Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:58

Украинада президенттикти көздөгөндөр көп


2014-жылы парламенттик шайлоодо тартылган сүрөт.
2014-жылы парламенттик шайлоодо тартылган сүрөт.

Украинада президенттикке талапкер болгусу келген адамдардын саны 83кө жетти. Үмүткөрлөрдүн катары калың болгону менен негизги атаандаштык бир нече талапкердин арасында гана жүрчүдөй.

Украинада 31-мартка белгиленген президенттик шайлоого катышууну каалаган адамдардан документтерди кабыл алуу аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы 4-февралда жарыялагандай, баш-аягы 83 адам президенттик шайлоого катышууга арыз берген.

Комиссия алардын 28инин документтерин жактырып, 22 кишиникин четке какты. Маселен, Украинанын Коммунисттик партиясынын лидери Петр Симоненко талапкер боло албай калды.

Шайлоо комиссиясы «Симоненконун талапкерлигин көрсөткөн партиянын уставы, аты жана символикасы «Коммунисттик, улутчулдук жана тоталитардык режимди Украинада жайылтууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзамга каршы келет» деп тапты.

Калган 33 үмүткөрдүн арызы толук каралып бүтө элек. Каттоодон өткөн талапкерлердин акыркы тизмеси 9-февралга чейин белгилүү болуп калат.

Украинада президенттикке ат салышууну каалагандар адаттагыдан көп болгону менен бул шайлоодо негизги атаандаштык азыркы президент Петро Порошенконун, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун жана куудул Володимир Зеленскийдин ортосунда болот деп күтүлүүдө.

53 жаштагы Порошенко президенттикке кайрадан ат салышарын 29-январда жарыялап, Украинанын Евробиримдик менен НАТОго мүчө болушу үчүн аракет кыларын айткан.

Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

- Беш жыл ичинде биздин максат - аскердик күчтөрдү бекемдөө, аны жаңылоо жана жаңы куралдар менен камсыз кылуу болмокчу, - деген эле ал. - Биз Орусия менен тынчтыкты каалайбыз. Мамиле муздак болсо да тынчтык болсун. Эл согуштан тажап бүттү. 2024-жылы биз Евробиримдикке мүчө болуш үчүн арыз беребиз. Бизди кабыл алышаарынан күмөнүм жок. Анан НАТОго кошулуш үчүн аракетибизди баштайбыз.

Украинадагы эң бай адамдардын бири болуп саналган Порошенко 2014-жылы ошол кездеги президент Виктор Януковичтин Орусияга качышына себеп болгон Евромайдан окуяларынан кийин бийликке келген. Ал Батыш менен мындан ары да жакындашууну жактап, Орусияны Крымды аннексиялаганы жана Донбасстагы жикчилдерди колдогону үчүн айыптап келет.

Украинада президенттикке талапкер болгусу келген башка саясатчылар да ушул эки маселе боюнча өз пикирлерин ачык билдиргенге аракет кылып жатышат. Шайлоонун фаворитеттеринин бири болуп саналган 58 жаштагы Юлия Тимошенко да Орусиянын аракеттерин айыптап, өзүн Батышка ыктаган талапкер катары көрсөтүүдө.

Юлия Тимошенко.
Юлия Тимошенко.

- Мен беш жылдан кийин «Украинанын энергетикалык өз алдынчалыгы толук камсыз кылынды» деп элге айта алгыдай болом деген максат койдум. Биз саясий өз алдынчалыгыбызды, эгемендигибизди да бекемдейбиз. Ошондой болот. Бир артыкчылыктуу багыттарга жараша өзүбүздүн келечектеги кадамдарыбызды аныктадык. Крым менен Донбасс Украинаныкы деп так айта алам. Биз ал аймактарды мамлекетибизге кайтарабыз, - деп билдирген Тимошенко өткөн айда.

Талапкерлердин рейтинги боюнча соңку сурамжылоолорго ылайык, Тимошенко 16 пайыз менен алдыда баратат. Порошенко 14 пайыз менен экинчи, ал эми куудул Зеленский 9 пайыздык көрсөткүч менен үчүнчү катарда келатат.

«Quarter 95» студиясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси, 40 жаштагы украиналык актер Володимир Зеленский президенттикке аттануу ниетин «Украинада бир нерсе өзгөртүү» аракети менен түшүндүргөн. Ал «Элдин кулу» («Слуга народа») деген популярдуу сериалда кадимки мектеп мугалиминен президенттикке чейин жеткен каармандын ролун ойноп жүрөт.

Шайлоодо мурдагы вице-премьер-министр Юрий Бойко, Львовдун мэри Андрей Садовый да бул шайлоодо өздөрүн сынап көргөнү жатат.

Митрополит Епифаний чоң салтанат менен диний кызматка киришти. Киев, 3-февраль, 2019-жыл.
Митрополит Епифаний чоң салтанат менен диний кызматка киришти. Киев, 3-февраль, 2019-жыл.

Кантсе да бул шайлоо өнөктүгү Киев менен Москванын алакасы ого бетер чыңалып турган учурга туш келди. Ноябрь айында Керч кысыгындагы үч украин кемесинин жана деңиз аскерлеринин кармалышы менен коштолгон жаңжалдан көп өтпөй Украинанын православ чиркөөсү толугу менен Москвадан бөлүндү.

Бир күн мурда Киевдеги София соборунда Украинанын өз алдынча иш алып барган жаңы чиркөөсүнүн башчысы Митрополит Епифаний чоң салтанат менен расмий түрдө ишке киришти.

Канча жылдан бери Украинанын ишине кийлигишпегенин айтып келген Кремль украин чиркөөсүнүн өз алдынчалыгын (автокефалиясын) бөлүп-жаруунун, украин бийлигинин дин иштерине одоно кийлигишүүсүнүн натыйжасы катары мүнөздөгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG