Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Стамбулда Ооганстандын келечеги талкууланат


(Солдон оңго): Түркиянын президенти Абдулла Гүл, Пакистандын лидери Али Атиф Зардари жана Ооган президенти Хамид Карзай, Стамбул, 1-ноябрь, 2011-жыл
(Солдон оңго): Түркиянын президенти Абдулла Гүл, Пакистандын лидери Али Атиф Зардари жана Ооган президенти Хамид Карзай, Стамбул, 1-ноябрь, 2011-жыл

Түркияда Ооганстан боюнча эки күндүк эл аралык жыйын башталды. Анда Ооганстандын чет элдик аскерлер чыгарылгандан кийинки өнүгүшүн пландоо аракети жасалат.

1-ноябрда Түркиянын президенти Абдулла Гүл Пакистан, Ооганстан президенттери менен үч тараптуу сүйлөшүү жүргүзөт. Күн тартибине аймактагы экономикалык, саясий, коопсуздук кызматташтыкка байланышкан маселелер кирген.

Стамбул конференциясында АКШ, Иран, Индия, Борбор Азия өлкөлөрү, БУУнун жана НАТОнун өкүлдөрү Ооганстандын өз алдынчалыгын сыйлай тургандыгын дагы бир ирет тастыктап, Ооганстандагы элдешүү жараянына колдоо көрсөтүшөт деп күтүлүүдө.

Жыйындын экинчи күнүндө 14 өлкөнүн өкүлдөрү 2014-жылы Ооганстандан чет элдик аскерлер чыгарылып бүтүп, өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоо милдети ооган өкмөтүнө жүктөөнүн жол-жобосун талкуулашат.

Бул күнү Ооганстандын президенти Хамид Карзай Стамбул конференциясына аймактык жаңы коопсуздук жана кызматташтык келишими боюнча декларациянын долбоорун тапшырмакчы.

Жыйында расмий жактырыла турган аймактык келишимге аймактагы 14 өлкө кошулмакчы. Документте өз ара ишенимди бекемдөөчү чаралардын топтомун көзөмөлдөөчү "Улук өкүлдөр тобун" түзүү жана ал чараларды ишке ашыруунун системасы жазылат.

Ооганстандын тышкы иштер министринин орун басары Жавед Лудин "Азаттыктын" Ооган бөлүмүнө аймактык кызматташтык келишими азыркы тынчтыкты бекемдөө аракеттерине таяныч катары кызмат өтөөрүн мындайча билдирди:

– Стамбул конференциясы биз үчүн да, аймак үчүн да маанилүү. Ал көптөгөн жылдардан бери айтылып келаткан "Ооганстандагы тынчтык жана бардар турмуш бүт аймактагы тынтык менен бардар турмушка көз каранды" деген ураанга конкреттүү мазмун берет. Ошондой эле аймакта бейкуттук болсо, Ооганстан да бейкуттукка огожо болот. Тескерисинче, Ооганстандагы терроризм жана зордукчулук бүт аймакка кедерги келтирет. Ошондуктан биз коңшулар менен кеңешип иш алып баруубуз зарыл.

Ооганстан бүгүн маанилүү бурулуштун алдында турат: өлкө алдыдагы үч жылдын ары берисинде коопсуздук милдетин чет элдик аскерлерден өткөрүп алып, өз алдынча жашаганга даярданышы керек.

Учурда Кошмо Штаттары жана Вашингтондун НАТО боюнча өнөктөштөрү ооган полициясы менен ооган улуттук армиясынын даярдыгын бекемдөө менен алектенүүдө. Азыр ооган тарап жети дубанда жоопкерчиликти өзүнө алды.

Мурда талиптердин маалымат катчысы болгон Вахид Мужданын айтымында, коопсуздукту ооган күчтөрүнө толугу менен өткөрүп берүүдөн мурда, ооган жаңжалын саясий жактан толук жөнгө салуу зарыл:

Аймактык саясий мунаса болбосо, Ооганстанда улуттук армия эл аралык күчтөр чыгарылары менен кыйрап калат. Азырынча Ооганстандын 2014-жылга карата өз алдынча жашап кете аларында ишеним жок.

Мужданын пикиринде, ооган жаңжалындагы бардык таасирлүү күчтөр сүйлөшүп, ачык-айрым талкуу аркылуу саясий мунасага келүүдөн бөлөк келечектүү жол жок.
Ооганстандагы терроризм жана зордукчулук бүт аймакка кедерги келтирет. Ошондуктан биз коңшулар менен кеңешип иш алып баруубуз зарыл.

Баяндамачылар саясий мунасаны ооган экономикасынын келечектүү өнүгүшү менен коштолушу зарыл экендигин белгилешүүдө. Кабул университетинин экономика профессору Хамид Фарук ушуга байланыштуу Ооганстандын коңшулары менен унаа жана инфраструктура байланыштарын кеңейтип, жаңы соода келишимдерин түзүү керек болот деп эсептейт.

Стамбул конференциясынан кийин жыл этегинде "Бонн плюс Он" жыйыны болот. Германиянын Бонн шаарында декабрга белгиленген бул жыйынга 90 чакты өлкөдөн, эл аралык уюмдардан жана Бириккен Улуттар уюмунан бир миң делегат чакырылган.

Бонн конференциясында да 2014-жылга карата пландар менен катар эл аралык коомчулуктун андан кийинки иш-аракеттери, улуттук элдешүү жана мурдагы талип согушкерлерин мамлекеттик жана коомдук структураларга аралаштыруунун жолдору сөзгө алынат.

XS
SM
MD
LG