Казакстандын Алматы шаарындагы Кытай консулдугунун алдына сегиз адам, алардын көпчүлүгү аялдар, Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып нааразылык акциясына чыгышты.
9-февралда пикетке чыккандар туугандарынын сүрөттөрүн жана казак, англис, кытай тилдеринде талаптары жазылган кагаздарды кармап турушту. Алар «Атасыз калган балдар», «Экиге бөлүнгөн түгөйлөр» деген ураандарды чакырып жатышты.
Нааразылыкка чыккандардын бири, 74 жаштагы Саркытхан Кызырхан кызы Казакстанда жашоого уруксаты бар уулун Кытай төрт жылдан бери чыгарбай жатканын, азыр андан кабары жок экенин билдирди.
Алматы шаар бийлигинин өкүлү пикетчилер менен жолугуп, алардын топтолушу мыйзамсыз экенин айтты.
Дагы караңыз
Турсунай: Лагерде зордуктоого туш болдумКытай лагеринде кыргыз-казак тарткан кыйнооШинжаңда бир жарым миллиондой казактар отурукташкан.
АКШнын Мамлекеттик департаменти билдиргенге караганда, эки миллиондой мусулмандар (алардын басымдуу көпчүлүгү уйгурлар) аймактагы «тарбиялоочу борборлордо» кармалып жатышат. Кытай бул дооматтарды четке кагып, ал мекемелерди "ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим борборлору" катары сыпаттайт.
Дагы караңыз
“Манас” аэропортунун президенти Бактыбек Сыдыков иштен алындыУКМК: Жогорку сотко караштуу мекемеде жемкорлук аныкталып, бир жетекчи кармалдыТИМ: Кыргызстан Садыр Жапаровдун Орусияга сапарына олуттуу маани берет Фонд президентке берилген машине Усубалиевге таандык эмес экенин билдирдиКоронавирустан дагы эки киши каза болду, 58 адам жаңы катталдыЖапаров: Ээнбаштык жана мүлк талаш иштери бар адамды мэрликке коюу мүмкүн эмесАКШ Сенаты Дональд Трампка импичмент жарыялоо сунушун карайт Мурда соттолгон адам Жапаровдун кеңешчиси экени тууралуу маалымат төгүндөлдү