Кыргызстандык балбан кыздар Норвегиядан кайтып келишти

Норвегияда күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан кыргызстандык спортчу кыздар кайтып келишти. Аларды 9-октябрда "Манас" эл аралык аэропортунда күйөрмандары майрамдык маанайда тосуп алышты.

Кыз-келиндер командасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков кыздар башкаларга үлгү болгонун айтып, алдыдагы жылдарда олимпиадаларда ийгилик жараткандар көбөйөрүн билдирди.

Дүйнөлүк чемпионатта кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло байге алган.

Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты. Ал 9-октябрда молдовалык Виктор Чобану менен алтын үчүн беттешет.

Бул күнү күрөштүн аталган түрүнөн кыргызстандык Калы Сулайманов (63 кг) жана Марлен Асикеев (67 кг) килемге чыгат.

2-октябрда Осло шаарында башталган Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрда аяктайт.

Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын алгандар азырынча - Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова.

Айсулуу Токио олимпиадасынын күмүш, Мээрим коло медалын да алган.(SE)

Дагы караңыз

Бир жарым миллиондон ашуун жаран коронавируска каршы эмделдиАКШдагы кыргыз диаспорасы журтташтарды сабырдуулукка чакырды АКШда кыргызстандык полициянын огунан көз жумдуГрин-карт: 350 өзбекстандыктын үмүтү