Момбеков: Референдум дайындоо боюнча мыйзам долбооруна көзү өткөн депутат да кол койгон (видео)

Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Конституциянын долбооруна жана референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбооруна көзү өтүп кеткен депутат - Алмазбек Акматов кандайча кол койгону тууралуу маселе көтөрдү.

Бул тууралуу ал парламенттин 3-марттагы сессиясында айтты:

"Азыркы Конституциянын автору ким? Ээси ким, мээси ким? Айтып койгулачы? 1-мартта кирген документте 65 депутаттын колу турат? Дүйнө салган депутат да кол коюптур, ал кантип кол койду? Кубанычбек Жумалиев түрмөдө жатат, ал кантип кол койду?"

Акматов 28-февралда дүйнөдөн кайткан.

Конституциянын долбоору жана референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору парламенттин 3-марттагы сессиясында талкууланууда.

Депутаттар Дастан Бекешев, Ирина Карамушкина, Жанарбек Акаев, Каныбек Иманалиев, Мирлан Жээнчороев сыяктуу депутаттар Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун авторлорун ачыкка чыгарууну сунуш кылышты. Алар Баш мыйзамдын долбоору элдин эркин чектеген жоболор бар экенин билдиришип, "кийин маселе жаралса ким жооп берет?" деген суроо коюшту.

Бир күн мурун парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети аны биринчи окууда талкуулап, жактырган.

Парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган долбоорду бийлик апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы жоболор бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.(SE)

Дагы караңыз

Депутат Бешимбаева Конституциянын жаңы долбооруна автор эмес экенин билдирдиБишкекте 2-4-класстар да мектепке барып окуй башташат Коронавирус дагы 48 адамга жукту, бир бейтап көз жумдуЖогорку Кеңеш: Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун авторлору боюнча талаш жаралды (видео)Депутат Конституциянын жаңы долбоорунун авторлорун ачыкка чыгарууга чакырдыСабировдун мандаты спортчу Акыл Кемеловго берилдиМамлекеттик туунун кабыл алынганына 29 жыл болду3-мартта Жогорку сот Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүүнүн мыйзамдуулугун карайтКүйүүчү майды сыртка ташууга убактылуу чектөө киргизилди