Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Макрон менен Путин митинг тууралуу талашты


Эммануэл Макрон менен Владимир Путин. Франция, 19-август, 2019-жыл.
Эммануэл Макрон менен Владимир Путин. Франция, 19-август, 2019-жыл.

Франциянын президент Эммануэл Макрон 19-августта өлкөнүн түштүгүндөгү жайкы резиденциясында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту.

Эки өлкөнүн лидерлери анда өз ара алака-катыштан сырткары Украинадагы жагдай, Сириядагы жаңжал өңдүү темаларда пикир алмашты. Путин Москвада бир канча аптадан бери уланып жаткан нааразылык акциялары тууралуу биринчи жолу үн катты.

Эммануэл Макрон менен Владимир Путиндин кездешүүсү буга чейинки программалардан башкача өттү. Эки президент чакан чөйрөдө жолугушканга чейин эле басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков мындай форматты Макрон сунуш кылганын ырастады.

Басма сөз жыйынында Владимир Путинге Москвада шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициячыл жана өз алдынча талапкерлерди колдогон нааразылык акциялары тууралуу суроо берилди. Орусиянын президенти «жарандар мыйзамды сыйлашы керек» деп айтты:

Владимир Путин.
Владимир Путин.

«Жарандар мыйзам чегинде тынч жыйындарга чогулууга укугу бар. Бийлик ошондой укуктарды камсыз кылып берүүгө милдеттүү. Бирок бийлик да, жарандардын кайсы бир топтору да мыйзамды бузуп, жагдайды акылга сыйгыс абалга жеткирип же бийлик менен кагылыштырууга укугу жок».

Путин Москвада полиция кууп тараткан, жүздөгөн адамдын камалышы менен аяктаган митингдер тууралуу сөз кылып жатып, Франциядагы «сары кемселчендердин» нааразылык акцияларын эске салды:

«Мен конокко келип алып, бул тууралуу сөз кылганым албетте, эми орунсуз. Бирок мен аны айтууга аргасызмын. Анткени ушундай суроо берилди. Франциядагы «сары кемселчендер» менен байланышкан окуяларды баарыбыз эле билебиз. Анда, биздин эсебибизде, 11 адам өлүп, дагы 2,5 миңдей киши жаракат алган. Алардын арасында эки миңдейи полиция кызматкери болгон. Биз ушундай окуялар Орусиянын борбор шаарында кайталанышын каалабайбыз. Ошондой эле, ички саясатыбызга байланыштуу жагдайдын мыйзам чегинен чыгып кетпеши үчүн бардык аракетибизди көрөбүз».

Эммануэл Макрон Путинге ошол жерден эле жооп кайтарды. Ал Францияда митингге чыккандар менен полиция кагылышканына карабастан, Орусиядан айырмаланып, демонстранттардын укуктары ар тараптан корголорун белгиледи:

Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

«Эми президент зордук-зомбулук менен коштолгон Франциядагы демонстрацияларды эске салды. Анда каршылык акцияларына чыккандар да, полиция кызматкерлери да жабыркаган. Бирок Франция ар дайым өзүнүн Конституциясында жазылган укуктарды эле эмес, Европа Кеңеши кепилдик берген укуктарды да сыйлап келген. Франциянын бардык жарандары Европа сотуна кайрыла алат жана алардын укуктары сөзсүз корголот. Мен ачык эле айтайын - Францияда нааразылык акциясына чыккан жарандык активисттер шайлоолорго эркин катышкан. Ошондуктан салыштыруунун баары эле жөндүү эмес. «Сары кемселчендер» Европадагы шайлоолорго катышкан жана эми жергиликтүү кеңешке шайлоого катышат. Бул туура. Бул жаңжалды басаңдатат».

Макрон басма сөз жыйынында Орусия менен Батыш мамлекеттеринин ортосунда «белгилүү бир пикир келишпестиктер» бар экенине токтолду. Ал континенттин коопсуздугу үчүн тараптар биргелешип аракеттенерине ишенерин айтты.

Макрон менен Путиндин көзмө-көз сүйлөшүүсү жабык өттү жана үч сааттан ашык убакытка созулду. Анда эки өлкөнүн лидерлери өз ара соода-экономикалык алака-катыштан сырткары Украинадагы абал, Сириядагы жаңжал, Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы соңку окуялар жана климаттын өзгөрүшү тууралуу пикир алмашты.

Макрон менен Путин биринчи жолу 2017-жылы Париждин четиндеги Версаль сарайында кезиккен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG