Өткөн айдын аягында Еврошаркеттин Украинадагы согуштун төрт жылдыгына карата санкцияларынын 20-пакети алкагында Кыргызстанга санкция салуу каралып жатканы ачыкка чыккан. Бул топтом уюм ичинде каршылык жаратып, качан кабыл алынары азырынча белгисиз.
Бишкекке келген чабарман
Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливандын Бишкек сапары алкагында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен жолугушуусу, Экономика жана коммерция министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Улуттук банктын жетекчиликтери жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен да кездешүүсү каралган. Айрым маалыматтарга караганда, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип менен да жолугушуу пландалган.
Дэвид О'Салливан 26-февралда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Кыргызстан салынышы мүмкүн болгон ыктымал санкция жана сүйлөшүүлөр жөнүндө айтып берди:
"Евробиримдик Кыргызстан менен мамилеге абдан чоң көңүл бөлөт. Биздин кызматташтыгыбыз көп тараптуу. Бирок мен бүгүн бул жерге ЕБдин санкциялык иштери боюнча келдим. Украинадагы согуш бешинчи жылга уланып баратат. Согуш боюнча биздин позициябыз так - Орусия агрессор, ал аскерлерин Украинадан токтоосуз түрдө чыгарып кетиши керек. Санкциялар мына ушунун башкы инструменти. Бизди кабатыр кылган башкы маселе - санкцияны буйтап жаткан финансылык, криптовалюталык аянтчалар. 19-пакет менен Кыргызстандагы бул жааттагы компанияларга санкция салганбыз. Мен Улуттук банктын, Экономика министрлигинин өкүлдөрү менен жолуктум. Эми Министрлер кабинетинин, президенттик администрациянын өкүлдөрү менен жолугам. Кыргызстанга санкция салуу боюнча маселелерди сүйлөшөбүз".
Ошону менен катар О'Салливан Кыргызстандын банктарынын каражаттары камалбаганын белгиледи:
"Кыргызстандын банктарынын каражаттарын тоңдурган жокпуз, ошентип коё алмакпыз. Биз болгону алардын корреспонденттик эсептерин жаап атабыз. Санкцияга түшкөн банктар Орусияга санкциядан буйтоосуна көмөктөшкөн деген ишеничтүү маалыматтарыбыз бар. Калган маселелерди дагы сүйлөшүп жатабыз".
Дагы караңыз Дэвид О'Салливан: Евробиримдиктин санкцияcын кыргыз өкмөтү менен талкуулап жатабызЕвробиримдик Орусияга каршы жаңы санкциялардын 20-пакетин февралдын аягына чейин кабыл алышы ыктымал экенин белгилеген. Бирок документ азырга дейре кабыл алына элек.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 23-февралдагы жолугушууда Орусияга каршы санкциялардын 20-пакети боюнча бир пикирге келе алган жок.
Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто пакетти кабыл алууга каршы добуш бергенин билдирген. Евробиримдиктин чечимине Словакия да каршы экенин айтты. Чечим кабыл алынышы үчүн бардык мүчө өлкөлөрдүн бир добуштан колдоосу зарыл.
Маалыматты Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Кая Каллас журналисттерге тастыктап, окуяны ийгиликсиз көрүнүш деп атаган. Ал Орусиянын Украинага кеңири масштабдуу басып киришинин төрт жылдыгынын алдында бул Евробиримдик үчүн "жакшы белги эмес" экенин белгиледи.
Буга чейин 20-пакет дал ушул күнгө символикалуу түрдө макулдашылат деп болжолдонгон. Себеби Орусия төрт жыл мурда – 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген эле.
Дагы караңыз "Жүзүң күлүп, жүрөгүң ыйлап турат". Согушта жоголгон күйөөсүн издеген келиндерЖаңы санкциянын карааны
Кыргызстанга киргизилиши мүмкүн болгон жаңы санкция жөнүндө кабарды америкалык Bloomberg маалымат агенттиги 30-январда жазып чыккан. Басылма өз булактарына таянып, Украинадагы согуштун төрт жылдыгына байланыштуу кабыл алынганы жаткан санкциялардын 20-пакетинин алкагында орусиялык банктарга жана мунай компанияларына, Москвага санкциялардан буйтоого жардам берип жаткан үчүнчү өлкөлөрдөгү криптовалюталык сервистерге жана каржылык уюмдарга да кошумча чектөөлөр сунушталышы мүмкүн экенин маалымдаган.
Сөз болуп жаткан чаралардын катарында Кыргызстанга CNC станокторун жана радиоэлектрондук жабдууларды сатууга тыюу салуу кошо айтылган.
“Биздин булактарыбыздын сөзүнө караганда, Европа Биримдиги ошондой эле санкциялардан буйтоого каршы туруу үчүн алгачкы чара колдонууну да караштырууда. Тагыраагы, аны менен Кыргызстанга станокторду жана радиожабдууларды экспорттоого тыюу салынышы ыктымал”, – деп жазган Bloomberg басылмасынын журналисти Альберто Нарделли.
Bloomberg агенттиги андагы баянында Кыргызстанга байланыштуу башка маалыматтарды же статистиканы келтирген эмес. Бирок ага шилтеме кылган башка маалымат каражаттары Европа мамлекеттеринен Кыргызстанга экспорт өскөнүн ырастаган башка мекемелердин билдирүүлөрүн кошуп басышкан. Анын ичинде Brookings Institution уюмунун бир-эки жыл мурунку маалыматтары мисал тартылган.
Баш кеңсеси АКШда жайгашкан Brookings мекемесинин 2023-2024-жылдары чыгарган иликтөөлөрүндө 2022-жылдын февралында орус аскерлери Украинага кол салгандан кийин бүткүл дүйнөдөн Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө экспорт өскөнүн, ал товарлар кайра Орусияга реэкспорт болуп жатканын билдирип келген. Мисал катары кээ бир өлкөлөрдүн Кыргызстанга экспорту болуп көрбөгөндөй өскөнү келтирилген.
“Европалык экспорттун эң негизги багыты Кыргызстан болуп калды. Ал жактагы товарлар аягы келип Орусияга жетип калууда. Мында Эстониянын Кыргызстанга экспорту 10 000% өстү. Финляндиянын экспорту 3 100%, Польшанын экспорту 2 200%, Грекиянын экспорту 2 100% жогорулады. Албетте, баары эле муну менен алектенип жаткан жок”, – деп жазды өз иликтөөсүн чечмелеген Brookings Institution уюмунун экономисти Робин Брукс.
Орусия Украинага кол салган соң Борбор Азиядагы мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын тышкы соодасы кескин жанданганы жалпы коомчулук үчүн таң калычтуу эмес. Мурда Кыргызстанга келбеген товарлар келип жатканын, алар Орусияга кетип жатышы ыктымалдыгын бир катар басылмалар, анын ичинде “Азаттык” да өз алдынча иликтеген.
Дагы караңыз Украинадагы согушка төрт жыл: бейтарап Бишкек, "кара тизмедеги" компания, урушка кеткен кыргыздарКыргыз бийлигинин жообу
Батыш мамлекеттери, анын ичинде Европа Биримдигиндеги өлкөлөр, Улуу Британия, АКШ жана башкалар бул жагдайга байланыштуу Орусия менен соодасын күчөткөн башка мамлекеттердин компанияларына экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келди.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы бирин-серин фирмалар "кара тизмеге" кирди. Банктарды жана соода фирмаларын кошкондо соңку эсепте Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илешкен кыргызстандык компаниялардын саны 25ке жетти.
Эгер Европа Биримдиги Кыргызстанга кандайдыр бир чектөө койсо, анда ал мамлекетке колдонулган алгачкы санкция болуп калат. Кээ бир сайттар жазгандай, бул атүгүл Орусияга көмөктөшкөнү үчүн санкцияга илинген постсоветтик чөлкөмдөгү биринчи мамлекет болуп калышы да мүмкүн.
Кыргызстандын бийлиги жеке компанияларга колдонулган чараларды кескин айыптап, айрыкча банктарга салынган санкцияларды кайра алууну талап кылган. Өкмөт өкүлдөрү жаңы ыктымал санкция жөнүндө да сүйлөшүү жүрүп жатканын февралдын башында ырастаган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” берген комментарийинде Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан менен сүйлөшүү баштаганы жатканын белгилеген.
“Биз мурдагы сүйлөшүүлөрдө "Кандайдыр бир чара колдонулса алдын ала маалыматтарды алмашып турабыз” деп сүйлөшкөнбүз. Азыр бир басылманын эле маалыматы чыкты да, ал расмий маалымат эмес, далили же башка нерсеси жок. Анүстүнө, биз кайсы бир курал-жарак же башка ушул сыяктуу товарларды экспорттоого чектөө койгонбуз. Ошондуктан бизде мындай маселе болушу мүмкүн эмес. [...] Биз түшүнгөндөн “Эстония, Финляндия деген мамлекеттерден кайсы бир жабдууларды жеткириптир” деп жатышат. Биз деле “Кыргызстанда фирмалар миңдеп саналат, анын баарын колунан кармап, текшере албайбыз, фактыларды бергиле” деп айттык. Негизи мында деле Кыргызстан мамлекетине санкция салуу деген нерсе жок. Эгер алар кандайдыр бир чара колдонсо ушул мамлекеттерге “Кыргызстанга мобу жабдууларды сатпагыла” деген сунуштама бериши мүмкүн. “Кыргызстанга санкция салабыз, аны менен иштешпегиле” деген сөз жок”, – деген Амангелдиев мурдараак “Азаттыкка”.
Ошол эле мезгилде Кыргызстанга кайсы бир товарларды ташып келүүдөгү эселенген өсүү жөнүндө суроого Данияр Амангелдиев мындайча жооп берген:
“Мисалга, кайсы бир жабдуу бизге мурда таптакыр ташылып келбесе, же 1 сомго ташылып келсе, кийинки жылы 10 сомго же 100 сомго ташылып келсе, анда автоматтык түрдө 10 эсе, 100 эсе көбөйүп кеткен болуп атпайбы. Биз аларга “товарлардын экспортуна пайыздык өсүү койбой, натуралдык көлөмүнө карап чыгаргыла” деп айтканбыз. Мисалы, 1 000% көбөйүп кеткен деген товары болгону 10 миллион доллар экен. Ал сумма биздин тышкы товар жүгүртүүнүн ичинде бир тамчы да. Менимче, мында кайсы бир тараптардын гана апырта берилген чечмелөөсү болуп жатат [...] Болбосо бир да Европа мамлекети Кыргызстанга түздөн-түз доомат койгон эмес. Ошол эле банктар боюнча да “эмнеге киргиздиңер?” деп маселе койгонбуз. Ошол эле “Толубай” банкты алар telebay дейби, же telepay дейби, айтор, ошондой төлөм системасы менен алмаштырып алышыптыр. Ошондуктан азыр аталган банкты санкциядан чыгаруу үчүн чоң иштерди жүргүзүп жатабыз”.
Кыргызстандын бедели
Ырас, Кыргызстандын бийлигин кыргыз банктары санкцияга илешкени көбүрөөк кыж алат кылды. Өлкөдө 23 банк болсо, ушул тапта ошонун төртөө – “Толубай Банк”, “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен Батыштын “кара тизмесине” илинген.
Президент Садыр Жапаров былтыр сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө да ушул маселеге кайрылып, Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган:
“Кыргызстан банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшертүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даярбыз. Бизди силерге караганда Орусия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат. Ошондуктан экономикалык жактан алганда Орусия менен кызматташпай коё албайбыз. Биз башкалар менен тирешүүнү каалабайбыз. Биз дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзүп жатабыз. Мисалы, биз ошол эле Англияга жылына 1 миллиарддан ашык долларга алтын сатабыз. Менин өлкө президенти катары биринчи милдетим – жарандарымдын жана өлкөмдүн коопсуздугун камсыз кылып, экономикалык абалын жогорулатуу. Биз экономикалык кызматташтыкты жана сооданы саясатташтырууга каршыбыз. Ошондуктан эки банкыбызга салган санкцияларды тез арада алып салууну талап кылабыз”, – деген мамлекет башчы.
Кыргызстандын бийлиги Орусия менен Украинанын согушунда бейтарап турумда экенин эки тараптын жаңжалынын башында эле жарыялаган. Кыргыз бийлиги Бишкек эч качан согушту колдобой турганын, курал-жарактын кайсы бир тарапка өтүшүнө жол бербесин улам-улам кайталап келет.
Ошол эле убакта Кыргызстандын аймагында Орусияга байланыштуу компаниялардын иш жүргүзүп жатканы көп түкшүмөл жаратып келет. Молдовадан качып чыгып, орус жергесинде жашап жүргөн олигарх Илан Шор Кыргызстандын аймагында Grinex аттуу криптобиржа уюштуруп, Бишкекте рублге теңме-тең байланган A7A5 аттуу стейблкоин жүгүртүүгө чыгарылганы 2025-жылдагы эң негизги окуялардын бири болду.
Мына ушундай түкшүмөлдөрдүн фонунда АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC), Улуу Британиянын өкмөтү, Европа Биримдиги Grinex криптобиржасына жана стейблкоинди чыгарган “Олд Вектор” компаниясына, алардын негиздөөчүлөрүнө санкция киргизген. Былтыр жыл соңунда Шорго байланышы бар кыргызстандык KIFIKO аттуу компания да санкцияга илинген.
Жарандык активист жана экономист Марат Мүсүралиев мурда жеке компанияларга чара колдонгон Европа Биримдиги Кыргызстанга санкция салса бул өлкөнүн кадыр-баркына доо кетирерин белгиледи:
“Орусияга санкциялар киргизилгенден баштап Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги айрым өлкөлөр менен соодасы абдан өстү. Ал боюнча статистикалык маалыматтарды чыгарышты, кээ бир өлкөлөрдөн импорт 30-40 эсе көбөйгөн. Анын баарын кайда катабыз? Ачыгын айтканда, Орусиянын башка дүйнөдөн чектелип жатканынан Кыргызстан колдонуп жатты. Анын ичинде шылуун компаниялар Кыргызстан аркылуу керектүү товарларын Орусияга ташууга аракет кылышты. Жеке компанияларга санкция салганы эффект бербедиби, эми мамлекеттин өзүнө салганы жатышат. Аны Армениядан, Казакстандан же башка өлкөдөн эмес, Кыргызстандан баштаганы турат окшойт. Эгер санкциядан буйтоодон жеке компаниялар, жеке адамдар пайда тапкан болсо, эгер Евробиримдик өлкөгө санкция салса анда азабын жалпыбыз тартабыз. Санкцияга кирип калуу оңой эле, бирок андан чыгуу абдан оор. Бул биздин экономикабызга көптөгөн зыян алып келет. Бул репутациялык маселе. Кыргызстанга инвестиция салам дегендер бир эмес, жети сыйра ойлонуп, анан чечим кабыл алганга өтүшөт”.
Financial Times басылмасы былтыр жайында чыгарган макаласында Grinex ачылган төрт ай ичинде 9 млрд доллар айлатканын маалымдаган.
“Азаттыктын” бир нече кызматы биргелешип жасаган декабрдагы иликтөөдө болсо A7A5 криптовалютасы менен жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү 79 млрд долларга жеткени эсептелген.
Айрым басылмалар 2026-жылдын башына карата Grinex криптобиржасында айланган акчанын көлөмү 100 млрд доллардан ашканын маалымдашты.