Баткен: музейдеги мумия жерге берилди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

14-октябрда Баткенде жерге берилген мумия 1954-55-жылдары Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөрү деген көрүстөндөн табылган. Археолог Юрий Баруздин аны Тарых музейине өткөрүп берген. Маданият министрлиги мумияны көмүү себебин түшүндүргөн жок. Ал эми тарыхчылар менен интеллигенция муну караңгылык деп сындашты.