Кытай–Кыргызстан: Аталышы талаштуу уюмдун таржымалы

“Борбор Азия менен Кытайдын тынчтык жолу аркылуу кайра биригүүсүнө көмөктөшүү ассоциациясы” уюмунун каттоо маалыматы. Булак - OsOO.kg порталы.

Юстиция министрлиги “Борбор Азия жана Кытайдын тынчтык жолу аркылуу кайра биригүүсүнө көмөктөшүү ассоциациясы” деп аталган коомдук уюмдун каттоосу мурда эле жокко чыгарылганын ырастады. Соцтармактарда коомдук уюм тууралуу талкуу жүрүп, айрымдар анын аталышын сындап, скриншотторун жарыялашкан.

Юстиция министрлиги талаштуу аталыштагы уюмдун каттоосу көрсөтүлгөн OsOO.kg порталы Кыргызстанда катталган юридикалык жактарды чагылдырган расмий булак болуп эсептелбей турганын, так маалымат министрликтин сайтында гана жарыяланарын билдирүүдө.

Бул министрликке тыгыз интеграцияланган OsOO.kg интернет порталы - компанияларды издөө, контрагенттерди текшерүүгө адистештирилген коомдук онлайн аналитикалык сервис.

Кыргызстанда "Ассоциация содействия мирному воссоединению Центральной Азии и Китая" деген уюмдун пайда болушу социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Кыргызчага которгондо “Борбор Азия жана Кытайдын тынчтык жолу аркылуу кайра биригүүсүнө көмөктөшүү ассоциациясы” деп угулат.

Анын түзүлгөнүнө жарым жылдан ашканы менен ал тууралуу маалымат кытайлык жарандарга байланышкан окуялар күчөп турган учурда гана коомчулукка белгилүү болду.

Бул эмне болгон коомдук бирикме жана кандай максатта түзүлгөн? Аны түзгөн чет элдик жарандар кимдер?

OsOO.kg порталындагы маалыматтарга карасак, уюм 2025-жылдын 30-декабрында катталган. Аны Сунь Убо, Шао Куйнин жана Ли Женжун аттуу үч чет элдик жаран түзгөн. Жетекчиси катары Шао Куйнин көрсөтүлгөн.

"Азаттык" каттоодо көрсөтүлгөн телефон номерине чалганда ал иштебей турганын билдик.

Юстиция министрлигинин базасында маалымат жеткиликсиз. Министрлик OsOO.kg порталы юридикалык жактарды чагылдырган расмий булак катары эсептелбей турганын, так маалымат министрликтин сайтында гана жарыяланарын билдирүүдө.

Министрлик талаштуу аталыштагы уюм катталгандан көп өтпөй эле административдик процедуралардын алкагында жокко чыгарылганын билдирди. Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын жетекчиси Урмат Акулуев бул маалыматты "Азаттыкка" ырастады.

“Юридикалык жак 2025-жылдын 30-декабрында Чүй-Бишкек башкармалыгынын каттоочу адиси тарабынан механикалык түрдө (3 сааттык мөөнөттүү каттоо боюнча мамлекеттик тейлөөнүн алкагында) катталып калган. Кийинчерээк “Административдик ишмердик жана административдик процедуралардын негизи жөнүндө” мыйзамга ылайык административдик процедуралардын алкагында каттоо жокко чыгарылган”.

Коомдук уюмду түзгөндөр чет элдиктер, ошол эле маалда бул мамлекеттер же өкмөттөр аралык орган түзүлдү дегенди билдирбейт. Арийне, уюмдун аталышындагы “мирное воссоединение” же кыргызчага оодарганда “тынчтык жолу менен кайра бириктирүү” деген сөздөр коомдук талкуунун чордонунда турат. Адатта расмий Бээжин бул терминди Кытайдан өз алдынча деп эсептеген Тайванга карата колдонорун эксперттер белгилешет.

Дагы караңыз

Трамптын Бээжин сапары: Тайван, Иран жана стратегиялык тиреш

Кытай боюнча адис Венера Сайпидин Бээжин ири шаарларынын калкынын бир бөлүгүн ички миграция аркылуу Түштүк Кытай жана Шинжаң-Уйгур автономдуу аймагы тарапка жер котортуу саясаты бар экенин айтат. Мындай иш-аракеттер Борбор Азия өлкөлөрүн ар дайым кооптондуруп келерин белгилөөдө.

Венера Сайпидин

“Анан калса, акыркы учурларда кытай жарандарынын санынын ачык дагы, жабык дагы көбөйүп кетиши бардык эле кыргызстандыкты тынчсыздандырып атат. Анан ушуга биздин бийлик ачык жооп берип койбой атат. Канча кытай кирди, эмне максат менен, кайсы жерде иштеп атат, эмне менен алектенип атат жана алар эгерде убактылуу кирсе качан кайра чыгып кетет? Эгерде бир курулуш же бизнес максаты менен келген болсо, аларга виза мүмкүнчүлүгү кайсы бир убакытка берилет да, туурабы? Канча кытай кирди, канча кытай чыгып кетет деген маселени так айтып коюш керек. Антпесе, элдин арасында аябай бүдөмүк талаш-тартыштар күндөн-күнгө күчөп атат. Муну эми кантип жашырабыз? Ушул абалдан алып караганда бул компаниянын аталышы өтө чоң чакырык, кооптонууну туудурат”.

Уюмдун катталганына жарым жылдан ашканы менен ал тууралуу маалымат “кытай жарандары өтө көбөйүп кетти, ар кай жерде мыйзам бузууларга, коомдук коопсуздукка доо кетирип жатат” деген талкуулар күчөп турган маалда ачыкка чыгып, кызуу талкууга жем таштады.

Дагы караңыз

Ат-Башынын бийлиги чет элдиктердин балык уулаганы тартылган видеого комментарий берди

Социалдык тармактарда Арпа жайлоосунда чет элдик жарандар ток менен балык кармап жүрөт деген тасма тараган. Тасманы жергиликтүү тургундар тартып алышып, чет элдиктер атайын электр тогу бар жабдык менен балык кармап жатканы баяндалган. Тасмада кытайлык номурдагы машине, чет элдиктер камерадан жүзүн жашырып, телефонго тартып жаткан адамды көздөй чуркап келатканы тартылып калган.

Ал тушта Ат-Башыда тор менен канаттууларды жапырт кармап жаткан чет элдиктер тууралуу тасма да жарыяланып кетти. Анда да кытай жарандары тууралуу кеп болот.

Буга чейин Ысык-Көлдө өзүн кытайлык компанияда котормочу болуп иштейм деп тааныштырган кыз аны кытай жараны сабаганын айтып чыккан. Бул окуя курулуш жүрүп жаткан аймакта болгонун, милиция кызматкерлерин да ошол жерге чакырышканын тактаган. Сурак бергенден кийин кызды сабады делген жаран коё берилгени белгиленген.

Өткөн айда саясатчы жана жарандык активист Мавлян Аскарбеков кармалып, кийин ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу") боюнча айып тагылды. Анын алдында ал Министрлер кабинетине видео кайрылуу жасап, Кыргызстандагы орто жана чакан ишкердикке кытай жарандарынын аралашканы тууралуу маселе көтөргөн эле.

Дагы караңыз

Активист Мавлян Аскарбеков "кастыкты козутууга" шектелип кармалды

Статистикага кайрылсак, 2026-жылы чет элдиктерге 61 миң жумушчу виза берилген, алардын жарымынан көбүн кытай жарандары алган.

"Жумуш визаларынын 60 пайызга жакыны Кытай жарандарына берилген. Алар негизинен ири инфраструктуралык жана мамлекеттик долбоорлордо иштөө үчүн тартылган", - деп айткан Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу.

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолунан тышкары учурда Барскоон–Бедел автожолу, аэропортторду реконструкциялоо жана Текелик көмүр кенин өнүктүрүү сыяктуу стратегиялык долбоорлор ишке ашып жатат.

"Мыйзам катуу иштеши керек"

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда «кытайлык жарандар көбөйүп кетти» деген сөздү төгүндөп, алар өлкөдөгү "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу жана башка ири долбоорлор үчүн тартылганын, мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөн чыгып кетерин белгилеп келет.

Саясат талдоочу Кубан Абдымен өкмөт коомдун пикирин эске алып, ар кандай миссиялар менен келип жаткан чет элдиктердин өз билемдигин мыйзам менен ооздуктап турушу зарыл экенин айтат.

Кубан Абдымен

“Кытайлардын азыркы учурда бир эле Кыргызстанга эмес, бүт Борбор Азияга келип атканынын артында көп нерселер бар. Биринчиден, быйыл ШКУ саммити Кыргызстанда өтөт. Ошого кытайлыктар абдан чоң жардам берип атат. Экинчиси, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна техникалык жактан дагы, каражат жагынан дагы, көбүнчө карыз-насыя бере тургандай жагдайларды эске алганда, албетте, кытайлардын бизге карата колдоосу күчтүү экени көрүнүп атат. Мына ушул экөөнү таразага салып, байкап көрсөк кыргыздар эч качан намысын алдырбаганга аракет кылат. Экинчиден, азыркы заманда – ааламдашуу деген маселе күчөп бараткан мезгилде биз, албетте, Кытайдын колдоосу жок, өзүбүздүн ичибиздеги көп нерселерди жасаганга алыбыз жетпей калышы ыктымал. Ошондуктан, Кыргызстандын бийлиги кайсы мамлекет болбосун, алардан келе турган инвестициялыкпы, финансылыкпы же башка жактан болобу – колдоону алганга макул болуп атат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок коомчулуктун пикирин эске алып туруп, кытайлардын азыр Кыргызстанга келип дердеңдеп, өз билемдигин кылып атканын токтото тургандай мыйзамды катуу иштетиши керек”.

Дагы караңыз

Кыргызстандагы кытай инвестициясы, Бээжиндин башкы дипломатынын сапары

Кыргызстанда юридикалык жактарды каттоо жана ишмердик жүргүзүү бир кыйла либералдуу болуп эсептелет. Июлдун ортосуна карай 200 миңден ашуун ар кандай формадагы мекеме-уюм катталган болсо, анын 84% кыргыз жарандары, калганын Орусия, Кытай, Казакстан, Түркия, Пакистан, Түштүк Корея жана Өзбекстан баштаган чет элдиктер түзгөн.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда кытайлык жарандар катышкан уюмдардын саны соңку 2,5 жылда эки эсеге көбөйгөн. 15-июлга карай мындай уюмдар 7100дөн ашкан. Көпчүлүгү тоо-кен, энергетика, курулуш, соода жана өнөр жай тармагында негизделген. Арасында Кытай өлкөсүнүн маданияты менен идеологиялык программаларын жайылтууну максат кылгандары да бар.

Маселен, "Бир алкак, бир жол", "Борбор Азия достугу", "Кыргыз-кытай достук жана кызматташтык борбору" деген өңдүү бирикмелерди, маданий борборлорду, соода палаталарын, диний уюмдарды жана жогорку окуу жайларды ачышкан. Айтмакчы, "Борбор Азия менен Кытайды тынчтык жолу менен кайра бириктирүүнү" аталышына койгон уюмдун түзүүчүлөрү Сунь Убо менен Шао Куйнин Бишкекте "Экономикалык интеграция жана өнүктүрүү борбору" деген коомдук бирикмени да түзүшкөн.

Кыргыз бийлиги кытай жарандары ири долбоорлорго байланыштуу убактылуу келгенин, ар бир мигрант көзөмөлдө экенин бир нече ирет билдирген. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда чет элдик жумушчулар темасын атайын саясатташтырып, коомдук пикир жаратуудан алыс болууга да чакырганы бар.