Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:24

Стив Жобс – дүйнөнү өзгөрткөн гений

Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобстун өлүмү дүйнөлүк саясатчыларды, кесиптештерин, миллиондогон күйөрмандарын кайдыгер калтырган жок. Жобс 56 жашында уйку бездин рагынан көз жумду.

Apple, Macintosh, iPod, iPhone, iPad - жогорку технологиялардын тарыхына алтын тамга менен жазылган бул аталыштардын артында дал ушул адам турат.

Стив Жобстун бул дүйнө менен кош айтышканы белгилүү болору менен Apple компаниясынын баш кеңсесинин алдына адамдар гүл, шам алып келе башташты.

Көп узабай Ак үй АКШ президенти Барак Обаманын атынан билдирүү жасады. Анда Жобстун таланты, дүйнөнү өзгөртүүгө болгон умтулуусу, үйүндөгү гараждан баштаган бизнести дүйнө жүзүндөгү эң ийгиликтүү компанияга айландырганы белгиленет.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Твиттердеги блогунда маркумдун жакындарына көңүл айтып, "Стив Жобстой адамдар биздин дүйнөнү өзгөртүштү" деп жазды.

Жобстун өз ата-энеси - сириялык улан менен америкалык студент жаңы төрөлгөн баласынан баш тарткандан кийин аны калифорниялык бир үй-бүлө багып алган. Жобс дүйнөлүк электрониканын борбору – Силикон өрөөнүндө чоңойгон.

1976-жылы үйүндөгү гаражда Стив Возняк менен биргеликте алгачкы Apple компьютерин жасап чыгарган. Андан түшкөн каражатты Apple-2 компьютерин жасоого сарптаган. Бирок жаңы муундун компьютерлерин чыгаруу үчүн көп акча керек болоруна көзү жеткенде Жобс жергиликтүү инвестор Майк Марккулду Apple Computer компаниясын негиздөө ишине тарткан.

Apple же алма Жобстун эң жакшы көргөн жемиши болчу.

1984-жылы компания Macintosh аттуу персоналдык компьютерди сунуш кылган.

Стив Жобстун жапон күйөрмандары, 6-октябрь, 2011-жыл
Стив Жобстун жапон күйөрмандары, 6-октябрь, 2011-жыл
Ошол жылдарды Стив Жобс 2005-жылы Стэнфорд университетинде сүйлөгөндө мындайча эскерген:

- Возняк экөөбүз "Эпплди" 20 жашта, ата-энемдин гаражында баштаганбыз. Катуу иштедик, 10 жылдан кийин Apple гаражда иштеген эки кишиден 4 миң кызматкери бар 2 миллиард долларлык компанияга айланган. Алдыңкы жылы биз Macintosh ойлоп тапканбыз, мен ошондо 30га жаңы эле чыккам.

Жобстун гениалдуу продукциясы кыргызстандык жаштарды да багындырган.

bizdin.kg сайтын түптөгөн Чоробек Сааданбеков Стив Жобсту улуу инсандардын катарына кошсо болот дейт:

- Ал кезде ири компаниялардын өкүлдөрү персоналдык компьютерлердин келечеги жок деп, аларды өнүктүрүүгө кызыкпай коюшкан. Булар болсо ишенип, гаражында өз акчасына жаңы компьютерлерди чогултуп жатышты. Жаңы идеяга берилгендиги менен жаңы тармакты ача алышты. Apple'дин ийгилиги түздөн түз Жобско байланган. Ал бир кездери өзү жалдаган менеджерлер менен иштеше албай, компаниядан кеткен. Кайтып келгенден кийин Apple кайрадан өнүгүп өсө баштады. Алсак, iPod өңдүү МР3 музыка ойноткучтарды ал кезде башка атактуу фирмалар деле чыгарып келген. Бирок Жобс жетишкен ийгиликке алар жетише алган эмес. Андан кийин чыгарган iPad дүйнө жүзүндө миллиондогон, 10 миллиондогон нуска менен сатылса, атаандаштары миллиондогон алдыңкы touchpad компьютерлерин сата албай, бааларын арзандатууга аргасыз болууда.

Чоробек Сааданбеков сөз кылган iPad менен китеп, гезиттерди окуп, музыка угуп, кино көрүп, оюндарды ойносо болот. Китептин бетиндей такта-компьютер былтыр эле чыгарылган.

Ага чейин, 2007-жылы биринчи iPhone пайда болгон. Кадимкидей эле чөнтөк телефон менен мыкты сапаттагы сүрөт, видео тартып, электрондук кат жазууга болот, ага GPS навигациясы жана көптөгөн башка функциялар орнотулган. Компаниянын маалыматына караганда, 4 жылдын ичинде дүйнөдө 100 миллион даана iPhone сатылган.

Жобстун Pixar компаниясы да анимация тармагында революциялык өзгөрүүлөрдү жасаган.

Алты жумадай мурун ал саламаттыгына байланыштуу Apple компаниясынын аткаруучу директор кызматынан кеткен.

Жобстун рак оорусуна кабылганын адегенде анын жакындары гана билишчү, 2004-жылы операция жасалып, эки жыл мурун ага жаңы боор трансплантацияланган.

Маркумдун артында 4 баласы калды.

Дүйнөнү өзгөрткөн Стив Жобс

Китайские студенты из американского колледжа Де Анcа (Калифорния) сложили из горящих свечей логотип фирмы Apple и имя Стива Джобса.<br />
1/6 Китайские студенты из американского колледжа Де Анcа (Калифорния) сложили из горящих свечей логотип фирмы Apple и имя Стива Джобса.
Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс 56 жашында уйку бездин рагынан көз жумду.
Стив Джобс показывает новую модель iPhone4 на конференции разбработчиков Apple в Сан-Франциско 7 июня 2010 года.
2/6 Стив Джобс показывает новую модель iPhone4 на конференции разбработчиков Apple в Сан-Франциско 7 июня 2010 года.
Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс 56 жашында уйку бездин рагынан көз жумду.
Пасадена (США). Посетители магазина Apple видят на экране сообщение о смерти Стива Джобса
3/6 Пасадена (США). Посетители магазина Apple видят на экране сообщение о смерти Стива Джобса
Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс 56 жашында уйку бездин рагынан көз жумду.
Логотип Apple &nbsp;- надкусанное яблоко - потушен в фирменном магазине кампании в Гонгконге.
4/6 Логотип Apple  - надкусанное яблоко - потушен в фирменном магазине кампании в Гонгконге.
Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс 56 жашында уйку бездин рагынан көз жумду.
Apple I, также известный как Apple-1, был одним из первых персональных<br />
компьютеров
5/6 Apple I, также известный как Apple-1, был одним из первых персональных
компьютеров
Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс 56 жашында уйку бездин рагынан көз жумду.
Стив Джобс показывает новый компьютер MacBook Air на выставке Macworld Convention and Expo and Expo в Сан-Франциско в январе 2008 года.
6/6 Стив Джобс показывает новый компьютер MacBook Air на выставке Macworld Convention and Expo and Expo в Сан-Франциско в январе 2008 года.
Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс 56 жашында уйку бездин рагынан көз жумду.
Артка
Алдыга
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG