Казакстанда бир суткада коронавирустан 22 адам каза тапты

Алматы шаарынын вице-мэри Эржан Бабакумаров Sputnik-V вакцинасы менен эмделген маал. 2021-жылдын 1-февралы.

Кыргызстанга коңшу Казакстанда бир күн аралыгында, так айтканда, 27-мартка карата коронавирусттан бир сутка ичинде 22 адам каза тапты. Ал эми вирусту жугузуп алган адамдардын саны - 1492 киши.

Мындан тышкары Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун айынан келип чыккан 22 өпкө кагынуусу катталганын ошол эле 27-мартка карата билдирген.

Казакстанда коронавирус лабораториялык негизде тастыкталгандардын саны 29-мартка карата 241 873 адамды түздү.

Пандемия башталган былтыркы 13-марттан бери бул инфекциядан 3014 адам каза тапты деп айтылат ырасмий маалыматтарда.

Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 илдетинин белгилери менен өпкөсү кагынган оорулуулардын статистикасын былтыр 1-августтан баштап жүргүзө баштаган. Ага чейинки маалыматтар базасында көрсөтүлгөн эмес.

Бул аралыкта өпкө кагынуу менен ооргундардын расмий саны 50 433 адам болуп, андан 682 киши каза тапкан.

Быйыл 27-мартка карата эки адам пневмониядан каза болду. Учурда дарыланып жаткандардын саны - 23 797 адам. Анын ичинен 21 691 адамдын оорусу ПЧР тест аркылуу ырасталган.

Ооругандардын арасында 351 адам оор абалда, 79 бейтап өтө оор абалда, дагы 43 киши ИВЛ аппаратта жатканы кабарланды.

Казакстанда вирустун коркунучтуу жаңы штаммы да жакында катталды.

Дагы караңыз

Коронавируска каршы биринчилерден болуп министр Бейшеналиев эмделдиОрусия Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын жөнөтөтБейшеналиев: вакцинанын жоопкерчилигин өкмөт моюнуна алатCOVID-19: Эки адам каза болду, 71 адам жугуздуКыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бекети 1-апрелде иштей баштайтПарламент өкмөттүн үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалыматын угат УКМК: Пара талап кылган алдамчылар кармалдыТүркмөнстанда шайлоочуларга добуш берүүгө 2 гана саат берилди Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигиндеги коррупцияны аныктадыИИМ үгүт ишине байланыштуу 55 маалыматты текшерүүдө