Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:24

"Жунхайдагы" салык: жабылган кампалар, солгундаган соода


"Жунхай" базарынын соодагерлери нааразылык акциясында. 4-сентябрь, 2023-жыл
"Жунхай" базарынын соодагерлери нааразылык акциясында. 4-сентябрь, 2023-жыл

Бишкектин четиндеги “Жунхай” базарынын соодагерлери салык кызматы кампаларды текшерүүгө алып, миллиондогон салык төлөөгө мажбурлап жатканын билдиришти.

Кыргызстандагы эң ири "Дордой" базарына тушташ жайгашкан "Жунхай" базарынынын сатуучулары Мамлекеттик салык кызматынын адистеринин товар сактаган ондогон кампаларга мөөр басып кеткенине нааразы болууда.

Салык төлөмдөрүнө каршылык билдирип, нааразылыкка чыккан "Жунхай" базарынын ишкерлери. 4-сентябрь.
Салык төлөмдөрүнө каршылык билдирип, нааразылыкка чыккан "Жунхай" базарынын ишкерлери. 4-сентябрь.

Соңку жылдары "Жунхайда" иштеп, үй-бүлөсүн багып келген соодагер Аиза Рысбекова соода мурдагыдай жүрбөй калганына токтолду.

Аиза Рысбекова
Аиза Рысбекова

"Биз 10% төлөй албайбыз, товарды өзүбүз 5%-10% чейин үстөк акысын кошуп сатабыз. 10% берсек, кайсы киреше болот? Анда сатып аткан товар наркын 50% көтөрүүгө туура келет, эл буга нааразы болот. Жумушчуларга айлык, жер салыгы, ижара акысы дегенди төгүп туруу керек. Биз буга макул эмеспиз. Анын үстүнө товар келе жатканда эле "каргого" өзүнчө төлөп беребиз. Бул көрүнүш улана берсе, салык кызматы бизден сатыла элек товар үчүн акча талап кылганды адатка айлантса, коңшу Казакстан, Орусия бизден товар албай калат. Биз ички рынокко соода кыла албайбыз, себеби биздин базар дүңүнөн соода кылгандарга ылайыкташкан. "Дордойдо" ансыз деле мурдагыдай жыргаткан соода жок".

Айрым ишкерлер эки айдан ашуун убактан бери жабык турган кампасын миллион сомдон ашуун салык төлөп ачтырганын айтышты.

Алардын бири - 2007-жылдан бери ушул эле "Жунхай" базарында эмгектенип келаткан Елена Семенова:

Елена Семенова
Елена Семенова

"Кампага мөөр басып кеткенде эки ай иштеген жокпуз. Салыкты төлөйбүз деп жатып араң ачтырдык. Ачкандан кийин салыкчылар ар бир кутучаны, кенедей баштыктардан бери текшерип, баарын каттоого алды. Беш жылдан бери сатылбай турган сапатсыз товарларды санабай эле коюусун өтүндүк. Болбой коюшту. Жыйынтыгында кампада 10 миллион сомдук товар бар деп эсептеп, 1 миллион сом салык төлөө керектигин айтышты. 15 күн убакыт берип, үстөк пайыз өсүп, айып пул салынарын айтышкан, айла жок төлөдүк. Алар Кытайдан келген товар үчүн коштомо документтерди сурады. Биз товарды бажыдан эле акчасын төлөп алып келебиз, андай тажрыйбабыз болгон эмес".

Ишкерлер салыкчылардын текшерүүсү жай жүрүп жаткандыктан кезек узарып, соода солгундап кеткенин, кардарларга берүүгө колунда товары калбай калганын айтып даттанышты.

Салык кодексине ылайык, ишкердин сатып алган товар тууралуу коштомо кагазы жок болсо, анын баасынын 10% салык катары каралат. Салык кызматы ишкерлер мыйзамсыз сатып алып, кайра сатыкка чыгарып жүргөн товарларды текшерүү, ал үчүн мыйзамдуу салык алуу иштерин улантарын белгилешти.


Нааразылыкка чогулган соодагерлер кампадагы товарларга салык жыйноону токтотуп, патенттик система менен иштеп жаткандарга тийишпөөнү талап кылышты.

"1 миллиард сомдук товардын тек-жайы аныкталган жок"

Чогулгандар менен Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов жолукту. Ал ишкерлерге жеңилдик берип, 10% салык көлөмүн 6% азайтууга даяр экенин айтты.

Айлап-жылдап салык төлөбөй, патент албай жүргөндөрдүн кирешесин ачыкка чыгаруу, мыйзамга ылайык салык алуу максаты коюлганын белгиледи.

Исламбек Кыдыргычов
Исламбек Кыдыргычов

"Кампалардын баары эле жабылган жок. Кытай жарандарынын гана чоң кампалары жабылып, каттоого алынган. Аларда 1 миллиарддан ашуун товар белгисиз болуп чыкты, биз Салык кодексинин негизинде 10% салык төлөнөт деген чечим чыгарганбыз. Эсеп-фактурасын, товарды качан, кайсы жерден алып келгенин далилдегендерге кампаларын ачып берип, ишин улантууга тоскоолдук кылган жокпуз. Патент албаган, бир да мыйзамдуу документин көрсөтө албаган жарандар араңарда көп. Буга чейин көзөмөл жок болчу, көзөмөл жок жерде көптөгөн көйгөйлөр чыгат, аткезчилик болот. Эми көзөмөлдү күчөтүп, тийиштүү салыктарды төлөтөлү дедик. Салык төлөнсө, жолдор салынып, айлык көтөрүлөт. Кампаңарда турган товарды салыкчылар туура эмес санап жатканын айтып жатасыңар, биз кайра санап чыкканга даярбыз. Баары мыйзам чегинде болууга тийиш".

Чогулган ишкерлер теза арада кампаларын ачууну жана салык алууну токтотууну талап кылып турушту.
Чогулган ишкерлер теза арада кампаларын ачууну жана салык алууну токтотууну талап кылып турушту.

“Дордой” комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева Салык кызматы менен сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, комплекс боюнча 800дөн ашык кампага мөөр басылып, ачууга тыюу салынган.

Дамира Дөөлөталиева
Дамира Дөөлөталиева

"Соодагерлер айткан көйгөйлөр боюнча өкмөт башчы менен жолуктум. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасына, Экономика министрлигинин өкүлүнө жолукканда да соодагерлер 10% төлөй албай турганын, документтери жок экенин билдиргем. Алар ишкерлердин абалын түшүнүп, ар бирине бааны өзүнчө карай турганын айткан. Алар товардын келип чыгышын көрсөтүп, документтештирип бергиле деп жатат".

"Базардагы салык башаламандыгы үч айда тартипке келет"

Мамлекеттик салык кызматы 5-сентябрда “Жунхай” базарындагы ишкерлердин нааразылык акцияда айткан талаптары боюнча түшүндүрмө берди.

Анда мекеме август айында базардын аймагында салыктык каттоосу жок жана салыгын, камсыздандыруу төгүмүн төлөбөй иштеп жаткан ишкерлерди аныктаган. Анын алкагында салык мыйзамдарын бузган ишкерлердерин 800дөн ашык контейнерине жана кампаларына мөөр басылган. Салык кызматы мындан тышкары контейнерлер жана кампалар “Дордой” конушундагы ишкердик кылуу үчүн эмес, турак жай курууга берилген жерлерге жайгашканы аныкталганын билдирди.

Маалыматта 117 ишкердин 370 млн сомдук эсепке алынбаган товарлары бар экени такталганы, ал товарларды ырастаган документтер жок болуп чыкканы маалыматта айтылат.

“Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык, товарларды тиешелүү коштоочу документтери жок сатып алган ишкерлер салык агенти катары бюджетке сатып алынган товардын наркынын 10 % өлчөмүндө киреше салыгын төлөөгө милдеттүү. Айрым ишкерлер бул 10 % өлчөмүндөгү киреше салыгын төлөө милдетин салык жүгүн көбөйтүү катары эсептешип, салык төлөөдөн качуу максатында ар кандай митингдерди уюштуруп, коомчулукту адаштырышууда”, - деп жазылган түшүндүрмөдө.

Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жергиликтүү телеканалдардын биринде сүйлөп жатып, кызматтын негизги максаты товарлардын кайдан келип жатканын билүү экенин айткан. Айрым соодагерлер жада калса патент албай, мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталганын кошумчалаган.

Алтынбек Абдувапов
Алтынбек Абдувапов

"Дордой" боюнча айтсам, салыктын төлөмдөрү чоңойгон жок. Былтыр ишкерлер менен сүйлөшүп, мыйзамдарды түшүндүрүп бергенбиз. Тескерисинче, салыктын төлөмдөрү жеңилдетилген. Аларга "салыктардын баасын түшүрүп берели, бирок товарлар кайсы жактан келип жатат ачык көрсөтүп бергиле" деп суранганбыз. Бирок соодагерлер таптакыр эч нерсесин көрсөтпөй, каяктан жана кимден сатып алганын айтпай жатат, салыгы деле көп эмес. Биздин эң негизги максатыбыз - товарлардын кайдан келгенин билүү. Мунун баарын бир аз болсо дагы нугуна салалы, мыйзамдуу болсун деген ойдо баарын текшергенге мажбурбуз. Базардын тегерегиндеги турак үй үчүн берилген участоктордун баарын базарга айлантып алышыптыр. Аларды дагы текшергенге туура келип жатат. Бул ишкерлерге жакпай, түшүнбөстүктөр чыгууда. Бирок мунун баардыгы жакын арада чечилет. Эң чоң көйгөй - контейнерлердин ээлери “эмнесине салык берели” деп такыр төлөбөй келишиптир. Бизде мүлк салыгы деген бар. "Дордойдогу" контейнелерди ижарага алгандар ээсине айына эң арзаны миң доллар, эң кымбаты 25 миң долларга чейин төлөп жүрүшкөн. Бирок ишкерлер муну эч жерде көрсөткөн эмес. Биз ушунун баарын эки-үч ай ичинде бир нукка салып бүтөбүз".

"Дордой", "Жунхай" жана "Алкан" базарларынын ишкерлери буга чейин да өкмөт үйүнүн алдында, Горький багында, "Дордой" базарында нааразылык акцияларына чыгып келген. Алар анда көзөмөл кассалык аппараттарды жоюуну талап кылган. Мындан улам Салык кызматы Экономика министрлиги менен биргеликте "Дордой" соода комплекси үчүн атайын салык системасын иштеп чыгып, патент менен ишкерлик кылууга уруксат берген.

 "Жунхайдагы" соодагерлер менен салыкчылардын тиреши
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:56 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG