Казакстан: саясий куугунтукту токтотууну талап кылган эки активист камалды

Оппозициялык партиялардын камалган мүчөлөрүн боштондукка чыгарууну талап кылган пикет. 11-июнь, 2021-жыл. Орол.

Оролдун соту жарандык активисттер Орынбай Охасов менен Дастан Базеновду он күнгө административдик камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Аларга мыйзамга каршы келген митингдерге катышкан жана митингге катышуу тартибин бузган деген административдик айып тагылып, жоопко тартылганын "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.

Буга чейин жарандык активисттер тобу “Көчө" партиясы менен "Казакстандын демократиялык тандоосу" партиясын сот экстремисттик деп таап, алардын ишмердигине тыюу салган чечим кабыл алганына каршы саясий акцияларды уюштуруп, соттун чечимин артка кайтарууну талап кылышкан.

Алар колдоруна ар кандай плакаттарды кармап, активисттердин айрымдары саясий ачкачылык кармаганын жарыялашкан. Буга чейин ачкачылык кармагандардын үчөө камакка алынган.

Жарандык активисттер бир жумадан ашык убакыттан бери оппозициялык эки партияны экстремисттик деп тааныган сот чечимин жокко чыгарууну талап кылып келишет.

Дагы караңыз

Иманалиев: Инандынын иши кийин "Батукаев-2" болушу мүмкүнЖунушалиев: Баткенге элден 120 миллион сомдой чогулдуБеларус: Виктор Бабарико 14 жылга кесилдиКудайбердиев: Инанды Бишкекте өзүн коопсуз сезгенЭрдоган: Орхан Инанды Түркияда камактаОрусияда зордуктоого айыпталган министр бошотулдуКазынага акча төккөн Абжалиев парламентке кайттыЖороев: Шайлоо институтуна ишеним жоголдуӨзбекстанда массалык иш чараларга чектөө киргизилдиДепутат: Инандыны алып келүүгө аракет кылышыбыз керек Текебаев: Инандынын уурдалышы өлкө эгемендигине шек келтирет  Адвокат Токтакунова: Рейхан Инанды өзүн начар сезип жатат "Элди баштайт деген элита да караңгы" Түркиянын Кыргызстандагы элчиси ТИМге чакыртылдыКорумду-Балбай жолунун бир чакырымы 1,3 млн доллар деп эсептелдиЭрдоган Орхан Инанды Түркияга алынып келгенин билдирдиБишкектиктердин электр жарыгы үчүн карызы 5,2 млн. сомдон ашты