Зеленскийдин инаугурациясын 20-майда өткөрүү сунушун Жогорку Раданын 315 депутаты колдоду. Эки эл өкүлү гана каршы болду.
“Биз жаңы шайланган президент Зеленскийдин ант берүү аземине арналган Жогорку Раданын салтанаттуу жыйынын 20-майда саат 10:00дө өткөрүү тууралуу чечим кабыл алдык”, - деди Жогорку Раданын спикери Андрей Парубий.
Владимир Зеленскийдин өзү ант берүү аземин 19-майда өткөрүүнү сунуш кылып жаткан. Бирок депутаттар аны колдогон жок. Парламент бул маселени карап жатканда инаугурацияны 19-майда өткөрүүнү талап кылган бир канча адам Жогорку Раданын алдында митинг өткөрдү.
Украин мыйзамдарына ылайык, инаугурация шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин 30 күндүн аралыгында өтүшү керек, демек, ант берүү аземин өткөрүүгө 3-июнга чейин убакыт бар болчу.
41 жаштагы актер жана куудул Зеленский 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келген Петро Порошенкону жеңип чыккан. Ал жалпы добуштардын 73 пайызын, атаандашы 25 пайызын алган.
Шайлоодон бери украин депутаттары инаугурациянын датасын аныктоону улам кийинкиге жылдырып келген.
Айрым талдоочулар бул атайын болуп жатат, эгер Зеленский кызматына 27-майдан кийин кирише турган болсо, парламентти тарката албай кала турганын айтып жаткан. Бирок 20-майда кызматына киришкен Зеленскийде Жогорку Раданы таратып, жаңы парламенттик шайлоо жарыялаганга бир жума убактысы болот.
Украин мыйзамдарына ылайык, президент Жогорку Раданы анын ыйгарым укуктары аяктаганга жарым жыл калганга чейин гана таркатууга укуктуу. Учурдагы украин парламентинин ыйгарым укугу быйыл 27-ноябрда аяктайт.
Жаңы шайланган Зеленскийдин Жогорку Радада өз партиясы жок болгондуктан шайлоо өнөктүгү учурунда берген убадаларын аткаруу үчүн парламентте колдоочулары аз.
Экинчиден, кезексиз шайлоо жарыяланып калса, ал июлдун акырында өтүп калышы мүмкүн. Бул азыркы учурда эл арасында кадыры бийик Зеленскийге али жакшы түптөлө элек “Эл кызматчысы” партиясын парламентке алып келгенге мүмкүнчүлүк берет.
“Украин маалымат каражаттарында жарыяланган социологиялык сурамжылоодо эгер бүгүн шайлоо өтө турган болсо, “Эл кызматчысы” партиясы 40 пайыз добуш алмак. Украина парламенттик - президенттик өлкө экенин эскерте кетейин. Ошондуктан президентке дайыма шайлоодо убада берген мыйзамдарын ишке ашыруу үчүн парламент менен тил табышууга туура келет. Зеленскийге жана анын саясий күчтөрүнө шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өткөнү пайдалуу болмок”, - деди украиналык саясий талдоочу Александр Харебин.
Ошол эле ал Зеленскийдин партиясы азыр шайлоого анча даяр эмес деп эсептейт.
Ал эми орусиялык саясат таануучу, журналист Константин Скоркин Владимир Зеленский Жогорку Раданы таратат дегенге анча ишенбей турат.
"Жогорку Радага ант берүүнү дагы артка жылдырып коюу оор эмес деле болчу. Экинчиден, бүгүн мага юристтер түшүндүргөндөй, депутаттарда парламентти таратпай, сактап калуунун жок эле дегенде дагы эки-үч варианты бар. Ошондуктан бул маселе юридикалык же укуктук талаада эмес, саясий өңүттө чечилет окшойт".
Актер жана куудул Владимир Зеленский азырынча парламентти таркатуу боюнча так пикирин айта элек.