааны көрүп, аны белгилеп коюп эле чыгып кетмекпиз. Ал үйүмдүн жанындагы эле дүкөн. Ага көп кошуналарым арызданып келген, ал жерде баа аябай эле кымбат. Нан, азык-түлүк алганы эле келгем, анан баасын көрүп эле аны видеого тарткам".

Шаршембиде, 3-августта Монополияны жөнгө салуу агенттиги аталган мекемеге Тукунов менен чырдашкан дүкөндүн Витя атуу сатуучу баштаган өкүлдөрү келгенин билдирди. Анда соода жайдын жетекчилери кечирим сурап, орой мамилеси үчүн Витяга сый акы бербөө тууралуу чечими чыгарылганын айтышкан.

Тукунов бул кызматка мындан туура бир ай мурда дайындалган. Ал ага чейин Фейсбук аркылуу коомдогу ар кандай маселелер боюнча пикирин билдирип, соңку учурда казино мыйзамына кескин каршы чыгып, ар кандай акцияларга активдүү катышып келген. Кызматка дайындалгандан кийин дароо пикири өзгөрүп, бийликти сындабай калганын айткандар да болгон.

Тукунов 2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин Монополияны жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп бир нече ай иштеген. Андан кийин парламенттик шайлоого дагы катышкан.

Президент Садыр Жапаров 23-июнда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап жатып, кадр тандоодо кесипкөйлүк, адеп-ахлактык сапаттарына көңүл буруларын билдирген.

"Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кадрларды кызматка тандоону талапкерлердин кесипкөйлүк жана моралдык-адеп-ахлактык сапаттарынын негизинде гана жүргүзүү чоң мааниге ээ. Ошону менен бирге, жаңы технологияларды өнүктүрүү шартында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жаңы деңгээлге чыгарууда ар дайым адистердин билимин өркүндөтүп туруу, тажрыйбасын арттыруу жаатында кадам жасообуз талап кылынарын белгилей кетүү маанилүү. Элдин бийликке ишенимин бекемдөө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгүнөн, кынтыксыз ишинен, ошондой эле адамдык сапаттарынан көз каранды экенин жакшы билесиздер".

Садыр Жапаров андан мурдараак "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде жалпы эле кадр саясатына байланыштуу дооматтарга жооп берген. Анда кызматка койгон адамдын мурда кандай, ким менен иштегени кызыктырбай турганын айткан.

"Мен башында эле сүйлөшкөм. "Мурда кандай иштедиң, ким менен иштедиң, мени кызыктырбайт. Мындан ары таза иштейсиң, уурдабайсың, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей иштеп бересиң. Эгер кыйшайсаң камаласың" деген талап менен иштетип келем. Мамлекет башына келгенден кийин жоопкерчилик моюнуңда болот экен. Сарсанаа болот экенсиң. Мамлекеттин ишин тартып кете турган кадрларды издей баштайт экенсиң. Бирөөнү тапсаң, таза, бирок потенциалы төмөнүрөөк. Бирөөнү тапсаң, эл айткандай, репутациясы начар, бирок мамлекеттик ишти удургуткан бойдон тартып кетет. Анан аны менен ушинтип сүйлөшүп алып иштетишке туура келет экен. Анан эле тиги жегич, бул жаман деп отура берсек алдыга жай жылабыз. Мен азыр эч кимге жегизбейм. Эгер жегенин билип калсак камайбыз", - деген Жапаров.

Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы жетекчиси, экс вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев чиновниктердин ишин жөнгө салган мыйзам, жоболор бар экенин белгиледи.

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

"Анда мамлекеттик кызматкер өзүн кантип алып жүрүшү керек, текшерүүгө кантип барышы керек, кийим-кечеси кандай болушу керектигинен бери жазылган. Ар бир мекеменин функциясын аныктаган документтер дагы бар. Ошолорго ылайык иштеш керек. Убагында жарандык активист болуп жүргөн, мамлекеттик кызматка баргандар эскичесинен эле сүрүп кирип барып жатпайбы. Айрыкча мурда иштебей жүрүп жетекчилик кызматтарга дайындалган адамдар иштерден мурун алардын кызматын жөнгө салган документтерди жакшылап окуп, таанышып алышы керек. Республикалык деңгээлдеги жетекчиликке дайындалгандар негизи кызматындагы бардык тепкичтерди басып өтсүн деген тартип бар да. Ошондой эле квалификациялык талаптар бар. Эгер ошонун баарынан өтсө кынтыксыз иштеп кете алат. Кандайдыр бир себептер менен, саясий себептер менен келип калгандар бир топ кыйналып жатышат".

Тукуновдун окуясы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлүп, аларга талап дагы жогорулаган маалга туш келди. Президенттин жарлыгына ылайык, маселен 1-августтан тартып министрликте, жергиликтүү мамлекеттик администрацияда, мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүндө, райондук маанидеги шаардын мэриясында бөлүм башчы же жетектөөчү адис болуп иштегендердин айлыгы орточо эсеп менен алганда 186-251% чейин көбөйдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG