Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 23:23

Юпитерде жааган гелий жамгыр


Юпитерде гелий жамгыр катары жаайт. Климатты жөндөгөн микробдор табылды. Расмий таанылган 5-деңиз. “Азаттыкта” илимдеги акыркы жаңылыктардын топтому.

Юпитерге жааган гелий жамгыр

Эл аралык изилдөөчүлөр Юпитерде гелий жамгыр түрүндө жаашы мүмкүн деген гипотеза ырасталганын Nature басмасына билдиришти.

Күн системасында Юпитер планетасы Сатурн сыяктуу эле газ гиганттарынын катарына кирет. Атап айтканда, ал негизинен суутек жана гелийден турат. Газ гиганттарында гелий жамгыр түрүндө жаай турганы мындан 40 жыл мурда эле божомолдонгон. Бирок бул гипотезанын чын-төгүнүн аныктоого шарт болбой келген.

Аталган басылмага жарыяланган лабораториялык тажрыйбаларга таянсак, Юпитердин атмосферасын түзүп турган суутек менен гелий өз ара аралашпай, өз-өзүнчө бөлүнүп турат. Буга газ гигантынын ичиндеги температура жана басым себеп. Ошентип, гелий суутекке караганда кыйла тыгыз тамчыларды же жамгырды пайда кылат.

Калифорниядагы Ливермор улуттук лабораториясынын физиги Мариус Милло өзү да катышкан изилдөөчүлөрдүн тажрыйбасына таянып “Гелий чын эле Юпитерде жана Сатурнда жамгыр түрүндө жаашы мүмкүн экенин билдик”, - деп билдирет. Тажрыйбада суутек менен гелийдин аралашмасын эки алмаздын ортосуна жайгаштырып, лазер менен басым берип көрүшкөн. Басым менен температура күчөгөн сайын гелий суутектен бөлүнүп, суюк металлга айлана баштаган. Изилдөөчүлөр суутек менен гелий Юпитердин үстүнкү катмарындагы булуттардан 11 000 километр төмөндө жана 22 000 километр тереңде бөлүнөрүн эсептей алышты.

(Булак: https://www.sciencenews.org/article/helium-rain-jupiter-pressure-laser-experiments-physics)

Жердеги климатты жөндөгөн микробдор

Метан – Жер планетасынын климатына зор таасирин тийгизген маанилүү газдардын бири.

Көп жылдар бою окумуштуулар деңиз түбүндө көп өлчөмдөгү метан болорун, бирок аз эле өлчөмдөгү метан деңиздерден атмосферага көтөрүлөрүн аныкташып, калган метандын дайынын таппай келишкен.

Гарвард университетинин органикалык жана эволюциялык биология тармагынын докторанты Жеффри Марлоу баштаган окумуштуулардын тобу бул табышмактын жандырмагын табышты. Алар метандын атмосферага көтөрүлүшүнө жол бербей аны менен азыктанып алган микробдордун тобун аныкташкан.

Жаңы изилдөө көрсөткөндөй, акиташ жана доломит сыяктуу карбонаттык породалардагы микробдор метандын атмосферага чыгып кетүүсүнө жол бербей, аны менен азыктанып, Жердин температурасын жөндөп турууда чоң роль ойношот.

Гарвард университетинин дагы бир биолог-эволюционисти карбонаттык породадагы микробдорду “метандык биофильтр” деп атады.

(Булак: https://www.sciencealert.com/study-shows-how-ocean-microbes-help-to-moderate-earth-s-temperature)

Дүйнө 5-деңизди тааныды

National Geographic уюму 8-июнь Бүткүл дүйнөлүк океандар күнүндө мындан ары Түштүк деңизин дүйнөлүк картада расмий көрсөтө баштарын билдирди. Буга чейин бул маселе талкуу жаратып, адистер бул деңизди Атлантика, Тынч жана Инд деңиздеринин уландысы катары таанып келишкен.

Кийинчерээк Антарктиканын суулары башка океандардан айырмаланып турары жана өзүнчө белгилөөгө мүмкүн экендиги аныкталган. Ошентип, Түштүк деңизи деп Антарктиканын жээгиндеги түштүк кеңдиктин 60-градусуна чейинки суулар аталды.

National Geographic уюмунун георграфы Алекс Тейт: “Түштүк океанды окумуштуулар эчак тааныганы менен эч кандай эл аралык макулдашуу болбогондуктан, биз аны расмий тааный элек болчубуз”, - деди. Анын айтымында бул окуя билим берүүгө зор таасир этет. “Эгер Түштүк океан мындан ары деле расмий таанылбаса, анын өзгөчөлүктөрү белгисиз бойдон кала бермек”, – дейт ал.

(Булак: https://www.sciencealert.com/after-nearly-a-century-earth-finally-has-5-official-oceans)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG