Фергана облусунун акими 1-апрелде Сох-Риштан жолу ачылаарын тастыктады

Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров Сох анклавынын тургундары менен жолугушуу учуру. 2020-жылдын 10-октябры.

«Азаттыктын» өзбек кызматы Өзбекстандын Kun.uz агенттигине шилтеме берип Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров Сох-Риштан жолу 1-апрелде ачыла турганын тастыктаганын жазды.

Акимдин айтымында 24-26-март күндөрү Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунда ушундай чечим кабыл алынган.

Буга чейин Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сох анклавын Өзбекстандын негизги аймагы менен байланыштырган эки чек ара өткөрмө бекеттери ачылганын билдирген. Алар - Кыргызстан тарабынан Өтүкчү жана Кайтпас чек ара бекеттери.

Дагы караңыз Ташиев: Сох анклавындагы Кайтпаc, Өтүкчү чек ара бекеттери ачылды

Сох-Риштан жолу 2013-жылы Сох анклавына жакын кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндег болгону 2 күнгө гана ачылып, кайрадан жабылган. Анын натыйжасында Сох анклавынын тургундары Өзбекстандын негизги аймагына барып-келүү үчүн 80 чакырымдай жол басып Кыргызстандын Кызыл-Кыя шаарына жакын жайгашкан чек ара өткөрмө бекети аркылуу бир топ жерди айланып өтүшчү.

"Эми Сох-Риштан жолу ачылса, анда бул жол аркылуу Фергана облусунун борборуна баруу 19 гана чакырымды түзүп, 61 чакырымга кыскарат" - деп жазат Өзбекстандын Kun. uz сайты.

Ошондой эле аким Фергана шаарынан Сох анклавына кичи автобустардын каттамын жүргүзүү мерчемделгенин билдирген. Хайрулло Бозоровдун айтымында, Сох-Риштан жолунун Кыргызстан аркылуу өтчү тилкеси Өзбекстандын эсебинен оңдоло турганы макулдашылган.

Кыргызстандын УКМК төрагасы, чек араларды тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиев бул жолдогу көпүрөдөн өтүүгө 20 жүргүнчүдөн ашпаган чакан автобустарга гана уруксат берилип, чоң жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөй турганын билдирген.

Дагы караңыз

Ташиев: Чечме боюнча чечим кабыл алынган жок Камчыбек Ташиев: Сох анклавына коридор берилбейтЧек ара: Кыргыз-өзбек өкмөттөрү сүйлөшүү баштадыСох иши: Эки киши 5 жылга кесилип, 20 киши эркинен шарттуу ажыратылдыСадыр Жапаров: «Сохко коридор берилет» деген маалымат туура эмесБаткен облус бийлиги Сох анклавы боюнча түшүндүрмө тараттыБайтерек: Кыргызстан Сох анклавына жол ачат, Өзбекстан Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даярПрезиденттин басма сөз катчысы Сох анклавы жана Үңкүр-Тоо аймагы боюнча кайра маалымат таратты Чек ара кызматы: Кыргыз-өзбек тилкесинде абал туруктуу Ферганада Сох окуясы боюнча сот башталды