COVID-19: жети бейтап каза болду, 892 кишиден жаңы аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы жети бейтап каза болду. Алардын үчөө Бишкекте, экөө Чүйдө, бирөө Жалал-Абадда дагы бири Ошто катталды. Муну менен илдеттин курмандыктары 1 971 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 26-июндагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 892 кишиден вирус жаңы аныкталды. Анын көбү Бишкекте (401).

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 524 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 119 873 киши вирус жугузуп алды. Анын 107 915и сакайды.

Учурда 2 811 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 132 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Ушул күндөрү Кыргызстанда 100 миңден ашык киши эмдөөдөн өттү. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат.

Кыргызстан эл аралык COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң дозасын күтүп жатат. (MiK)

Дагы караңыз

Замир Ракиев муфтий болуп шайландыОрусияда кош бойлуу аялдар да эмделетАйрым мамлекеттик кызматкерлер "Спутник V" вакцинасын алатСадыр Жапаров УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жойдуМинистр Жапаров: Эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлерге айлык бербеш керекОрусия: АШК Илья Яшинди талапкер катары каттоодон баш тарттыБишкек-Батуми авиакаттамы 17-июлда башталат