Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

Түркиядагы кыргыздардын билим түйшүгү


Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда жалпысынан 20 миңден ашуун кыргызстандык расмий катталган. Балдарын жашаган жеринде мектепке берген мигранттар да аз эмес.

Толкун Турдугулова беш жылдан бери үй-бүлөсү менен Стамбул шаарында жашайт. Уулу Бекжан 4-класстын окуучусу. Ал Стамбул шаарынын Зейтинбурну аймагындагы мамлекеттик мектепте окуйт.

Толкун төрт жыл мурда уулун биринчи класска жаздырып жаткан маалдагы шарттар тууралуу буларды айтып берди:

Толкун Турдугулова уулу Бекжан менен мектепте. Стамбул.
Толкун Турдугулова уулу Бекжан менен мектепте. Стамбул.

- Биз азыр жашап жаткан үйүбүздүн жанында үч мектеп бар. Бирок катталган жерибиз боюнча уулум Казип Өзалп орто мектебине барыш керектигин билгенден кийин ошол мектепке алып бардым. Алгач даярдоо классына берейин десем бул жакта 1-класска алты жаштан алгандыктан дароо эле биринчи класска отургузушту. Бекжан тез эле көнүп кетти. Азыр уйгур, өзбек, түрк достору бар.

Түркияда 2018-2019-окуу жылында орто мектептерде 17 миллиондон ашык окуучу катталган. Алардын 232 миңге жакынын чет өлкөлүк окуучулар түзөт. Мамлекеттик мектептерде билим берүү түрк тилинде жүргүзүлүп, чет өлкөлүк окуучулар да жергиликтүүлөрдөй эле акысыз билим алышат. Бирок мигрант ата-эне баласын мамлекеттик окуу жайларга киргизиш үчүн расмий эмгек визасы же Түркияда туруктуу жашаганга каттоосу болуусу шарт.

Стамбул шаарында иштеген Аида баласын жалгыз багат. Ал Түркияга иштегени келип, уулун кийин жанына алдырып алган. Аиданын визасы болбогондуктан уулун бул жылы мектепке киргизе албай койду:

- Бул жылы өзүмдүн визам болбогондуктан уулумду да мектепке киргизе албай калдым. Мектепке барып сурасам "балаңдын же өзүңдүн визаң болушу керек" деп айтышты. Эми баламды Кыргызстанга жөнөтсөмбү деп турам. Өзүм да бир ишке расмий орношсом, кийинки жылы кеч болсо да уулумду мектепке жаздырып алам деп пландап жатам.

Түркияда малекеттик орто мектептерде билим берүү акысыз. Өлкөнүн айрым орто мектептеринин администрациясы башталгыч класстарга чет өлкөлүк жарандардын балдарын "конок окуучу" катары кабыл алган жагдайлар да болгон. Бирок бул статустагы окуучу жыл аягында мектептен күбөлүк ала албайт.

Түркиянын Анкара шаарындагы ТЕД университетинин доценти Мирбек Турдуев үч жаштагы кызын быйылкы окуу жылында жеке менчик бала бакчага берген. Турдуев мамлекеттик билим берүү мекемелеринде окуучулардын саны көп болгондуктан жеткиликтүү көңүл бурулбайт деген ойдо:

Мирбек Турдуев үй-бүлөсү менен эс алууда. Түркия.
Мирбек Турдуев үй-бүлөсү менен эс алууда. Түркия.

- Мамлекеттик бала бакчаларда 20-25 балага бир мугалим туура келет. Менин оюмча мамлекеттик бала бакчада балага көп көңүл бурулбай калат. Ал бала бакчалардын абалын көргөн деле жокмун. Башынан эле кызымды жеке менчик бала бакчага беребиз деп кеңешип, анан издеп көрүп, бирине токтолгонбуз. Азыр кызым көнүп калды. Күнүнө 1-2 саат уктайт, төрт маал тамак ичишет. Ар түрдүү ийримдери бар: кол эмгек, бий, хор, сүрөт жана башка.

Түркиядагы жеке менчик бала бакчалардын айлык төлөмү 1500 лирадан 1800 лирага чейин чыгышы мүмкүн. Бул айына 250-300 долларга айланат. Жеке менчик орто мектеп жана лицейлердин баасы андан дагы жогору. Жыл сайын жеке менчик окуу жайларга жаздырган ата-энелерге Түркиянын Билим берүү министрлиги белгилүү бир өлчөмдө финансылык колдоо көрсөтөт. Бирок чет өлкөлүк жарандар бул колдоодон пайдалана албайт.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинде 20 миңден ашык кыргызстандык расмий катталган. Негизинен Стамбул, Анкара, Анталия, Измир сыяктуу чоң шаарларда иштешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG