Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Венесуэлада саясий кризис бүтчүдөй эмес


Каракастын аба майданындагы орусиялык учак. 24-июнь, 2019-жыл.
Каракастын аба майданындагы орусиялык учак. 24-июнь, 2019-жыл.

Венесуэланын бийлиги президент Николас Мадуронун жана анын саясий санаалаштарынын көзүн тазалоону максат кылган төңкөрүш аракетин токтотуп калганын жарыялады.

Бирок оппозиция бийликти «мындай билдирүү аркылуу саясий атаандаштарына басым кылууну көздөйт» деп айыптап жатат. Ал арада Венесуэладагы орус аскерлери өлкөдөн чыгып кетип жатканы маалым болду. Бирок Москва Венесуэладан канча аскер кеңешчиси кетип жатканын тактаган жок.

Венесуэланын президенти Николас Мадуронун басма сөз катчысы Хорхе Родригестин айтымында, негизинен кызматтан кеткен полиция жана аскер кызматкерлеринен турган топ башкы мамлекеттик имараттарды, Каракастагы авиабазаны жардырууну жана өлкөнүн борбордук банкын тоноону пландаган. Ал төңкөрүш аракети 23-июнга белгиленгенин айтып, «кутумчулардын сүйлөшүүсү» деген 56 сааттык тасманы да көрсөттү.

Родригес кошумчалагандай, кутумчулар оппозиция лидери Хуан Гуайдону да саясий майдандан сүрүп чыгарып, камакта отурган мурдагы коргоо министри Рауль Бадюэлди президент кылып дайындамак болушкан.

Ал эми президент Николас Мадуро анын аялын жана саясий өнөктөштөрүн да өлтүрүүнү каалаган кутумчуларды колдоп жатат деп Америка Кошмо Штаттары менен Колумбияны айыптады:

Николас Мадуро аялы менен.
Николас Мадуро аялы менен.

«Алар кутумчулар гана эмес, бийликке чабуул койгон, кан төгүү аркылуу мамлекет башына келүүнү көздөгөн жалданма киши өлтүргүчтөр. Эмне ушул саясий жолбу? Мен оппозициядагы чынчыл ар бир лидерден сурагым келет: бийликке жетүүнү көздөгөн саясий жол ушубу?»

Николас Мадуронун бийлиги буга чейин да бир канча жолу мамлекеттик төңкөрүш аракети болгонун жарыялап, бирок ага ынанымдуу далилдерди келтирген эмес. Оппозиция болсо бийликти «ушундай ырастоолорду негиз кылып, өз алдынча саясатчыларга басым кылууну көздөйт» деп айыпташат.

Хуан Гуайдо.
Хуан Гуайдо.

«Узурпатор айтып жаткан окуя - бул номур канчанчы окуя? Улуттук басма сөздүн өкүлдөрү, бир эле айыптоону канча жолу айтып жатканынан сиздер да адашып калдыңыздар», - деди оппозиция лидери жана парламент спикери Хуан Гуайдо.

Президент Николас Мадуро буга чейин да ага кол салууну уюштурган деп Колумбия менен Чилини күнөөлөгөнү маалым.

26-июнда Колумбиянын Медельин шаарында Америка мамлекеттеринин уюму 49-ассамблеясын баштады. Аймактык уюм экономикалык жагдайдан, адам укуктарынын абалынан жана коопсуздуктан тышкары Венесуэладагы саясий кризисти, анын айынан миңдеген адамдардын өлкөгөн кетип жатышын талкуулаганы турат.

Иван Дуке.
Иван Дуке.

«Ала кушту атынан атайлы. Америка мамлекеттеринин уюму жана Америка аралык система демократияга жамынган диктатураны айыпташы керек. Көптөгөн жылдар бою биз демократия өңдөнгөн диктатура Венесуэланы талкалап жатканда көңүл бурбай келдик. Бул куугунтуктун эң катаал түрлөрүнүн бири. Биздин милдет - диктатураны жеңүү. Биздин милдет - венесуэлалыктарга эркиндик берүү», - деген Колумбиянын президенти Иван Дуке ассамблеяны ачып жатып, Америка мамлекеттеринин уюмуна кирген өлкөлөрдү Венесуэланын диктатор бийлигине басым көрсөтүүгө чакырды.

Жыл башынан бери Венесуэлада оппозиционер Хуан Гуайдонун тарапташтары менен азыркы президент Николас Мадуронун ортосунда тиреш уланууда. АКШ, Европа жана Түштүк Американын көптөгөн өлкөлөрү Гуайдону Венесуэланын легитимдүү убактылуу президенти катары тааныган. Мадурону Орусия, Кытай, Түркия, Иран, Куба жана Боливия колдоп турат.

Ал арада Венесуэладагы орус аскерлери өлкөдөн чыгып кетип жатканы маалым болду. Бул тууралуу Каракастагы Орусиянын элчилиги билдирди. Дипломатиялык өкүлчүлүк орусиялыктар план боюнча иш жүргүзгөнүн, 26-июнда алар «Ил-62» учагы менен Москвага кайтарын маалымдады. Каракастан канча киши келери так айтылган жок.

Буга чейин «Reuters» агенттиги Каракаска Орусиянын Коргоо министрлигинин учагы келгенин кабарлаган. Март айында ушул эле борт «Ан-124» учагы менен бирге Венесуэланын борборунун аэропортуна конгон. Анда Орусиядан 100 аскер кызматкери келгени кабарланган.

Венесуэлага орусиялык аскер учактарынын келиши Вашингтон менен Москванын ортосунда дипломатиялык талаш жараткан. Ак үй Кремлди «Венесуэланын ички ишине кийлигишип жатат» деп айыптаган. Орусия болсо Каракаска курал-жарак сатуу келишимин тейлеген кызматкерлер гана келгенин билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG