Эгемендикке 35 жыл: багытын издеген Кыргызстан

Кыргызстандын туусу

Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилеп жатат. Бул дата Бишкек Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүп жаткан күндөргө туш келди. Кыргызстан баш калаасы жыйырмага жакын өлкөнүн лидерлерин кабыл алууда.

Эгемендик алгандан кийин “Борбор Азиядагы демократия аралчасы” деген атагы менен кошо эле бир нече оор саясий кризистерди башынан кечирген Кыргызстан 35 жыл ичинде өзүнүн багытын издөө менен алек болду. Азыркы бийлик Кыргызстан эми гана өнүгүү жолуна түшкөнүн айтып, соңку жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасын мисал тартып келүүдө. “30 жылда мындай болгон эмес” деген сөз айкашы менен коштолуп жатат. Ошол эле маалда мамлекеттик институттардын чыңдалышы, сот адилеттүүлүгү, саясий жана сөз эркиндигине, адам укугуна байланыштуу маселелер дале актуалдуу.

Демократия же автократия

2024-жылы 30-августта президенттик администрациянын жаңы имараты ачылды. Жаңы имарат “Ынтымак Ордо” деп аталды.

Кыргызстан кандай модел менен өнүгүп кете алат? Биз азыр кайсыл багытты көздөп бара жатабыз? Бул багыт канчалык туруктуу жана ишенимдүү стратегия боло алат? Кыргызстан эгемендик алгандан тарта эле ушул суроолорго жооп издеп, саясий кризистердин биринин артынан экинчисин башынан кечирди.

2005-жылдагы “Жоогазын ыңкылабы” өлкө эгемендик алган жылдардан бери 15 жыл башкарган тунгуч президент Аскар Акаевдин бийлигин кулатты. Ага үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликти түздү, шайлоону бурмалады деген айыптоолор айтылган.

Дагы караңыз

Жапаровдун мөөнөтү, моралдык жоопкерчилик: Акаевдин маеги

Анын артынан бийликке келген Курманбек Бакиев өзү 2010-жылы авторитаризмге айыпталып, массалык демонстрациянын арты менен бийликтен куулду. Кан төгүлүп, өлкөнүн ансыз дагы жамачыланган экономикасы ого бетер эңшерилди. Убактылуу өкмөт түзүлүп, жаңы Баш мыйзам жазылды. “Жеке басар бийлик коррупциялашып, бир ууч гана кишилердин жыргалчылыгына иштейт экен” деп, Кыргызстан жарым-жартылай парламенттик башкаруу системасын тандап алды. “Президенттин таасири болбошу керек, ал бийлигин узурпациялабашы керек” деп, алты жылдык бир гана мөөнөт менен чектелди.

Бирок бул деле туруктуу башкаруу модели катары өз жемишин берген жок. 2011-жылы президент болуп шайланган Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин досу Сооронбай Жээнбековду ачык эле сүрөп, 2017-жылдагы президенттик шайлоону утуп чыкты. Атамбаевди мурдагы үзөңгүлөштөрү, жарандык активисттер саясий атаандаштарын куугунтуктоо жана административдик ресурсту колдонуу боюнча айыпташкан.

Дагы караңыз

"Китеби бийлигин коргоп береби?" Борбор Азиянын жазмакер президенттери

Ошого карабай 2017-жыл президент болуп Сооронбай Жээнбеков шайланып, бийликке келгенден эки жыл өткөндөн кийин Атамбаев менен катуу жаңжалдашып, өлкө кайрадан саясий дагы, экономикалык дагы кризиске кептелет. Мунун арты 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодогу нааразылыктар менен коштолуп, кезектеги бийлик алмашуу менен жыйынтыкталган. Кыргызстанда кезектеги ирет Баш мыйзам өзгөрүп, президенттик башкаруу системасы киргизилген.

Алмаз Кулматов, "Кыргыз Туусу" басылмасынын башкы редактору

“Бул окуялар, процесстер көз карандысыз, эркин мамлекетти, суверендүү өлкөнү бекемдөө жолундагы татаал жол, тайгак кечүүлөр жана ашуулар экени талашсыз. Биз эгемендикке ээ болгон алгачкы жылдардагы элдин жаратман энергиясын, көкөлөгөн демин ыктуу колдоно алган жокпуз жана далай кемчиликти кетирдик, оор сыноолорду баштан кечирдик. Алдыда дагы нечен сыноолор күтүп турат. Тарыхтан сабак алуу процесси уланууда. Биз эркиндиктин куну кымбат, баасы жогору экенин түшүнүүгө тийишпиз. Азыркы калктын бери болгондо 30 пайызы көз карандысыздык менен жашташ, курбалдаш. Маселе ушул жана андан кийинки бейтааныш муунга эркиндиктин жана өз алдынча мамлекеттин баалуулуктарын акылына киргизип, боюна сиңирүүдө турат", - дейт коомдук ишмер, "Кыргыз Туусу" басылмасынын башкы редактору Алмаз Кулматов.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороевдин пикиринде, Кыргызстандын азыркы тандап алган жолу алдыңкы жылдарда дагы бир топ өзгөрүүлөргө муктаж болот.

Эмилбек Жороев

“Кыргызстанда акыркы жылдары экономикалык өнүгүүдөгү темп, башкача ыкмалар байкалууда. Булардын баары канчалык деңгээлде туруктуу жана узак мөөнөткө уланат, жемиши кандай болот деген суроолор экономисттер тарабынан кабыргасынан коюлуп келет. Ушундай жылдан-жылга өсүү үчүн эмнелерди курмандыкка чалуу болду деген суроо дагы болот. Мисалы, менчик укуктарынын аксап калышы, жеке ишкерлик кылуу, жеке экономикалык тармактын ар кандай кысымдарга учурап, жабыркап калган учурлар болду. Жалпысынан мунун баарысын кээ бирлер “биздин тандап алган азыркы жолубуз бул мамлекеттик капитализм” деп сыпаттап жатышат. Менимче, мунун баарына мындай аныктамалар эртерээк. Бул кыскараак мөөнөттө азыр болуп жаткан көрүнүш жана алдыңкы жылдарда бул дагы да өзгөрүүгө муктаж деп ойлойм”.

Белгилүү коомдук жана саясий ишмер Эмилбек Каптагаев Кыргызстан 2002-жылдагы Аксы окуясынан баштап, төрт ашууну ашып, азыр бешинчи ашуунун белине тырмалаңдап чыгып бара жатабыз деп мүнөздөдү.

Эмилбек Каптагаев

"Бул эгемендик жолундагы кыргыз эли басып өткөн жол, бири-бирин шарттаган, бири-биринин логикалык уландысы болгон ашуулар. Бардыгы тең тарыхый бир процесстин, элибиздин жол тандоо аракетинин чубалжыган чынжырынын бири-биринен ажырагыс бөлүктөрү. Бешинчи ашууга карай жол ушул жылдын февраль айында башталды. Күтүүсүздөн катуу башталды. Мурдагы төрт ашууну элдин духу, элдин күчү менен ашсак, бул жолу өлкөнү ашуунун белин карай президент Садыр Жапаров өзү баштап жөнөп калды. Кош бийлик жоюлду, генерал Ташиев кызматтан кетти, бийликти басып алуу аракети боюнча айыпталып сот жообуна тартылды. Азыркы жүрүштүн өзгөчөлүгү мына ушунда. Акыркы беш жылда коррупцияга каршы, кылмыштуулукка каршы күрөш катуу жүрүп келе жаткандай болгон. Бул иш коомчулукта кеңири колдоого ээ болгон. Бирок нааразычылык айрыкча акыйкаттык, калыстык анан жасалып жаткан иштердин ачыктык маселелери, сот адилеттиги, сөз эркиндиги боюнча көп. Коопсуздук кызматынын үстөмдүгү орноп калгандай, коомду кандайдыр бир кара туман каптап бара жаткандай сезим көп эле адамды думуктургансып бара жаткан. Көрсө, чынында эле коррупцияны талкалайм дегендер өздөрү коррупцияга белинен батып, өлкөдө укуктук тартипти, укуктук маданиятты калыптандырам дегендер тетирисинче укуктук башаламандыкты орнотуп жатышкан турбайбы. Бешинчи ашууну кандай ашабыз, чынында эле ашып кете алабызбы, өз жолубузду табабызбы же буюгуп-куюгуп кайра ылдыйга, “бийлик жүргүзүү” дегендин мурдагы эле калпыс жолуна түшүп кетебизби? Бул президент Садыр Жапаровдун саясий жана адамдык эркинен көз каранды, анын келечекти көрө билүүсүнөн көз каранды”, - деди Эмилбек Каптагаев.

Өткөн аптада Бишкекте “Ырыс Ордо” конгресс борборунун ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө президент Садыр Жапаров өнүгүүнүн пайдубалы элдин биримдиги экенин айтып, эгемендүүлүк алган жылдардан бери жакшы өрнөк болбогонун айтты:

Бишкекте "Ырыс-Ордо" мамлекеттик конгресс борбору курулду. Жалпы аянты 39 миң чарчы метрден ашат жана бир учурда эки миңден ашуун кишини кабыл алат. 24-август, 2026-жыл

“Учурдан пайдаланып, жалпы эле жаштарга бир насаат айта кетейин деп турам. Мына ушул залда эгемендүүлүк алган 35 жылда “мен саясатчымын”, “мен чын өнүктүрөм”, “мен кыйынмын” деген дөө-шаалардын 100 пайызы чогулуп отурабыз. Эгемендүүлүктү алган 35 жылда биз бири-бирибиз менен акыйнек айтышып, болор-болбос маселелерге демагог болуп, популисттик куру кыйкырык кылып, бири-бирибизге жалган жалаа жабыштырып, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп келдик. Бирок мамлекетибиз жарытылуу жакшылыкка, ийгиликке жетишкен жок. Ошондуктан сиздер, урматтуу жаштар, биздин муундун ушундай терс жагынан үлгү албай, жакшы жактарынан үлгү алып, ынтымактуу жана биримдиктүү болуп, келечекке ишенимдүү көз караш менен карап, күчтүү Кыргызстанды курууну улантып кетишиңиздер керек. Биз куруп жаткан жаңы Кыргызстан бир адамдыкы же бир бийликтики эмес, ал баарыбыздыкы, жалпы элдики, жамы журттуку! Ынтымагы бекем, руху бийик, жаркын келечегине ишенген ырыстуу өлкөнү бирге куралы”, - деди президент Жапаров.

Кыргызстандын калкы мыйзамды жөнөкөй адамдан президентке чейин бирдей сактаган, укуктун үстөмдүгүн орноткон өнүккөн мамлекет куруу кыялы менен келе жатат. Өлкө бийлиги шайлоо системасын болушунча жакшыртып, көпчүлүктүн тандоосуна шарт түзгөнүн айтып келүүдө.

Белгилүү тарыхчы, тарых илимдеринин доктору Аалыбек Акунов Кыргызстандын 30 жылдык тарыхына арналган үч томдук тарыхый эмгектин автору.

“Демократия - биринчи шайлоодон башталат. Шайлоо көпчүлүктүн тандоосу. Көпчүлүк ким дегенди аныктап бериш керек да. Элдин көпчүлүгү кайсыл тарапта дегенди билиш үчүн референдум же шайлоо өткөрөт. Демократиянын негизги түзүүчүсү - добуш берүү. 35 жылдан бери бир да жолу таза шайлоо өткөн жок. Демек, демократия болгон жок. Мыйзамдуу жол менен көпчүлүк аныкталган жок”, - деп айткан буга чейинки “Азаттыкка” курган маегинде.

Коомдук ишмер, “Кыргыз Туусу” басылмасынын редактору Алмаз Кулматов буга чейин түрдүү моделдерди ээрчиген Кыргызстандын азыр максаты анык дейт. Бирок өлкө дале изденүү жолунда экенин айтууда.

“Ар түрдүү моделди туурап көрдүк. Уңгу жолун эми тапкандай болду көрүнөт. Арийне, өлкө али да изденүү жолунда. Түпкүлүгү багыт анык эле, максаттар айкын, бирок ишке ашыруу – акыл таймаштын, тынымсыз кармаштын иши”.

Өлкө мыйзамдарында саясатчылардын, мамлекеттик, коомдук жана саясий институттардын юридикалык, административдик, материалдык жоопкерчилиги кеңири көрсөтүлгөнү менен эгемендик жылдардан бери эле саясий жоопкерчилик калыптанбай келгенин айткандар бар. Ошондуктан элде дайыма “буга ким ким жооп берет” деген суроо жоопсуз келген. Азыркы бийлик Кыргызстанда саясий жоопкерчиликти толук моюнуна алганын башынан эле айтып келүүдө.

Дүйнөдө саясий жоопкерчиликтин теократиялык, автократиялык жана шарттуу түрдө демократиялык үлгүлөрү бар.

Экономика жана эркиндик

Борбордук Азиядагы эң демократиялуу өлкө деген репутацияга ээ болгон Кыргызстан соңку мезгилде “сөз эркиндигине, саясий эркиндикке болгон кысым күчөдү” деген сындарга кабылды. Бийликти сындаган пикирлери үчүн кылмыш иши козголуп, соттолгондор болууда. Айрым медиалар жабылып, бийлик өкүлдөрү эркин, көз карандысыз медиаларды “массалык башаламандыкка үндөп жатат” деп айыптаган. Ошол эле маалда медианын ишмердүүлүгүнө таасир эткен бир нече мыйзам кабыл алынды. Бийлик болсо эркиндик менен жоопкерчилик бирдей жүрүшү керек деп эсептеп, ээнооздук стабилдүүлүккө доо кетирет деп чочулайт. Коомчулукта болсо экономиканы өнүктүрбөй туруп, эркиндик тууралуу сөз кылуунун кажети канчалык деген риторика күчөдү.

Кыргызстандын экономикасы соңку эки жылда 11% жогору өсүш менен чыкты. Дүйнөдөгү соңку жылдардагы геосаясий кырдаалды эске алганда, көптөгөн өлкөлөрдө экономикалык өсүш майда арыштар менен эле саналууда. Кыргызстандын секириги өлкө ичинде дагы, сыртында дагы талданып, оптимисттик маанайды жаратты.

Каржы министрлиги экономиканын өсүшү быйылкы жылы бир кыйла басаңдап, 8,7% чейин түшүшү мүмкүндүгүн болжоп турат. Мекеменин 2027-2031-жылдарга карата фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча материалында ушундай жазылган. Мындай маанайдагы расмий эсеп соңку 4-5 жылдан бери алгачкы жолу болуп жатат.

МезгилӨсүү темпи
2026-жыл (божомол)8.7%
2025-жыл11.1%
2024-жыл11.5%
2023-жыл9.0%
2022-жыл7.0%

Кыргыз өкмөтү 2022-жылдан тарта өрүш тарта баштаган экономиканы 2030-жылга чейин жыл сайын 10-12% кем эмес өстүрөбүз деп жар салып келген. Маселен, Акылбек Жапаров өкмөттү жетектеп турганда “Экономикалык керемет – 2030” деген стратегиясы бар экенин, аны “Илбирстин секириги” деп да атай турганын айтканы бар. 2030-жылга карай ички дүң продуктунун көлөмү 30 млрд долларга жетет деп белгилечү.

Эксперттер экономикалык өсүштүн басаңдоосун инфляция менен байланыштырууда. Ушу тапта инфляциялык көрсөткүч 11,7% болуп турат. Каржы министрлиги соңуна чейин 11% болот деп болжоодо. Бул экономиканын тармактарынын өсүш темпинен караганда бир кыйла жогору. Маселен, быйылкы жети айда 2025-жылдын ушул мезгилине караганда кызмат көрсөтүү, өнөр жай жана иштетүү өндүрүшү батыл өсүп жатканы менен, айыл чарбасы, тоо-кен, транспорт, байланыш, атүгүл соңку жылдары дүркүрөп жаткандай болгон курулуш тармагындагы өсүүлөр инфляциянын деңгээлине жетпей калды.

Финансы министрлиги инфляциянын жогору болушун ички рыноктун импортко көз карандылыгы, чийки заттардын дүйнөлүк баасынын өзгөрүлмөлүгү, коммуналдык кызматтардын тарифтеринин кымбатташы жана ички суроо-талаптын өсүшү менен байланыштырууда.

Ушундай экономикалык өсүштөр менен катар эле менчик укугунун бузулушу, мамлекеттин ашкере кийлигишүүсү, кымбатчылык, жакырчылыктан пайда болгон нааразылыктар бар. Көпчүлүк эксперттер туруктуу өнүгүү үчүн биринчи кезекте укуктар жана эркиндиктер сакталышы керек деген пикирде.

“Менимче дүйнөдө деле өнүгүп келаткан мамлекеттердин алдында ушул бир жагын кысып туруп, экинчи жагын бошотуу, кайсы бир жарандык укуктарды кыскартып туруп, мамлекетке толук бойдон ыйгарып укук берүү деген сыяктуу мисалдар көп. Бул негизинен авторитардык, нукта өнүккөн жана башкарылган мамлекеттердин жүйөсү. Дүйнөнүн көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрүн мисал тартчу болсок, өнүгүү жана жарандык укуктардын сакталышы шайкеш жүрөт. Албетте, ар бир мамлекеттин өзүнүн тарыхы, басып өткөн жолунда ар кандай нерселер бар. Мисалы, Кыргызстанда 2020-жылга чейинки ар кандай катаал жолдорду басып, эл бийликти бир нече ирет алмаштырып көрдү. Анан эң аягында “Саясий партиялар, саясий элитабыздын баарысынын кылган иштери ошол мамлекеттик башкаруудагы башаламандыкка, жоопкерчиликсиздикке, алсыздыкка алып келди” деп, “бийликтин баарын жана жоопкерчиликти бир муштумга, бир колго үйгөндө өнүгүү болот” деген риторика пайда болду. Ар кандай каатчылыкты, саясий туруксуздукту, экономикалык өнүгүүнүн болбой жаткандыгын, коррупциянын өтө тереңдеп кеткендигин байкап келген жана ошонун башына өткөрүп келген коом үчүн мүмкүн “ушундай эркиндикти токтото туруп деле өнүгүп алалы” деген туура көрүнгөн болушу мүмкүн. Бирок азыр көрүп жатабыз эркиндиктин болушу жана жарандык укуктар эч кандай өнүгүүгө тескери эмес, аларга байланыштуу да эмес. Негизи ал укуктардын өзүнүн орду, баалуулугу бар экенин эл деле түшүнүп турат”, - дейт саясат талдоочу Эмилбек Жороев.

Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында ички дүң продукцияны 30 миллиард долларга чейин көбөйтүү (бул ИДПнын номиналдык өсүш темпин жыл сайын 8–10% деңгээлинде сактоону талап кылат), жаңы жумуш орундарын түзүү, индустриалдаштыруу, айыл чарбасын жана агроөндүрүш тармагын өнүктүрүү, туризм, энергетика, транспорттук коридорлор жана экспорттук потенциалды жогорулатуу, ошондой эле административдик-аймактык реформанын экинчи этабын өткөрүү сыяктуу пландары камтылган. Мындан тышкары, билим берүү жана саламаттык сактоо системаларын өркүндөтүү сыяктуу социалдык маселелерге көңүл бурулары айтылган.

Дагы караңыз

"Threads'теги жазганы үчүн". Атайын кызмат эки кишини камады

Айрым эксперттер мунун менен катар эле сөз эркиндиги, саясий эркиндиктер, адам укуктарына дагы олуттуу көңүл бурулуп, мамлекеттик институттардын иши ушуга багытталышы керек деп эсептешет.

Май айында "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму басма сөз эркиндиги боюнча жаңы докладын жана 180 өлкөнүн рейтингин жарыялаганда Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыга салыштырганда эки баскычка ылдыйлап, 146-сапка жайгашканы белгилүү болгон.

Эдил Байсалов

“Демократия биздин өзүбүз үчүн керек. Бирөөгө жагыныш үчүн же бирөөнүн рейтингине кириш, же бирөөнүн алкыш мактоосуна биз муктаж эмеспиз. Демократия бул өзүбүзгө керек. Биз эркиндикти сүйгөн элбиз. Биз түз айтабыз, түз жүрөбүз, тазалыкты, тартипти, тунуктукту талап кылган элбиз. Ошондон улам мына азыркы президентибиз мамлекеттик кирешени үч эсе көбөйттү. Мунун бардыгы натыйжалуу, жанагы ак ниет башкаруу деген сөздөр бар эле го. Мына бул ак ниет башкаруу болбогондо, анда эмне?” - дейт "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстандын АКШдагы элчиси, президенттин эл аралык демилгелер боюнча өкүлү Эдил Байсалов.

Кыргызстанда мурдагы бийликтердин тушунан бери эле саясий себептер менен саясатчы-активисттер кармалып, камалган учурлар болгон. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өлкө башына келген бийликтин тушунда да ондогон адамдар ар кандай иштер боюнча камалып чыгышты.

“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашык жарандын ишин тизмектеген. Башка басылмалар болсо пикири үчүн соңку төрт-беш жылда 140 киши камалып же куугунтукка алынганын эсептеп чыккан.

Өлкө бийлиги адам укуктары, сөз эркиндиги жаатында эч кандай басым-кысым, куугунтук жок экенин, мыйзамдуулуктун үстөмдүгү гана орноп жатканын айтып келүүдө. Экономикадагы өсүштөр өлкөнүн эгемендигин чыңдап, элдин жашоо-шартын жакшыртууга, жакырчылыктан сууруп чыгууга, сазга олтуруп калган тармактарды бутуна тургузууга мүмкүндүк берерин, ал үчүн өлкөдө туруктуулук болушу керектигин айткандар көп.

Дагы караңыз

"Өз оюмду айткам". Мавлян Аскарбековдун иши сотко өттү

Жакында эле журналист Али Токтакуновдун YouTube каналына курган маегинде президент Жапаров камалгандар бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, "мыйзамдын негизинде камалып жатат" деген пикирин айтты.

"Мыйзамдар түзүлдү, жоопкерчилик алышты. Туура эмес маалымат таратсаң, бирөөнүн беделине шек келтирсең жооп бересиң деп. Аларды мен каматкан жокмун да, "кама" деп дагы айтпайм, мыйзам каматат. Аларды суроо - Ички иштер министрлигинин, УКМКнын милдети. Тартип деген болуш керек. Тартип болбосо, мамлекет чачырап кетет. Айрым учурда 5-10 суткага камашы мүмкүн".

Мамлекеттик институттар: Ачык-айкын система

Кыргызстандын эгемендүү тарыхындагы бир нече окуялар өлкөдө мамлекеттик институттар алсыз экенин айгинелеген. Кыргызстан мамлекеттик институттарды чыңдап, ролун күчөткөн система кура элек дейт көпчүлүк эксперттер. Ошондуктан мыйзамдуулукту сактаган институттарды чыңдап, өлкөнүн өнүгүшү туруктуу болушун камсыздоо сыяктуу иштер жүрүшү зарыл дейт саясат талдоочу Эмил Жороев.

“Ушул жагдайда анчейин жакшы жетишкендиктерибиз болбой калды. Мунун себеби так ошол беш жыл сайын, он жыл сайын бийлик алмашуунун натыйжасы десек болот. Мисалы, беш жылдан бери күчтүү президенттик формага өттүк, өзгөрүүлөр болуп жатат дегенибиз менен бул мамлекеттик институттардын эмес, конкреттүү эки кишинин аркасынан болгон жетишкендиктер. Буга чейин президент мунун артында Жапаров менен анын тандемдеши Камчыбек Ташиев турду. Азыр болсо президент Жапаров өзү туруп жатат. Канткенде дагы бул өзгөрүүлөр жеке кишилердин дараметине, көз карашына, аракетине жараша болуп келет. Буга чейинкилер деле так ушул сыяктуу эле бир кишиге байланып келген. Бул деген мамлекеттик институттардын алсыздыгын, туруксуздугун, көбүнесе күчтүү фигуралардын, саясатчылардын ыңгайына, кызыкчылыгына жараша бурулуп да кете берүүсүн чагылдырып келди. Институттардын күчтүү болуусун бир жылда, беш жылда дагы көрүү өтө кыйын. Бул институттар качан күчтүү болот? Бул узакка туруктуу иштегенде гана болот. Андыктан ушул жагына келгенде тилекке каршы, Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында мындай мамлекеттик инстуттарды чыңдай албады”.

Саясатчы Бектур Асанов өнүгүү үчүн биринчи кезекте адилеттүүлүк камсыздалышы керек жана аны мамлекеттик инстутуттар күчтөнүп, көзөмөлдөп, ролун жогорулатышы зарыл деген пикирде.

Бектур Асанов

“35 жылда мамлекет катары бир топ калыптандык. Кагылып-согулдук, бир канча жолу бийлик алмаштырдык. Туруктуулук, мамлекеттүүлүк бизде калыптана баштады деп айтсак болот. Ыңкылап артынан ыңкылап болгондо кулап калган жокпуз. “Булар экиге бөлүнүп калат, үчкө бөлүнүп калат”, “башаламандык токтобойт” деп айтышкан. Баарынан чыгып баратабыз. Өнүгүү үчүн биринчи адилеттүүлүк камсыздалышы керектигин түшүндүк. Мамлекеттин институттарды чыңдалып, ошол эле сот адилеттүүлүгү болушу керек. Өзүн-өзү башкарууда, саясий күрөштө, экономиканы башкарууда дагы адилеттүүлүк, ачык-айкындуулук зарыл. Биринчи биз ушул адилеттүүлүктү орнотуп, мамлекеттик институттарды бекемдемейинче экономика өнүкпөйт. Ооба, кээ бир диктатордук өлкөлөрдө мамлекеттер өнүгүп жатат, байып жатат. Аларда мунай бар же газ аз бар. Авторитардык жол менен байыган бир дагы өлкө жок. Жаран болобу, ишкер болобу мамлекетке ишеним болушу зарыл. Инвестор дагы адилеттүүлүк болсо анан акча салат. Айрым ишкерлер бизнеси чет жактарга жака которуп, ошол жактан мүлк алып жатпайбы. Бул деген мамлекеттик институттарга ишенбегендик. Акча салсам, эртең муну жоготуп алам деген коркунуч. Акыркы убакыттарда өтө катуу баягы “кустуруу” деген саясат менен тилекке каршы биз инвесторлорду коркутуп алдык. Мунун келечеги жакшы эместигин көрдүк”.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы кыргызстндык күйөрмандар. 2024-жыл

Эгемендиктин чыңдалышы

Кыргызстан быйыл тарыхында биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Өлкө Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт. Коопсуздук кеңеши эл аралык тынчтык жана коопсуздук маселелерин караган БУУнун негизги органы болуп эсептелет. Анын курамына беш туруктуу жана ар бир эки жылда алмашып турчу он мамлекет кирет. Кыргызстандын бийлиги бул окуяны “өлкөнүн эң маанилүү жетишкендиктеринин бири” жана “тарыхый жеңиш” деп атады. Кыргызстан үчүн мындай жетишкендиктер албетте эгемендикти чыңдап, сырткы кийлгишүүлөрдүн таасирин азайтат дейт эскеперттер.

“Тышкы дүйнө, асыресе ири мамлекеттер жана күчтөр тике жана кыйыр таасир этүүгө умтулмагы түбөлүк жана универсал көрүнүш. Ичте-тыштагы ар бир окуяда алардын таасири сезилип турат. Андан тышкары, коңшуларыбыз гана эмес, бизден кыйла алыс жердеги субъекттер менен окуялар бизге тике жана кыйыр таасир этип турат. Устаранын мизинде оодарылмагы анык, чырмалышкан жана чыры арбын дүйнөдө эч бир мамлекет сырткы таасирден оолак эмес. Эгемендик мезгилде Кыргызстан эл аралык аренада өзүн жоопкерчиликтүү мамлекет катары көргөзө алды. Эми БУУнун Коопсуздук Кеңешине убактылуу мүчө болдук. Башкасын койгондо да ушул статусту колдонуп, сырттагы процесстерге биз таасир этишибиз кажет. Мамлекеттин ролу, аброю жана таасири анын аймагынын көлөмү же калкынын санына эмес, анын саясатына жана аракеттерине жараша болот. Мамлекеттин суверендүүлүгү жана көз карандысыздыгы күн сайын, бардык жерде, керек болсо, ар бир адамдын тагдырында сыналат. Суверендүүлүк - бул ири алдыда жоопкерчилик. Атактуу Периклдин "Афины өз жаранынын эч бир жерде кор кылбайт, өлсө сөөгүн айталаага таштабайт" дегени суверендүүлүктүн формулаларынын бири”, - деди коомдук ишмер, “Кыргыз Туусу” басылмасынын башкы редактору Алмаз Кулматов.

“Мындай аракеттер эгемендиктин күчтөнүүсүнө шарт түзүп жатат десек болот. Албетте, дүйнөдөгү 193 эгемен мамлекеттин арасында кээ бирлери формалдуу түрдө эгемендүү болгону менен мамлекет катары өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү чектелген, көбүнчө бир чоң мамлекеттин кошунасы болсо же күчтүү бир мамлекетке көз каранды болсо ошонун гана көзүн карап калгандары бар. Биз деле кезинде ошондой тобокелдиктерге жакындаган учурларыбыз болгон. Менимче, азыркы кезде эгемендик күчтөндү жана мурдагы абалыбызга караганда дагы бекем болду десек болот”, - дейт талдоочу Эмилбек Жороев."

Дагы караңыз

2025-жыл: Чек аранын чечилиши, Борбор Азиядагы коопсуздук

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу дагы жалпы эле Борбор Азия чөлкөмү үчүн ири транспорттук демилгелердин бири болуп саналат. Кыргызстанга дагы экономикалык эркиндикти берген долбоор катары саналууда. Жаңы темир жол Кытайды Борбор Азия менен, андан ары Жакынкы Чыгыш жана Европа менен байланыштырат. Мында бийлик башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын транзиттик дарамети бир кыйла артарын күтүп жатышат.