Деген менен Камчыбек Ташиев күтүүсүз кызматтан алынгандан бери өзүнүн аты аталган окуяларга, кылмыш ишинин козголушуна байланыштуу дээрлик комментарий бере элек. Бул өз кезегинде түрдүү божомолдорго жем таштап келет.
Соңку кездери Камчыбек Ташиевдин маалымат катчысынын ролун аткарып жаткан "Регион" каналынын мурдагы жетекчиси, журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы соңку билдирүүсүндө кимдир бирөөнүн атын атаган эмес. Ошол эле маалда чакан топту Камчыбек Ташиевди каралоо кампаниясына байланыштуу айыптаган. Мындан улам укук коргоо органдары чагымчыл иш-аракеттерге чара көрбөй жатканын белгилеген.
Өткүрбек Рахманов
"Урматтуу генералыбыз Камчыбек Ташиевди 10-февралдан баштап күнү-түнү каралап, жалаа жаап, ал киши тууралуу ар кандай ушак-айың кептерди таркатып, анысы аз келгенсип үстүнөн күлүп, мыскылдап, оюна келген сөздүн баарын сүйлөп, жазып, таркатып отурган топ пайда болгонун баарыбыз көрүп, билип, байкап турабыз. Тилекке каршы, алар канчалык провокациялык иш-аракеттерин күчөткөн сайын, тийиштүү укук коргоо органдары тарабынан аларга карата эч кандай реакция жасалбай келет. Бул албетте таң калычтуу жана өкүнүчтүү. "Ташиевдерди каралоо кампаниясын" жүргүзүп жаткан Фейсбуктагы топто 10-15 адам жана алардын бирден-экиден фейктери Камчыбек Ташиевдин эл ичиндеги кадыр-баркын түшүрүү багытында төрт айдан бери жан үрөп иштегени менен, жыйынтык алар күткөндөй болбостон, тетирисинче, элдин кыжырын келтирип, ЭКИ ДОС менен биргебиз деп отурган миллиондогон адамдарды экиге бөлүп-жарууга себеп болуп жатышканы дагы өкүндүрөт. Камчыбек Ташиев бул жийиркеничтүү ишти кылып жаткан тараптарга бир дагы жаман сөз кайтарган жок жана эч кимден эч кандай жардам же колдоо, же башка нерсени суранган да жок, же элге чыгып арызданып, кайрылган да жок. Болгону, баары мыйзам чегинде болсун, айтылып жаткан, коюлуп жаткан айыптоолордо ким күнөөлүү болсо, мыйзам чегинде жообун берсин, мамлекетибизде туруктуулук болсун деп гана кайрылды. Урматтуу президентибиз Садыр Жапаров дагы баары мыйзам чегинде гана болот деп кесе айтты. Бирок баягы топ дагы эле токтогон жок".
Өткүрбек Рахманов Ташиевдин аты аталган иштерге дагы учкай токтолгон. Тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө анын баарына укуктук баа берилерин айткан.
"Тергөө иштери жүргүзүлдү, ошол эле “Кыргызнефтегаз” боюнча дагы, 75 адамдын каты боюнча дагы, башка нерселер боюнча дагы баары аныкталып, такталып, ар ким өз аракетине жараша укуктук баасын алат. Камчыбек Ташиев мамлекеттен миллиондор мында турсун, бир топчу уурдап албаганын так кесе айтканын билесиздер. Жана башка айтылып жаткан айыптоолор боюнча дагы күнөөсү жок экенин айтканын уктуңуздар. Генерал Камчыбек Ташиев президентибиз Садыр Жапаров менен биргеликте ар бир аракеттерин мамлекетибиз, элибиз үчүн жасаганына жалпы эл-журт күбө болгон. Эми калганы тийиштүү органдардын гана иши. Андан эч ким эч жакка качып кетип жаткан жери жок жана качып кетпейт дагы. Андыктан, урматтуу мекендештер, каралоочу топтун сөздөрүнө, аракеттерине эмоция менен эмес, сабырдуулук менен мамиле кылыңыздар", - деп жазган Рахманов.
Дагы караңыз
"Териштирүү жабык уланат". Ташиев баштаган сегиз кишинин сотуКамчыбек Ташиевди ачык сындап, анын камалышын талап кылып жаткандардын арасында азыркы бийликке жакын активист Атай Бейшенбек уулу жана мурдагы журналист Адилет Айтикеев дагы бар. Атай Бейшенбек уулу буга чейин Өткүрбек Рахмановдун Ташиев тууралуу билдирүүлөрүнүн бирине атайын кызматтын башчысына суроолор көп экени тууралуу комментарий жазган.
"Улам-улам эле майда түшүндүрмө кыла бербей ток этер жерин айтпайбы. Эмне себептен ушул жагдайга туш болду? Шакиев, Сулайманов, Зулушевдердин, 75 аксакалдын аракетин атайын кызматты жетектеген адам катары эмнеге тыйган жок? УКМКны айрым ОПГ башкарып калганын көзөмөлдөй албай калганына өкүнөбү? Жакындары кантип бат эле миллиардер болуп калды? Канча кишини куугунтуктап, каракчылык-зөөкүрлүк кылганына өкүнөбү жана башка темаларга токтоп кичине... Анан улам-улам эле, калп сөздөр менен илгеркидей ийилип абалдан чыгып кетем дебей... Кантсе да сүйлөгөнү менен кылган аракетин айырмалай алгандай болдук", - деп жазган активист.
Дагы караңыз
"Телеканалдар таасир арттыруу үчүн колдонулат ". "Регион ТВда" жетекчи алмаштыСерепчи Адил Турдукулов "Азаттыкка" комментарий берип жатып, кыргыз саясатындагы мындай көрүнүш көп жылдардан бери өндүм болуп калганына токтолду. Өлкөдө саясий маданият калыптанбай жатканын айтты.
Адил Турдукулов
"Адилетүүлүк үчүн айтып коюш керек, мындай каралоо Ташиев бийликте турганда да башкаларга карата болгон. Ал УКМКны жетектеп турганда ар кандай ишкерлерге, олигархтарга, аткаминерлерге козголгон кылмыш иштери "каралоо кампаниясы" менен коштолуп келген. Ошол убактагы бийлик алардын күнөөлүү экенинен коомчулукту ынандырууга кызыкдар болгон. Азыр деле ошондой логика менен жүрүш болуп жатат. Мамлекеттик казынадан каржыланган блогерлер, активисттер ошондой кампания жургүзүп жатат. Биздин үлкөн аткаминерлер кызматта турганда ошондой каралоого барышпаса, балким жаңы саясий маданият түптөлмөк. Эски ыкманынын колдонулушу ошол себептен болуп жатат. Азыр деле ошондой кейиштүү, эки жаат болуп бири-бирин каралоо, фактылар бар же жогуна карабай күнөөнүн баарын бир адамга оодарып коюу өңдүү учурду көрүп жатабыз. Бул ошол саясий маданияттын дагы деле түптөлө электигинен кабар берет. Ошондуктан жалпы системалык өзгөрүү тууралуу көбүрөөк сөз кылсак туура болмок. Азыркы башчылар, ошол эле УКМКнын жетекчилери, орчундуу кызматта тургандар ушул системаны өзгөртпөсө кийин ушул нерсе өздөрүнүн эле башына тийиши мүмкүн. Азыркы окуялар ошону тастыктап жатат. Ташиевге карата каралоо президенттик шайлоого жакын калганда күчөп жатканы деле түшүнүктүү. Муну "маалыматтык артиллерияны колдонуу" десек деле болот. Шайлоого жолотпоо, маарага жеткизбөө, ага элди ынандыруу арекеттери деп айтсак болот. Эми ошол каралоодо айтылып жаткандар канчалык чын, так экенин сот чечет эмеспи. Бирок биздин сот органдары деле саясий чечимдерди чыгарып келген. Керек болсо Ташиев башкарып турганда УКМК өзү соттордун ролун аткарган учурлар деле болгон".
Дагы караңыз
Ташиевге эки оор берене менен айып тагылдыТалдоочу Төлөгөн Келдибаев Камчыбек Ташиев өзүнүн кадыр-баркын сотко кайрылып коргой аларын айтты.
Төлөгөн Келдибаев
"Эгер Ташиевдин укугу бузулуп аткан болсо, аны кемсинтип, кадыр-баркына шек келтирип жатышкан болсо, анда ал катардагы кыргыз жараны катары сотко кайрылганга укуктуу, анын адвокаттары, юристтеринин мүмкүнчүлүгү бар. Эгер ал тууралуу элди козута турган маалыматтарды чыгарып жатышса, анда өз арызы менен күч органдарына кайрылышы керек. Акыркы күндөрү Камчыбек Ташиевдер тууралуу соцтармактарда ар кандай маалыматтарды таркатып жатышат. Элдин башын айланткан маалыматтар дагы чыгып жатат. Эгер алардын негизи жок болсо анда өзү арыз жазып, күч органдарына кайрылышы керек. Өткүрбек мырза эгер Ташиевди коргогусу келсе, анда юристтерди жалдасын, күч органдарына кайрылсын. Ал эми Ташиевдин маалымат жыйын беришине азыр зарылчылык деле жок. Анын кызматтан алынган жүйөсүн президент айтып өттү. Эгер Ташиев жооп берип чыкса, бекер эле кайым айтышуу болот. Анын үстүнө тергөө, сот болуп атат. Ташиев өзү деле муну түшүнсө керек".
Дагы караңыз
"Тазалоо уланат". УКМКнын 22 кызматкерине кылмыш иши козголдуКамчыбек Ташиев кызматтан алынган тушта чет өлкөгө чыгып кетип кайра кайтып келген, ошол маалда ал журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрөт деген сөздөр тарап, бирок токтоп калган. Ал ошондон бери дээрлик үн ката элек.
Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат, башкы прокурор Курманкул Зулушев баштаган сегиз адамга карата “75чилердин катына” байланыштуу деп айтылган кылмыш иши сотто өткөн айдан тарта карала баштаган. Ага Ташиев катышканы менен эч кандай комментарий бере элек.
Президент Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан.