Азербайжан борбору Бакудан - Грузия башкалаасы Тбилисиге карай - андан Түркиянын түндүк-чыгышындагы Карс шаарына чейинки темир жол 30-октябрда ачылган.
Узундугу 850 чакырым бул темир жол Кытай – Европа маршрутунун бир гана бөлүгү.
Кытайдан чыккан поезддер алгач Казакстанга кирип, андан кийин Каспий деңизи аркылуу паром менен Бакуга жеткирилген соң Грузия жана Түркия аркылуу Батыш Европага кете алышат.
Ачылышына Түркия, Азербайжан президенттери, Грузия, Казакстан, Өзбекстан премьер-министрлери, Түркмөнстан менен Тажикстандын министрлери катышкан. Негедир Кыргызстандан делегация барган эмес.
Темир жол “тарыхый долбоор”, “Темир Жибек жолу” деп бааланды.
- Азиядан Европага, Европадан Азияга мындан кыска жол жок. Тарифтерди макулдашуу менен келечекте бул жолду экономикалык жактан өтө жагымдуу кылуу биздин милдет. Алыскы келечекте ташылган жүктүн көлөмү көбөйөт. Албетте бул чоң киреше-пайдалар, жумуш орундары жана кызматташтык, - дейт Азербайжан президенти Илхам Алиев "Евроньюска” берген маегинде.
Кытайдан ташылган товарлар ушул тапта Европага орточо 30-40 күндө жетет. Эми Баку-Тбилиси-Карс темир жолунун шарапаты менен ал убакыт эки эсе кыскарары белгиленүүдө.
Казак премьер-министри Бакытжан Сагынтаев бул долбоор аркылуу Кытай, Борбор Азия, Орусиянын Урал-Сибирь аймактарынан жүк агымын өткөрсө болорун белгилөөдө.
Эки жыл мурда орус-түрк алакасы бузулуп, Орусия аймагы аркылуу түркиялык транзитти өткөрбөй койгон. Ошондо кыргызстандык ишкерлер Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстандагы багыттар менен товар ташып калышкан. Жаңы темир жол алар үчүн бул жаатта кыйла жеңилдиктерди жаратып, жол убактысын кыскартат.
Ошол эле учурда Кыргызстанга да Европа базарларына да ыкчам жетүүгө мүмкүнчүлүк ачат. Бирок “Жүк ташуучулар бирикмесинин” төрагасы Темирбек Шабданалиев жолдун өбөлгөсү менен гана маселе чечилбейт дейт:
- Эң чоң кемчилиги – Кыргызстандын ошол жакка жөнөтө турган өндүрүм, товарлары жок болуп атат. Майда-барат эле алып барбасак, чоң көлөмдөр жок. Кыргызстанга пайдалуу жагы - транзит. Кытайдын товарын Иркештам, Торугарт аркылуу өткөрүп туруп, анан темир жолго салып Европага чейин жеткирип жиберсек бул жерде пайда бар. Мына ошондой пайданы Казакстан көрүүдө. "Хоргос" аркылуу товарларын Европага беш-алты күндө чыгарып жатат.
Европа ВСП+ программасынын алкагында кыргызстандык бир топ өндүрүмдөрдү жеңилдетилген шартта сатып алалат. Бирок ал үчүн тийиштүү сапаттык сертификат, көлөм маселеси чечиле элек.
Орусиядан обочолонуу
Баку-Тбилиси-Карс темир жолу Кытайдын батышка Орусиянын аймагын колдонбой туруп жетишин камсыздайт. Бул Пекинге да, борбор азиялыктарга да геосаясий жактан маанилүү болууда.
- Борбор Азия өлкөлөрү тышкы экономикалык маселелерде 90-жылдарга караганда азыр Орусияга азыраак кылчайып калды. Салыштырмалуу көз карандысыз экономикалык саясат жүргүзүүгө аракеттенүүдө. Кандайдыр бир деңгээлде бул Орусиянын ызалантат. Мурда Түркия Борбор Азия менен мамилесинде инфраструктуралык долбоорлорго маани берген эмес. Жеңил өнөр жай жана курулуш жагына көңүл бурчу. Эми Баку-Тбилиси-Карска катышуу менен Борбор Азия жүк ташууда Орусияны кыйгап өткөн альтернативалуу жол тапты, - дейт казакстандык саясат талдоочу Алькей Маргулан.
Жаңы ачылган темир жол Кытайдын “Бир кур бир жол” экономикалык саясатына, Түркиянын түрк тилдүү элдер менен ымаласын арттыруу кызыкчылыгына төп келүүдө.
Башында бул маршрут аркылуу жылына 3 млн жүргүнчү, 5 млн тонна жүк өтөрү пландалууда.