Акыйкатчынын бир орун басары алмашты

Медербек Усаров.

Акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жоробаев кызматтан кетип анын ордуна Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында Медербек Усаров шайланды.

49 жаштагы Медербек Усаров 2000-жылы Ички иштер министрлигинин Алиев атындагы академиясынын “Юриспруденция” адистигин аяктаган. 2006-2009-жылдары ар кандай фонд, эл аралык уюмдарда иштеген. 2023-2025-жылдары Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын катчылыгында эмгектенген.

Жаныбек Жоробаев 2024-жылдын 18-январында акыйкатчынын орун басары болуп шайланган. Ал 2020-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Кыргызстан” фракциясынан төрт ай депутат болгон. 2021-жылы апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары болуп дайындалып, ошол эле жылдын ноябрында жумуштан алынган.

Омбудсмен Жамиля Жаманбаеванын эки орун басары бар. (BTo)

Дагы караңыз

Айрым депутаттар гимнди өзгөртүү ишин токтотуу демилгесин көтөрүштү"Манас" университетин кесип өтчү жолду ачуу иштери башталдыАдвокаттарга аймактык лицензия берүү сунушу парламенттен өтпөй калдыБишкек эл аралык кинофестивалында "Курак" тасмасын көрсөтүүгө уруксат берилген жок"Манас" аэропортунда интернет өчүп, каттамдар үзгүлтүккө учурадыТалибдер Гераттагы акциянын катышуучуларына ок атты. Каза болгондор бар Еврошаркет Кыргызстандын авиация тармагын жылына эки жолу текшеретЭмилбек Узакбаевдин камакта жаткан кызы ачкачылык жарыяладыБишкекте катуу шамалда дарак кулаганда 23 жаштагы кыз жабыркады “75чилердин иши”: Узакбаевдин кан басымы көтөрүлүп “Тез жардам” чакыртылды