Борбор Азияда коронавирус күч алды

Коронавируска каршы эмдөө учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда коронавирус күнүнө миңдей адамдан аныкталып жатат. Тажикстанда жапырт эмдөө башталды. Өзбек бийлиги вакцинаны ар тараптан алдырып жатат.  

Казакстан: Коронавирус күч алууда

Казакстанда 23-мартка карата вирус 1101 кишиден, пневмония 10 адамдан аныкталып, 12 өлүм катталды.

Бул күнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, "Спутник V" вакцинасынын кошумча дозалары менен камсыз кылууну суранганы кабарланды.

Алексей Цой.

16-мартта Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой өлкөдөгү эмделе турган 6 миллион кишинин 76 миңден ашыгына вакцина сайылганын маалымдаган. Ал эгер күнүнө илдетке кабылгандар 1700дөн ашса, өлкөдө кырдаалдын оорлошконунан кабар бере турганын белгилеген.

Соңку күндөрү Казакстанда күн сайын 1100-1200 адамдан вирус аныкталууда. Буга чейин Нур-Султан, Алматы шаарлары жана Батыш-Казакстан облусу вирус тез жайылып жаткан аймак катары таанылган.

Казакстанда коронавируска каршы эмдөө 1-февралда башталып, бийлик Орусиядан 22 миң доза вакцина алган.

Дагы караңыз

Коронавирус: Борбор Азияда коркунуч сакталууда

Апрелден тарта казак бийлиги элди Казакстанда чыгарылган "QazCovid-in" вакцинасы менен эмдөөгө даярданып жатат. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги "Pfizer/ BioNTech" компанияларынын вакцинасын алуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлаган болчу.

Статистика боюнча, өлкөдө вирус жугузгандардын саны 234 миңден ашты, андан каза болгондор 3 миңге жетти.

Казакстан былтыркы жылдын 1-августуна чейин коронавирустан каза болгондордун статистикасына пневмониядан көз жумгандарды кошпой келген. Медиктер менен эл аралык уюмдар казак бийлигин маалыматтарды бурмалап, өлүм-житимди жашырган деп айыпташкан.

Ошентип коронавирус күч алган июнь-июль айларында өпкөнү сезгентүүчү пневмония менен канча киши ооруп, канчасы каза болгону белгисиз бойдон калды.

Өзбекстан: Элди эмдөөгө көндүрүү аракеттери

Өзбекстанда да соңку жумада коронавирус жугузгандардын саны кайрадан өсүп баратат. 23-мартка карата өлкөдө вирус жугузгандардын саны 81 446га жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги ооруканадагы 141 бейтаптын абалы оор, 23 кишиник өтө оор экенин билдирди. Расмий маалымат боюнча өлкөдө коронавирустан каза болгон 622 өлүм катталган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Борбор Азиянын алын сынаган пандемия

Калкты эмдөөгө киришкен өзбек бийлиги иш-чара ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөрүн, эл менен тыгыз иштеген укук коргоо органдары, медицина кызматкерлерине вакцина биринчилерден болуп сунушталарын кабарлаган.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жетекчисинин орун басары Холмамат Норбоев "AstraZeneca" вакцинасын сайдырууну каалабаган өзбекстандыктарга апрелде орусиялык же кытайлык дары-дармек келерин айтты.

Өзбекстан Кытай менен Орусиядан 1 миллион дозадан вакцина алуу тууралуу макулдашкан. Мурдатан Өзбекстанга Индиядан "COVISHIELD" вакцинасынын 660 миң дозасы алып келинген.

Ошол эле кезде Өзбекстанда жер-жерлерде «эмдөөдөн өтүүгө тийиш» деген адамдардын атайын электрондук базасы түзүлүп, мажбурлоо аракеттери катталууда.

Мисалы, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын Наманган облусундагы кызматкери жетекчиликтин буйругу менен алар калк арасында үгүт иштерин жүргүзүп жатканын айтып берген.

«Биздин облус боюнча эмдөөдөн өтүүгө тийиш адамдардын тизмеси такталып, электрондук базага киргизилди. Алар вакцина алгандан кийин толук маалымат катталат. Аларга маалымдама берилет. Азыр эл арасында «Индияда жасалган вакцина канды коюлтуп салат экен» деген имиш тарап кеткен. Мындан улам вакцинадан корккондор толтура. Кээ бирлери коронавирус менен ооруп айыгышканын айтып, эмдөөдөн баш тартып жатышат. Ошон үчүн жетекчилик элди эмдөөгө үгүттөөнү тапшырды. Бул туура эле. Вакцинасыз эпидемияны токтото албайбыз», - деди аты-жөнүн жашырган кызматкер.

Дагы караңыз

«СOVID-19 коррупциялык кризиске жол ачты»

Наманган облусунда биринчи кезекте дарыгер, мугалим жана күч кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү милдеттендирилген.

Ал эми Самарканд облусунун Тайлак районундагы ооруканада иштеген медкызматкер «Азаттыктын» өзбек кызматы менен байланышып, муну тастыктады. Ал догдурлар жумушунан кооптонуп, үн катпай отурушканын, ал эми эмдөөдөн өтүүнү каалабаган адамдар аларды базадан чыгарып салууну талап кылып, арызданып жатышканын айтып берген.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жетекчисинин орун басары Холмамат Норбоев "эмдөө ыктыярдуу жүргүзүлүп" жатканын белгиледи. Мажбурлоо жөнүндө айтылгандарды төгүндөдү.

Өзбек бийлиги 4 миллион 112 миң адамды эмдөөнү пландап жатат. Азырынча аярлуу топко киргизилген кишилер үчүн вакцина акысыз. Элдин калган бөлүгү качан эмдөөдөн өткөрүлөрү, аларга вакцина кандай шартта берилери белгисиз.

Тажикстан: Эмдөө башталды

Ал эми Тажикстанда коронавируска каршы эмдөө 23-мартта башталды.

Башкалаа Дүйшөмбүдөгү "Истиклол" клиникасында биринчи болуп Тажикстандын саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода, анын орун басарлары жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өлкөдөгү өкүлү Осама Маккава вакцина сайдырды. Маккава "AstraZeneсa" вакцинасынын зыяны жок экенин көрсөтүү үчүн өзү эмдөөдөн өткөнүн билдирди.

Министр Абдуллозода өлкө жарандарын жапырт эмдөөгө катышууга чакырды. Анын маалыматы боюнча, Тажикстандын аймагында 3 миңден ашык эмдөө пункттары ачылды.

Дагы караңыз Тажикстанда коронавирустун масштабы бүдөмүк

Өкмөттүн планына ылайык, алгач дарыгерлер, экономиканын стратегиялык тармактарынын кызматкерлери, 60 жаштан өткөндөр, мугалимдер жана өнөкөт оорусу бар жарандар эмделет. Тажикстан "COVAX" программасынын алкагында "AstraZeneсa" вакцинасынын 192 миң дозасын алган.

Тажик бийлиги буга чейин өлкөдө коронавирусту толугу менен жеңгенин жарыялаган. Статистикага таянсак, акыркы бир жылда вирус 13 миңден ашык адамдан аныкталып, 90 адам көз жумган. Бирок көз карандысыз эксперттер коронавирусту жугузган жана каза болгондор алда канча көп экенин айтып келатышат.

Түркмөнстан: Эмдөө уланууда

Ал эми бийлик "коронавирус жок" деген Түркмөнстанда эмдөө уланып жатканы белгилүү болду.

Өлкөдө чет элдиктер үчүн карантиндик зоналар ачылып, жер-жерлердеги ооруканаларга Орусиядан жана Кытайдан алынган вакциналар жеткирилип жатат.

Дагы караңыз Түркмөнстан калкын орус вакцинасы менен эмдейт

10-мартта биринчилерден болуп эмдөөдөн дарыгерлер менен аскер кыматкерлери өтүп жатканы кабарланган. Бир жумадан кийин 60 жаштан жогору курактагылар эмделе баштады.

Түркмөнстан январда Орусиянын эки вакцинасын каттап, сынай баштаган. Кийин Кытайдан "Sinopharm" вакцинасын алды.

Расмий Ахшабад Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуш кылган башка чет элдик вакциналарды жана дары-дармектерди изилдеп, каттоодон өткөрүү тууралуу планын жарыялаган.