Жаңы депутаттар ант берет
Жогорку сот “Альянс” партиясы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) гендердик квотага байланыштуу чырына чекит койду. Соттун чечими менен эми Жанар Акаев Жогорку Кеңештин депутаты болот. Улуттук банк өлкөнүн валюта рыногуна 70 миллион долларга чукул каражат сатты. Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы доллардын курсун кармап туруш үчүн жыл башынан бери 700 миллион долларга жакын акчаны интервенцияга жумшады. Кабулда аялдардын укуктарын чектөөгө каршы акцияда ок атылды. Талибдердин аскерлери аялдарды күч менен таркатып, ок чыгарганда бир нече киши жарадар болгону айтылууда.
Чыгарылыштар
-
Июнь 11, 2026"75чилер каты": Сотту ачык өткөрүү өтүнүчү колдоо тапты
-
Июнь 10, 2026Жакынкы Чыгышта жаңжал кайра күч алды
-
Июнь 09, 2026Абактагы Равшан Жээнбековдун уулу бийликке кайрылды
-
Июнь 05, 2026Армяндар парламенттик шайлоодо кимди тандайт?