Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:11

Быйыл ажылыкка эки миллион адам барды


Арафат тоосундагы зыяратчылар.
Арафат тоосундагы зыяратчылар.

Ушул күндөрү эки миллиондой мусулман Сауд Арабияда ислам дининдеги негизги беш парздын бири болгон ажылык амалдарын аткарышууда.

Эгер мүмкүнчүлүгү жетсе, ар бир мусулманга өмүрүндө бир жолу ажылыкка баруу парз. Ажылык амалдары 21-августта - Курман айт күнү аяктайт. Кыргызстандан Мекеге быйыл 5,5 миң зыяратчы кеткен.

Учурда Мекеде жашап жаткан сириялык Халаф Азиз ажылык амалдарын көзү өтүп кеткен жакын туугандары үчүн аткарып, сообун ошолорго багыштап жатыптыр. Анын айтымында, эки агасы Сириядагы согушта курман болгон:

- Менин жакын агам согушта каза тапты, дагы бир агамды атып кетишкен. Эки жыл мурда мен бир агам, былтыр дагы бир агам үчүн ажылык амалдарын аткаргам. Бул жылы болсо ажылык зыяратымды чоң энемдин арбагына багыштап жатам.

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн келген эки миллиондой мусулман Мекеде “Лабайка Аллахума Лабайка” ураанын чакырып жүрүшөт. Бул “Мен келдим. Оо, Кудай, сенин чакырууңа жооп кылып, мен келдим!” дегенди түшүндүрөт. Мусулмандар ажылык зыяратынын жөрөлгөлөрү Мухаммед, айрымдары Ибрагим жана Исмаил пайгамбарлардан калган деп эсептешет.

Каабаны айлануу учуру. 18-август, 2018-жыл
Каабаны айлануу учуру. 18-август, 2018-жыл

Мекедеги Каабаны жети жолу айлангандан кийин зыяратчылар 20-августта эртең менен Арафат тоосуна чогулушту. Аталган тоодо Мухаммед пайгамбар коштошуу кутбасын же жыйынтыктоочу дааватын жасаган делет.

Ажылардын акыркы амалдары 21-августта Муздалифа жана Мина өрөөндөрүндө өтөт. Минада шайтанга таш ыргытып, андан кийин кой, уй, төө сыяктуу малдан курмандык чалышат.

Индиялык зыяратчы Аслам ажылыктагы таасирлери менен бөлүштү:

- Бул терең руханий амал, көз жашыңызды токтото албайсыз. Ажылыкта сиз Кудайдан каалаганыңызды сурасаңыз болот. Анткени зыяратчылар Алланын коногу деп айтылат.

Сауд Арабиянын саламаттык сактоо министри Тауфик Ал-Рабиянын айтымында, зыяратчылар үчүн даярдалган 25 ооруканада 30 миңдей медициналык кызматкер иштеп жатат:

- Эгер кайсы бир адамдын ооруп жатканы боюнча аз гана күмөн пайда болсо же ал тиешелүү эмдөөсүн албаса, аны эмдөөдөн өткөрөбүз. Ошондой эле кимдир бирөөдө оорунун белгилери болсо, аны карантинге алып, андан эч кандай оору жукпай турганына ишенгенден кийин гана чыгарабыз.

Арафат тоосундагы зыяратчылар.
Арафат тоосундагы зыяратчылар.

Сауд Арабия бийлиги ислам дининдеги беш парздын бир болгон ажылык амалын уюштурууга, андагы коопсуздукту сактоого миллиарддаган каражат коротот. 2015-жылы 24-сентябрда Мина өрөөнүндөгү шайтанга таш атуу жөрөлгөсү учурундагы түртүшүүдөн расмий эсеп боюнча 769 зыяратчы көз жумган. Бул ажылыктын акыркы 25 жылдагы эң ири кырсыгы катары катталган. Бирок "Associated Press" агенттиги ал окуяда тебелендиде калып каза тапкандар 2426 адамга жеткен деп кабарлаган. Эр-Рияд сандардагы бул айырмачылыктар тууралуу маалымат берген эмес. 2015-жылы 11-сентябрда Мекедеги Харам мечитинде кран кулап, андан да 111 адам каза тапкан.

Үч жыл мурдагы кырсыктан кийин Сауд Арабиянын бийлиги айрым жолдорду кеңейтип, коопсуздук чараларын күчөткөн.

Зыяратчылар.
Зыяратчылар.

Сауд Арабиясы быйыл Кыргызстанга 5485 квота бөлгөн. Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек ажы Токтомушев Мекеде жүргөн жеринен кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады:

- Ыйык Мекеден сизге жылуу салам жолдойм. Сизге Алланын тынчтыгы, мээрими, берекеси болсун. Келе жаткан Курман айт майрамыңыз куттуу болсун. Бир жыл бою жакшылыкта, Алланын коргоосунда, туура жолго жолдоосунда болуңуз.

Зыяратчылар Курман айт майрамын ошол жакта белгилеген соң артка кайтышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG